Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Үгүт өнөктүгү: сыйрылган баракчалар


Айрым партия өкүлдөрү жол боюна илинген үгүт баракчалары айрылып жатканына даттанышууда.

Айрым партия өкүлдөрү жол боюна илинген үгүт баракчалары айрылып жатканына даттанышууда.

Парламенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталган үч күн ичинде айрым партия өкүлдөрү көчөлөрдөгү чаптама жарнактары алынып салынганына нааразычылыктарын билдиргенге да жетишти. Шаар бийлиги көрнөк-жарнактарды кайсы жерге илүүнүн тартиби бар экенин эскертүүдө.

Үгүт иштери башталган 10-сентябрдан бери Бишкектин көчөлөрү партиялардын түркүн түстүү жарыяларына, чаптама жарнактарына жана ураандарына толуп чыкты. Көчө бойлой жайкашкан мамыларда жана имараттардын дубалдарында эң жок дегенде эки-үч партиянын үгүт жарнактарын табууга болот. Автоунаалардын айнектерине чейин партиялардын жарнактары жайылып, үналгы жана сыналгыларда ураандары жаңырууда. Айтор саясий партиялар билек түрүнүп, Жогорку Кеңештен орун табуу үчүн колунан келишинче белсенип иштеп жатышкан чагы.

Мамиле баарына тегизби?

Анткен менен айрым партия өкүлдөрү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө илинген жана чапталган үгүт баракчалары сыйрылып кеткенин айтышууда. “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов үгүт иштеринин экинчи күнүндө партиянын Манас көчөсүн бойлой мамыларда, дубалдарда чапталган баракчалыр Бишкек шаардык “Тазалык” муниципиалдык мекемеси сыйрып салганын айтат:

- Силердин чаптаган кагазыңар айдоочулардын көңүл буруп, алаксытып жатат дейт. Эмне үчүн башкалардыкы алаксытпай да, биздики алаксытат имиш. Мурда “Алга Кыргызстан” менен “Ак жолго” иштеп жүргөн, шаардык бийликте иштеп жүргөн бийликтин айрым төбөлдөрү кайра эле эски ыкмага салып, азыр бир бийликчил партияны таңдап алып, ошонун арыгын чаап жатат.

Эдил Байсалов бул көрүнүштүн артында кайсы бир мамлекеттик кызматкерлер бир партиянын камчысын чаап, алга сүрөө аракети жатышы мүмкүндүгүн айтат.

Анткен менен Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаардын айрым аймактарында кээ бир партиялардын үгүт жарнактары белгиленген мөөнөттөн эрте чапталган учурлар болгон. Айрыкча көрнөк-жарнактары жайгаштыруунун жол-жоболоруна туура келбеген, шаардын көркүн бузуп туш келди чапталган жарнактар сыйрылып тазаланган. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Муса Коңуров шаарды таза кармоо аракетин административдик ресурстарды колдонуунун жолу катары кароо мүмкүн эмес деген ойдо:

- Үгүт кагаздарынын ар биринин өзүнүн орду бар болот. Аны уруксат алып туруп чаптоо керек. А тигилер болсо көз көрүнө жерге элек баарын тен чаптай беришкен. Мындан улам “Тазалыктын” өзүнүн кызматы бар. Жарнактар партияга карайбы, циркке карайбы тазаланат. Бул кайсы бир партияны алып салабыз деп көздөлгөн максат эмес. Бул “Тазалык” мекемесинин иши.

Айдоочулар алаксыбайт...

Тажрыйбалуу айдоочулар үгүт баракчалары алагды кылбастыгын айтышууда.
Ошол эле учурда үгүт жарнактары айдоочуларга таасирин тийгизип, ар кыл кырсыктарга жол ачышы мүмкүндүгү да белгиленип жатат. Ал түгүл партиялардын жол бойлой жайгашкан жарнактарынын алынышы айдоочулардын коопсуздугун сактоонун амалы катары айтылып келет. Чындап эле шайлоо өнөктүгү башталып, көрнөк-жарнактардын көбөйүшү айдоочуларды алаксытабы?

Шаар көчөлөрүндөгү айдоочуларды кепке тарттык:

Бакыт: - Мага эч кандай таасирин тийгизбейт да чынын айтсам. Балким жаңы үйрөнүп жаткан айдоочулар алаксып калабы... Ким билет? Бирок адис айдоочуларга таасири деле тийбейт.

Саламат: - Эми булар партиялардын колунан келгенин көрсөтүп илип жаткан нерселери. Бирок алар айдоочуларга таасирин тийгизиши мүмкүн эмес.

Сүйүнбек: - Бул баракчалар жаңы үйрөнчүк айдоочуларга таасирин тийгизиши мүмкүн. Алар эмне, тигил, бул деп жатып алаксып калышы мүмкүн...

"Баарын эмес, бир партияныкын калтырып коюуда деп жатышат"...

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери үгүт иштери бузулду деп айрым саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине кайрылышкан. Алардын ичинде көрнөк-жарнактарым сыйрылып кетти дегендер менен бирге эле, атаандаштарын үгүт иштерин мөөнөтүнөн эрте баштап, ашыгып кетишти деп айыптагандары да болгон.
БШК төрагасы Акылбек Сариев

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев партиялар биринчи кезекте уруксат менен гана мыйзамдын чегинде көрнөк-жарнактарын чапташы керектигин белгилейт:

- Үгүт кагаздарын сыйрып жатат деп бирөөлөр кайрылышты. Бизде муниципиалдык “Тазалык” деген ишкана бар. Жанакы аялдамалардагы, мамылардагы үгүт жарнактарды сыйрып жатышат дейт. Баарыныкын эмес, ошонун ичинде бир партияныкын калтырып коюп жатат деп жатышат. Сыйрыганы бир четинен туура. Анткени муниципиалдык ишкана өзүнө тиешелүү жерлерди тазалап жатат. Мен ошолорго айттым, ал жерге чапташ үчүн келишим түзүш керек, муниципиалдык ишкана менен. Акчасын төлөш керек. Уруксат берилсе илинип турат. Жөн эле илине бергенде өздөрү тарабынан мыйзам бузуу болбойбу?

Шайлоо кодексинде жазылгандай саясий партиялар мыйзамдарда белгиленген тартипте басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын тоскоолдуксуз чыгарууга жана таркатууга укуктуу. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, тарыхый, маданий, же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссиялары жайгашкан имараттарга, добуш берүүчү бөлмөлөргө чаптоого тыюу салынат. Бул эрежелерге баш ийбеген талапкерлерге эскертүү берилет. Кодекстин талаптарына ылайык, кайсы бир партия үгүт иштеринде бир нече жолу мыйзам бузууларга жол бере турган болсо ал партия шайлоого катышуу укугунан ажырап да калышы мүмкүн. 10-сентябрда башталган үгүт иштери добуш берүү күнүнө 24 саат калганда аяктайт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG