Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Чабагы кармалды, жаяны качан кармалат?


Жалал-Абаддагы башаламандык, 19-май 2010-жыл
Жалал-Абаддагы башаламандык, 19-май 2010-жыл

Жалал-Абад аймагындагы тополоңдорду уюштурду деген шек менен издөөдө жүргөн Санжар Бакиев кечээ Сузак районунда ички иштер кызматкерлеринин колуна түштү. Учурда ал Бишкекке алынып келинип сурак берип жатат. Санжар Бакиевдин кармалышы Кыргызстандын түштүгүндө болгон тополоңдорду уюштургандарды таап, башаламандыктарды токтотууда канчалык деңгээлде салмактуу болоору, кандай натыйжаларды берери көпчүлүктүн көңүл борборунда турган чак.

25-июнь күнү мурдакы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жусуп Бакиевдин уулу 27 жаштагы Санжар Бакиев Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык округуна караштуу Ачы жайлоосунда жашырынып жүргөн жеринен эки шериги менен кармалган. Алардын жанында Калашников автоматы жүздөн ашык огу менен, мындан сырткары газ тапанчасы табылган.

-13-майда Жалал-Абадда облустук администрация имаратын мыйзамсыз түрдө басып алуу болуп өткөн. Ошол жерде Бакиев Санжар уюштуруучулук милдеттерди аткарган. Ал жерде ок атуучу куралдар менен камсыздап, уюштуруучу болгон,-дейт ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармачылыгынын башчысы Алмазбек Эргешбаев.

Санжар Бакиев май айындагы Жалал-Абаддагы башаламандыктарга тиешеси бар деп шектелип жатат
Санжар Бакиевге Жалал-Абадда массалык тополоңго байланышкан бир катар айыптар тагылууда. Укук коргоо органдары анын май айындагы Жалал-Абадда болгон тополоңдорго тиешеси бар экендигин көрсөткөн жетиштүү далилдер да бар деп билдиришүүдө.

Кыргызстандагы 7-апрель окуяларынан баштап, май жана июнь айларында Ош, Жалал-Абад аймактарындагы болуп өткөн кандуу коогалаңдарды, массалык башаламандыктарды уюштурду деп Курманбек Бакиевдин туугандары, бир катар саясатчы, коомдук ишмерлер шектелип келет. Ал түгүл тополоңду уюштурууга тиешеси бар деп Талибан, Өзбекстандын Ислам кыймылы өңдүү бир катар террордук-экстремисттик уюмдар тарапка да таштар ыргып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев, коопсуздук кызматынын маалыматтарына таянып Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу кооганы террордук уюмдар Бакиевдин туугандары, анын ичинде Максим Бакиевдин каржылоосу менен ишке ашырганын белгилеген:

- Апрель айында Максим Бакиев Дубай шаарында эл аралык террорчулар менен жолуккан. Андан кийин Бакиевдин өкүлдөрү Афганистандагы Бадахшанда дагы террорчулар менен жолугуп Кыргызстандагы абалды бузуп-жаруу багытында келишимге келүүгө жетишкен. Алар ал үчүн 30 миллион долларга чейин каржылоого убада беришкен.

Айрым маалыматтар боюнча учурда Максим Бакиев Улуу Британияда жүрөт. Беларус президентинин колдоосуна ээ болуп Минскиде жашап жаткан Курманбек Бакиев болсо маалымат жыйындарында Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга өзүнүн жана жакындарынын тиешеси жок экендигин белгилеп келет.

7-апрелден кийин мурдакы президенттин айрым жакындарына жарыяланган издөөнүн жыйынтыгында алгач болуп Санжар Бакиевдин кармалышы өлкөнүн түштүгүндө болгон башаламандыктаргы тиешеси бар адамдарды табууда канчалык деңгээлде салмактуу болору учурда көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

Марс Сариев
Саясий серепчи Марс Сариевдин пикири боюнча Санжар Бакиевдин кармалышы Кыргызстандагы абалдын жакшырышына таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок болуп өткөн тополоңдордо Бакиевдин туугандарынын тиешесин бар же жок экендигин дагы так аныктоо керек:

-Менин оюмча Санжар Бакиевди кармап, изилдеп чын эле суракка алып, ал айтып берсе баарын Кыргызстандагы тынчтыкка аябай эле жакшы таасирин тийгизет. Бирок абдан эле чоң маселе болуп жатпайбы. Канчалык Бакиевдин жана туугандарынын ролу ушул окуяларда чоң болгону. Аны тактап билиш керек. Санжар Бакиевди кармаганда ушул билинип ачылат.

Орозбек Молдалиев
Санжар Бакиевде бир катар маалыматтар бар экендигин, бул багытта жетиштүү тергөө жүргүзүлүшү керектигин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев билдирет:

-Билгендерин айтып береби, бербейби бул өзүнчө маселе. Бирок Санжар Бакиевдин кылган кылмыштары көп болчу, кармалбай жүргөн. Мурунку окуяларда деле ушул уюштуруп жүрөт деген маалыматтар бар болчу. Ошондуктан өзүнүн жазасын алышы керек. Экинчиден, бул биринчи колго түшкөн үй-бүлөнүн мүчөсү болуп эсептелет. Анан эми бул албетте көп нерселерди билет. Акырындык менен тергөөнү жакшылап жүргүзсө көп маалыматтарды алса болот.

Саясий серепчилер акыркы айларда Кыргызстанда болуп өткөн окуяларга Санжар Бакиев берген маалыматтар ачыктык алып келип, коомчулукту күмөн суроолордон арылтышы мүмкүн экендигин белгилешет.

XS
SM
MD
LG