Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Бишкекте 15-февралда Ооганстандан Советтер союзунун аскерлеринин чыгарылышынын 21 жылдыгы белгиленип, согуштан кайтпай калган аскерлер эскерилди. Ага ооган согушунун катышуучулары, коомдук-саясий ишмерлер катышты.

CССР жоокерлерин 1979-жылдын этегинде киргизген. Согушка Кыргызстандан жети миңден ашуун аскер катышып, алардын эки жүз элүүсү каза болуп, алты жүздөйү ар кандай жарат менен кайткан. Ошол апаатта курман болгон эр азаматтарды эскерүү митинги Бишкектеги “Ата-түрк” гүлбагында өттү.

Кабылбек Ибрагимов ооган жеринде 1981-83-жылдары болгон. Минага жарылып, эки бутунан айрылып, 3-4 жыл төрт дубалдан сырткары чыкпай, төшөктөн тура албай жаткан. Бир кыз бир уулдун атасы, Кабылбек мырза өткөн күндү эмес, көбүрөөк келечек жөнүндө ойлонгусу келет. “Мөгдүрөп отуруп калуу мүнөзүмө туура келбейт”, - дейт ал.

- Ал жерде көргөнүң күл болот да. Ар бир нерсени эстеп отуруш эле жүрөктүн кичине запкысын кетирет экен. Ошондо биз 18-19 жашта элек. Кыргызстандын башына андай оор күндөр келбесин. Мен азыр Кудайга шүгүр эки бутум жок болсо да, балдак, майыптар үчүн коляска жасап жатам. Менин жашап келатканыма согушта бирге болуп келгендер менен бала-чакам чоң түрткү болот.

Өкмөт быйылкы жылдан тарта Ооган согушунун катышуучуларынын жеңилдиктерин алып, анын ордуна акчалай төлөп берүү чечимине келген. Өкмөттүн мындай кадамдарын туура деп эсептеген ардагерлердин бири Абай Бабаев буларга токтолду:

- Ар бир айга алты миң сомдон ченептир. Бул да жакшы жөрөлгө. Андан сырткары өзүбүздүн клинкабыздан жыл сайын 400 сомдон дары-дармек муниципалдык менчиктен алсак болот.

Деген менен бул апаатта курман болгондордун үй-бүлөсү, бала-чакасы унутта калып жатат дегендер да жок эмес. Алардын бири Адашкан Мусурова жолдошу Калил Узаков каза болгондон бери мамлекеттен жардам көрүлгөн жери жок экенин белгилейт. Анын айтымында, жолдошу Ооганстандан бутуна ок тийип кайткан. Ошонунун кесепетинен ооруп жүрүп 2001-жылы кайтыш болот. Ортодо жети бала бар. Учурда алар Бишкекте батирде турушат экен. Жардам сурап бир топ жерлерге кайрылып, натыйжа чыкпаптыр.

- Учурда жети балам менен жалгызмын. Балдарды багыш үчүн Бишкекке келгем. Базарда иштейм, бирок ден соолугум деле жакшы эмес. Жакында эле операция болуп чыктым. Басканга деле мүмкүнчүлүгүм жок. Бир топ жерге, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, мэрияга деле кат жазып киргиздим. Жолдошум кайтыш болгондон кийин эч кандай жардам жок. Балдарым менен батирде турам. Бир бөлмөлүү болсо деле үй берсе деп сурангам.

Мына ушунтип Ооган согушунун азабын азыркыга чейин тартып, кыйын турмушту башынын кечиргендер да жок эмес. Ооган жеринде тогуз жыл эки айга созулган апаатка беш жүз миңден ашуун советтик жоокерлер катышып, алардын 14 миңи кайтпай калган. Алардын арасында кыргызстандык 250 жоокер да бар. Ага 100гө чукул Ооган согушунун ардагерлери, алардын үй-бүлөсү жана кайтыш болгондордун тууган-уруктары катышты. Дал ушул күнү ошондогу оттуу күндөрдү көздөрүнөн учуруп, каректерге жаш алышты…

XS
SM
MD
LG