Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин аныктады. Ага ылайык жалпы 29 партиянын талапкерлери депутаттык орун үчүн ат салыша турган болду. Анткен менен парламентке барам деп белсенип жаткан талапкерлердин деңгээли жана дарамети коомчулукта күмөн суроолорду жаратып, шек саноолорго себеп болууда.

Шайлоого катышам деп бел байлаган партиялардан 3400дөн ашык талапкердин тизмеси август айынын акырына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган. Комиссия жалпы 29 партияга шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берип, акыркы беш партиянын талапкерлерин каттап бүттү. Каттоодон өткөн партиялар менен бирге буга чейин кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн партия өкүлдөрү депутаттыкка талапкер макамын алышып, шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканга чейин кол тийбестик укугуна ээ болушту.
Партиялардын тизмесинде бир ишканада иштеген вахтер, кароолчу жана башкаларды да киргизип салган учурлар да болду

Шайлоого бет алган партия талапкерлеринин 25 пайыздан ашыгын убактылуу жумушу жоктор түзүп, алардын көбү келечектеги үгүт иштеринен үмүт этип, депутаттык кызматты эңсеп турган кездери.

БШКга тапшырылган талапкерлердин тизмесинде кылмыш иши козголгон жарандардын болушу комиссия мүчөлөрүн түйшүккө салды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун билдиришинче, бир-эки партияны эсептебегенде буга чейин каттоодон өткөн партиялардын дээрлик көбүндө кылмыш иши козголгон талапкерлер болгон:

- Мындай алып карасак биз үчүн күтүүсүз нерсе болду. Мындай учурлар аябай көп болду. Бир-эки эле партияда жок болбосо калган бардык партияларда бар. Кээ бирлеринин кылмыш иши козголгон бештен-алтыдан кишилери бар. Бул деген албетте кылмышкерлер кирип калды деген сөз эмес.

Шайлоо кодексине ылайык, талапкерге каршы кылмыш иши козголгону менен соттун чечими чыкпагандан кийин БШКнын андай талапкерлерди каттабаганга чарасы калган жок. Талапка ылайык партиялардын талапкерлери 120 кишиден туруп, алардын ичинде бир жыныстагы адамдар 70 пайыздан көп болбошу керек. Айрыкча партияда 35 жашка чейинкилер 15 пайыздан кем болбой, ошондой эле өлчөмдө ар кыл улуттун өкүлдөрү болушу абзел эле. Абдымомун Мамараимовдун айтымында, бул талаптар одоно бузулган учурлар болгон:

- Анан кээ бир партияларда ушундай нерселер кездешти. Партиялардын тизмесинде бир ишканада иштеген вахтер, кароолчу жана башкаларды да киргизип салган учурлар да болду. Жашы 21ден өтө электер да тизмеде кездешти.

Талапкерлердин тизмеси жарыяланары менен эле партиялардын курамында мурдакы бийликтин өкүлдөрүнүн болушу көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал түгүл “Ак жол” менен “Алга Кыргызстандын” атактууларынын депутат болууга ашыкканын сындагандар да болду. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев депутат болууга бел байлагандардын ар кимисинин ар башкача максаты бар экендигине көңүл бурат. Анын айтымында, алдыдагы шайлоодо чындап эле парламенттик башкарууну каалап, өзгөрүүгө жол ачкысы келгендер менен катар эле дасыккан кылмышкерлер да депутаттыкка камданып жатат. Талдоочу партиялардын тизмелерин карап, бир айдан кийин түптөлө турган жаңы парламенттин чоң өзгөрүүлөрдү алып келери күмөн туудурганын билдирет:

- Деңгээли боюнча илимий, саясий, билим жагынан келгенде басымдуу көпчүлүгү “Ак Жол” партиясынан өйдө чыгып кеткен эмес. Кем да калган эмес. Мамлекет түзүү жагынан көз караштары булардыкы чаржайыт. Кээ бир партиялардын курултайларына катышып көрдүк. Ошондуктан бүгүнкү күндө куру сөз, куру ураан, куру тилек. Андан башка чекени жылыта турган эч нерсе жок.

Ошентип 10-сентябрдан баштап парламенттик шайлоо үчүн үгүт иштери башталат. Партиялардын мамлекеттик телеканалдар, гезит, радиолор аркылуу дебаттары жана тегерек үстөлдөрүнүн тартиби 13-сентябрда кагаз кармоо жолу менен аныкталат.

Талапкерлердин дараметине массалык маалымат каражаттарындагы үгүт иштерине карата баа бере тургандар да бар. Анткен менен жаңы түзүлө турган парламент өзгөрүүлөрдү алып келерине үмүт кылгандар да жок эмес. Талдоочу Александр Князев тизмедеги жаңы ысымдардын жаңылыктарды алып келиши мүмкүн экендигин айтат:

-Жарыяланган партиялардын талапкерлеринин тизмеси мени оптимист болууга чакырууда. Анткени тизмеде буга чейин белгисиз болгон адамдардын аттары жүрөт. Алардын деңгээлин азыр айтуу эртерээк. Бирок кандай болгон күндө да шайлоодон кийин элитанын, анын ичинде парламенттин жаңыланары турган иш. Эгер жаңы адамдар келе турган болсо өкмөттө жаңы дайындоолор болоору бышык.

Ошентип алдыда бешинчи жолу парламент чакырылганы турат. Ушул жылдын 27-июнунда кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш 120 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча эң көп добуш топтогон партияга парламентте 65ке чейин гана депутаттык мандат берилет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG