Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

АӨБ түндүк-түштүк жолунун курулушуна 95,1 млн доллар берет


Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган альтернативдүү жолду ишке киргизүүгө Азия өнүктүрүү банкы 95,1 млн доллар берет. Бул тууралуу келишимге 2-декабрда Каржы министрлигинде кол коюлду. Келишимге министр Адылбек Касымалиев менен АӨБнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кэндис Мак Дэйган кол коюшту.

Бул долбоорго ылайык, жолдун 70 чакырымы курулат. Маалыматта айтылгандай, жол Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык, улуттук байланышын күчөтүп, товарларды жана элди коопсуз ташууга мүмкүнчүлүк берет.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу Кыргызстандын гана эки аймагын эмес, Борбор Азия өлкөлөрүн Орусия, Кытай менен байланыштырып турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG