Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Саат 16:00гө чейин референдумда добуш берүү 28,1% болду


Кыргызстанда бүгүнкү референдумга катышып, добуш бергендердин саны саат 16:00гө карата 28,1% болду. Бул тууралуу ушу тапта Өкмөт үйүндө өтүп жаткан пресс-конференцияда биринчи вице-премьер-министр, шайлоо жана референдум боюнча республикалык штабдын башчысы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге добуш бергендердин саны 29,1% болду.

Пресс-конференцияга каттоо, коопсуздук, электр жарыгы, жылуулук, өзгөчө кырдаалдар боюнча жооптуу мекеме башчылары да катышып, маалымат беришти. (RK)

XS
SM
MD
LG