Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

А. Мониев: Сын айткан журналистти бийлик сындырып коет


Кыргызстан журналисттер үчүн кооптуу өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Бул теманын айланасында көз карандысыз журналист Абдувахап Мониев ой-пикир бөлүшөт.

- Кыргызстанда журналисттерге кол салуу, өлтүрүү иштери жыл өткөy сайын күчөп келе жатканы белгилүү. Сиз кандай ойлойсуз, буга эмне себеп, журналисттердин эле сабатсыздыгыбы айрым бир бийлик адамдары айтып жүргөндөй, же кандайдыр бир башка себептер барбы?

- Эми эгерде өлкөдө мыйзамсыздык болсо, журналисттердин сабатсыздыгынын артынан көз жумулуп жатат, мыйзамсыздыктын артынан ушундай болуп жатат деп айтып шылтоолоп койсо болот. Кайсы өлкөдө, кайсы коомдо болбосун, эгерде журналисттер куугунтукталып жаткан болсо, өлүмгө учураган болсо, кандайдыр бир материалдык жагы болсун, же болбосо жабыр тарткан болсо бул Кыргызстанда мыйзамдуулуктун жоктугунун гана белгиси болушу керек. Муну баардыгы моюнга алат деп ойлойм. Эгерде муну мойнуна албаса, анда биздин кыргыз коому коом эмес.

- Кабарларда айтылгандай кечээ ырчы Сагынбек Момбековду белгисиз бирөөлөр унаага күчтөп салып алып кетишкен. Туугандары мунун артында бийлик турат деп билдиришүүдө. Сиз жакшы билесиз С.Момбеков саясий ырларды, бийликтин аракеттерин ачуу сынга алып ырдап жүргөн киши. Ырчынын жоголушу шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозициянын эртең уюштура турган митингге байланыштуу болушу мүмкүнбү?

- Сөзсүз түрдө байланыштуу болушу мүмкүн. Сагынбек Момбековду мен эле эмес, Кыргызстан журтчулугу калыстыкты, чындыкты ырдап жүргөн кыргыздын патриот адамы катары баары билет деп ойлойм. Эртең мүмкүн табылып калар. Бирок бизде тирүүлөй жоголуп, тирүүлөй өлтүрүлүп атпайбы кыргыздын журналисттери.

Мисалы, мен Алмаз Ташиевдин тагдырын айтат элем. Ташиев оппозиция болуп Бакиевдин бийлигин сындаган жок, ал журналист болчу, болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй жазчу. Бирок көрдүңөрбү милиция кызматкерлери ушунчалык одонолук менен, бизге эч ким тийише албайт, биз каалаганыбызды кыла берсек болот деген ушунчалык көпкөндүк деңгээлде аны калаагандай уруп-согуп, өлтүрүп ташташкандыгын экспертиза дагы, сот дагы аныктап атат. Биз журналисттер ошого кайдыгер карабашыбыз керек.

- Кыргызда дегеле элчи менен ырчыга өлүм жок деген жакшы сөз бар. Бирок сиз айтып кеткендей ырчыны дагы белгисиз бирөөлөр кармап алып кетип атышса, журналисттер көз жумуп жатса, бул азыркы бийликтин күнөөсү бар буга деп айтууга мүмкүнбү, же болбосо коомчулуктун?

- Бул суроонун өзү кызык. Биздин коомдо азыр баардыгы мүмкүн. Мен бир гана мисалды айтып кетейин. Медет Садыркулов деген мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси кандайдыр бир себептер менен өлдү. Ошонун өлүмү жөнүндө интернет сайттарга чыгыптыр. Ошону жаап жашырып атышат.

Бир нерсени айткым келет, анын кимдер тарабынан, кантип өлтүрүлгөнү бүт кыргызстандыктарга убагында эле белгилүү болгон. Ошол белгилүү фактыны бир дагы кыргыз журналисти ачык айтканга дааган жок. Бир дагы телерадио компания, бир дагы гезит мындай болгон деп айтканга дааган жок.

Көрдүңөрбү бул жерде Бакиевдин бийлиги, Акаевдин бийлиги жаман дегенден башка бул жерде конкреттүү түрдө биз бийликке болсун, башкага болсун сын айта албай жатканыбыздын бир себеби ушул болуп атат. Бтз айта албайбыз азыр. Эгерде сын айткан журналистти сындырып коет.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG