Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:55

Акыркы жылдары өзгөчө жаштар жана өспүрүмдөр арасында насыбай колдонуу көрүнүшү кеңири жайылууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстан элинин 8 пайыздан ашыгы насыбай чегишет. Насыбайдын зыяндары туурасында дарыгерлер, наркологдор коңгуроо кагып маселе көтөргөнүнө карабастан, базарларда, көчө бурчтарында ал кенен-кесири эле сатылып келүүдө.

Насыбай чегүү бирөө үчүн ырахат алуунун бир жолу болсо, экинчиси үчүн көз карандылык. Насыбай чегүү менен өздөрүн жакшы сезип калышарын аны колдонгондор айтышат. Айрыкча насыбай чеккен көпчүлүк жаштар аны тамекини таштоо үчүн колдонуп келишкенин айтышат.

Өзүн Куба деп тааныштырган 19 жаштагы Бишкек тургуну насыбай чегүүнү мектепте эле баштаган. Алгач оюн катары чегип көргөнү менен учурда насыбайды таштап коюга эрки жетпей келет:

- Насыбайды мага балдар үйрөткөн. Бирок мен чегип кетем деп ойлогон эмесмин. Алар өздөрү үйрөткөн мага. «Нас» чегип көрбөйсүңбү, сагыз өңдүү ширин дегенинен чеккем. Чексем бир нерсе болуп, ошо бойдон эле уктап калгам. Ошонун эртеси күнү дагы чеккем. Ошондой кийин көнүп кеткем.

Куба насыбайдын зыяндуу болгонун билгенине карабастан чеге турганын, насыбай адамды көз каранды кыларын айтат. Атүгүл анын бул адатты таштоо үчүн жасаган миң түркүн аракетинен бир да майнап чыккан эмес:

- Насыбайдын зыяны, биринчиден тамырыңды өлтүрөт. Бул адамды тукумсуз да кылат. Мындан сырткары мээни кургатып жиберет.

- Бул зыяндарын билип туруп болбой эле чегип жатасыңбы?

- Билип туруп, болбой эле чегип жатам. Айла жок. Ташташ кыйын да. Таштасаң же үйдөн чыккың келбей калат, же баскың келбей калат, же өзүңдү башкача эле сезип каласың. Насыбай жок болсо, бирөө бир нерсе десе сөз көтөрө албай каласың. Ушунусу жаман. Ушундан көрө чеккенден чекпей койгон жакшы экен.

Куба өңдүү насыбай колдонгондор бул каражаттын баасынын арзан болгондугун, натыйжада чылымга караганда насыбай чегүү капчыкка анча зыян келтирбегенин айтышат. Кичине баштыкчасы 2-3 сом болгон насвайды Бишкектин дээрлик бардык базарларынан, дүкөндөрүнөн жана күркөлөрдөн табууга болот. Шаардын көчөлөрүн бойлой кичинекей үстөлдө майда-барат саткан соодагерлер тамекиге суроо-талап кандай болсо насыбайга да ошондой эле экенин айтышат.

Курамында эмне гана жок!

Бишкектеги Орто-Сай базарындагы айрым насыбай сатуучулардын айтымына караганда, бир күндө баштыкка салынган насыбайлардан миңден ашыгы өтөт. Бир жумада 200-250 килограммга жакын насыбай сатылат. Ал эми бир айда бир тоннага жакын насыбай сатылып кеткен учурлар болот. Насыбай сатуучу 18 жаштагы Максат белгилегендей, алар көбүнесе Баткен өрөөнүнөн келет жана аны жасоонун ыкмалары да ар түрдүү:

- Кыргызстанда эле жасалат. Кошулмалары - тамеки, акиташ, күл, клей. Анан суу да кошулат. Насыбай колго жасалат. Анын өзүнүн аппараты бар, алардын баарын аппаратка салып өткөрөт. Андан кийин электе эленет. Электен майдалары түшүп калат. Андан кийин насыбайга акиташтан сээп коюп, мүшөккө бир-эки саат күчүнө келиши үчүн коюп коет.

Айрым сатуучулар насыбайды башка өлкөлөргө алып кетерин да белгилешет. Насыбайдын баасы салынган баштыкчаларына жараша өзгөрөрүн айтышат:

- Сатып алуучулар насыбайды даамына карап тандап алышат. Күчтүүбү, күчсүзбү - ошонусуна карашат. Негизи баасы эки сомдук баштыктарда болот. Ал эми кээ бирлери Орусияга жөнөгөндө бөтөлкөгө салдырып алып кетишет. Көлөмүнө жараша өзгөрөт. Кичинекей баштыктар эки сомдон, чоңурагы беш сом, үч сом, он сомдон. Эң чоң насыбай баштыгы он сом болот.

Ошентип базарды кыдырып, насыбай соодасы жакшы жүргөн товар экенин көрүүгө болот. Атүгүл беш мүнөттө эле бир канча адамдын насыбай сатып алганын байкоого мүмкүн. Бул себептен жаштар жана өспүрүмдөр арасында насыбай чегүү көрүнүшү жайылып бара жатканын, натыйжада бул маселени дагы да өрчүтүп жибербей алдын алуу керектигин «Интербилим» борборунун адистери билдиришет.

Аталган уюмдун өкүлү Асыл Айтпаеванын айтымында, учурда сатылып жаткан насыбайдын курамында кандай зыяндуу каражаттар бар экени толук белгисиз жана насыбай адамга канчалык деңгээлде таасирин тийгизери туурасында да так маалыматтар жок. Ушул себептен «Интербилим» борбору Саламаттыкты сактоо министрлигине насыбайдын таасири туурасында так маалыматтарды берүү боюнча кайрылуу жасаган:

- Насыбай өлкө аймагы боюнча мектеп аймагына жакын жерлерде сатыла берет. Балдар келип, каалаган учурда насыбай сатып алат. Биз өткөргөн сурамжылоодо насыбай бардык айыл, шаарларда колдонулары маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигине эмне үчүн билдирүү жасадык? Анткени министрлик насыбайдын зыяны туурасында расмий маалыматтарды бере турган болсо, бул каражатты мектеп аймактарына жакын жерде сатууга тыюу салуу туурасында Бишкек шаарынын мэриясына, жергиликтүү райондук, айылдык кеңештерге кайрылалы деп жатабыз.

Өзгөчө Борбордук Азияда кеңири жайылган насыбайга тыюу салуу багытында коңшулаш өлкөлөрдүн ичинен Түркмөнстан катуу чараларды көрүп, түркмөн бийлиги насыбайды мамлекеттик мекемелерде, коомдук жайларда чегүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Натыйжада бул өлкөдө мыйзамды бузуп насыбай чеккендерге 80 доллардын тегерегинде айып салынат.

Кыргызстанда болсо насыбайга карата мындай тыюулар азырынча байкала элек. Мунун себебин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Назгүл Эсенгулова мындайча түшүндүрөт:

- Негизи насыбайдын курамын эске алуу менен аны таптакыр тыюу салып, бөгөт коюу максатка жараша болмок эле. Анткени насыбайдын курамында адамдын организмине зыяндуу бир катар кошулмалар бар. Бул кошулмалар адамдын оозуна түшүп, бүткүл ичеги-карындарына чейин таасирин тийгизет. Бирок насыбайга тыюу салуунун дагы бир аспектиси бар. Түштүктө калктын көп бөлүгү бул каражатты жасоо менен алек болушат. Эгер насыбайга тыюу сала турган болсок, бул нерсе жашыруун насыбай сатууга багытталган кара рыноктун пайда болуп, өсүп өнүгүшүн шарттайт.

Назгүл Эсенгулова билдиргендей Кыргызстанда калктын 8 пайызы насыбай чегишет. Алардын 70 пайызы айылда жашаган эркек кишилер болуп саналат. Ал эми өлкө боюнча таралуусун карай турган болсок жалпы насыбай чеккендердин 70 пайызы Баткен облусуна туура келет.

Насыбай - баңги заттын бир түрү

Ошентип бир катар адистер насыбайга тыюу салуу менен ал өндүрүлбөй калат дегенге эч ким кепилдик бере албарын айтышат. Бир тарапта болсо нарколог дарыгерлер насыбайдын адамдын организмине болгон зыянын айтып коңгуроо кагышат. Алсак нарколог дарыгерлер белгилешкендей насыбай психотроптук каражаттардын касиетин алып жүрөт. Натыйжада бул каражат өспүрүмдөрдүн психикалык абалына терс таасирин тийгизет. Эске тутуу начарлайт, унутчаактык пайда болот. Мындан сырткары насыбайды узак мөөнөткө колдонуу ооз көндөйүнүн жана тилдин рагына да алып келиши мүмкүн.

Республикалык наркологиялык борбордун дарыгери Иосиф Бирюков насыбай адамдын организмине гана терс таасирин тийгизбестен, психикалык абалына да зыянын тийгизерин билдирет:

- Ооба, насыбай өзү татаал зат болуп саналат. Анын курамынын 50 пайыздан көбүн тамеки түзөт. Ал эми тамекидеги негизги каражат - бул адамга психотроптук таасирин тийгизе турган алколоид-никотин болуп саналат. Мындан улам адамда психикалык жактан да, физикалык жактан да насыбайга көз карандылык пайда болот. Бара-бара бул көз карандылык адамдын ден соолугун начарлата турган кесепеттерге алып келет.

Иосиф Бирюков билдиргендей насыбай колдонуу баңги заттарга болгон көз карандылыктын бир түрү.
Насыбай адамды көз каранды кылып, организмге терс таасирин тийгизери билингенине карабастан аны колдонгондордун саны өлкөдө көбөйбөсө азайчудай түрү жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG