Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Иран президентинин Кыргызстанга сапары талкууланды


Эрлан Абдылдаев жана Мухаммед Зариф.
Эрлан Абдылдаев жана Мухаммед Зариф.

Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жана Мухаммед Зариф жолугуп, Хасан Роуханинин Бишкекке сапарын талкуулашты. Сүйлөшүү Индияда “Азия жүрөгү” аталышындагы Стамбул процессине мүчө өлкөлөрдүн 6-конференциясынын алкагында 4-декабрда болду.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Алмазбек Атамбаев 2015-жылы Иранга жасаган сапарынан кийинки кызматташуу жана мындан кийинки мамилени талкуулашты. Азырынча Роухани Бишкекке качан келери белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG