Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

К.Раимкул уулу: А.Бекназаровдун өкмөттө туруму жок


Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров.
Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров.

Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнүн айланасында коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Раимкул уулу "Азаттыкка" өз пикирин билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүштөр азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда мурда эле болгон ажырымды ачыкка чыгара баштады.

-Бүгүн вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров президенттин кадрдык жүрүшүнө каршы экенин билдирди. Ал "акыркы дайындоолордун артында саясий ири күчтөрдүн кызыкчылыгы бар" деп айтты. Кеп кайсы саясий күчтөр жөнүндө болуп жатат?

- Мен муну саясий ири күчтөрдүн таасири менен болду деп эсептебейм. Мен бул Бекназаровдун жеке, өзү чыгарган ою деп ойлойм. Биз Бекназаров менен коомдук парламентте чогуу болгонбуз. Деги эле биз 2006-жылдан бери чогуу эле жүрөбүз. Анын деңгээлин биз жакшы билебиз. Азыркы мезгилде өкмөттө анын кандайдыр бир позициясы жок.

- Эмне себептен ал дайындоолорго карата өзүнүн каршылыгын билдирип жатат? Башкы прокурордун алмаштырылышы аны эмне үчүн мынча тынчсыздандырып жатат?

- Бул деген Бекназаровдун чычалагандыгы. Анткени ал өзүн көрсөтүш үчүн, өзүнүн бар экендигин айтыш үчүн, дагы эле сөзү өтүмдүү экендигин билдирип коюу үчүн аракет кылып жатат. Бирок анын убагы өтүп кетти.

- А.Бекназаровдун айтымында, президент Р.Отунбаева мурдагы ички иштер министри Кубатбек Байболовду ишти жакшы тартып кете албай аткандыктан Башкы прокуратурага жылдырган. Анда ИИМде ишти тартып кете албай жаткан жетекчини башкы прокуратурага тартуунун кажети бар беле?

- Бул өтө чоң жаңылыштык. Эгер ал Бекназаров өзүн жогорку деңгээлдеги саясатчы, юрист же азыркы вице-премьер-министр деп эсептесе ал минтип айтпашы керек эле. Анткени көптөн бери алар Кубатбек Байболов менен чогуу үзөңгүлөш болуп жүргөн адамдар. Анын айтканы, менимче, туура келбейт. Кубатбек Байболов жакшы иштедиби, жаман иштедиби, анын которулганы туура эле. Бирок мен негизи эле Отунбаеванын кадрдык саясатын мен такыр жактырбайм. Мына ИИМдин министри эле апрелден бери 3 ирет алмашып жатат. Бул туура эмес. Бирок жеке Кубатбек Байболовдун башкы прокурор болушу, Зарыл Ирсалиевдин ички иштер министри болушу туура эле. Алар тепкичтердин баарынан өтүп келишкен, татыктуу эле деп эсептейм.

- Негизи эле азыр президенттин өзү чечим кабыл алып кадрдык жүрүштөрдү жасап жаткандыгы, А. Бекназаровдун каршылыгы – бул көрүнүштөр өкмөттүн ичиндеги бир ажырымдын башталышынан кабар бербейби?

- Ажырым бул жеринде эле болгон. Анткени Бириккен элдик кыймыл түзүлгөндө коомдук парламенттен ал жакка мен жана мага окшогон адамдар барбай койгонбуз. Биз алардын ортосундагы ажырымды тээ мурда эле билгенбиз. Азыр биз ошонун жыйынтыгын көрүп жатабыз. Ажырым мындан да көп болот. Булар Кыргызстандын келечегин туура эмес нукка буруп жатышат.

- Азимбек Бекназаров президент менен анын ортосундагы мамилени бузуш үчүн бир чагымчыл күчтөр аракет кылып жатат деп айтты. Чын эле ушундай күчтөр барбы?

- Жок, андай деле жок. Бекназаров ошондой ойлоп жатат. Роза Отунбаева кантсе да президент эмеспи. Анын жанагыдай кадамга барышы туура эле чечим деп ойлойм.

- А. Бекназаров техникалык өкмөттүн курамына киргенден Ички иштер министрлиги менен Жаза өтөө башкы башкармалыгынын иштерин да көзөмөлдөп калды. Буга чейин ал көзөмөлдөгөн сот, прокуратура президентке баш ийип калды. Мындай кадамды Бекназаровду алсыратуу аракети катары карасак болобу же бул кадам чын эле президенттин кадыресе эле кадамыбы?

- Президент өзүнө берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Конституцияга таянып, бир жакшы иш кылып, кадрды оңдоюн деп аракет кылып жатышы мүмкүн.

- Деги эле ушундай келишпестиктер, дайындоолар алдыдагы келе жаткан шайлоого терс таасирин тийгизбейби?

- Негизи шайлоого өтө эле таасир берет. Чоң кызмат алмашуулар болуп жатат. Коомдук парламент буларга каршыбыз. Биз буларды легитимсиз деп эсептейбиз. Биз ушундай болорун күткөнбүз. Мындан да жаман болушу мүмкүн. Булар ушинтип отуруп Кыргызстанды оор кырдаалга такап коебу деп тынчсызданып жатабыз. Биз да өзүбүздун кадамдарыбызды жасайбыз. Булардын бийликти башкарып жатканына карата коомдук парламент жакында өзүнүн кадамдарын жасайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG