Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Ооганстан: Абдулла талапкерлигин өлкө коопсуздугу үчүн алдыбы?


Ооган президенттиги үчүн талапкер Абдулла Абдулла шайлоого катышуудан баш тартты.
Ооган президенттиги үчүн талапкер Абдулла Абдулла шайлоого катышуудан баш тартты.

Ооганстандагы президенттик шайлоого байланыштуу соңку кырдаал боюнча Кыргыз Улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинин деканын орун басары Самат Бекибаевди сөзгө тарттык.

- Самат мырза, Ооганстанда 7-ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозиция талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын кечээ жарыялады. Мындай чечим шайлоого кандай таасир этиши мүмкүн?

- Албетте, Абдулланын чечими туура деп ойлойм. Себеби биринчи шайлоонун астында, анан өзгөчө экинчи айлампа болот деген жарыядан кийин Ооганстанда террористтик жарылуулар, адам өлтүрүүлөр абдан көбөйүп кетпедиби. Анан бул Абдулланын өз саясий эрки деп ойлойм. Анткени мындай кадамга барыш Абдулла үчүн оңойго турган жок. Ал Ооганстандын ичинде жана чет өлкөлөрдө мурунку тышкы иштер министри катары абдан таанымал киши. Эгерде экинчи айлампага чыкканда албетте өзүнүн добуштарын алмак. Бирок Ооганстандагы саясий акыбалды өзүңөр көрүп тургандай кырдаал абдан курч.

- Сиз Абдулла талапкерлигин өлкөнүн коопсуздугу үчүн алды деп ойлойсузбу?

- Албетте, анткени Ооганстанда шайлоонун астындагы жардыруулар, шайлоочуларды коркутуу болуп турду. Пакистан тараптан да талибдердин коркутуп-үркүтүүлөрү болду. Бийлик тараптан административдик ресурстарды дагы колдонуусу мүмкүн.

- Айтсаңыз, бул жерде 7-ноябрда күтүлүп жатат президенттик шайлоонун экинчи айлампасын эч ким алып салган жок. Сиз кандай болжоп атасыз, шайлоонун экинчи айлампасы өтөбү, өтсө кандай нукта өтүшү мүмкүн?

- Эми азыр бул чоң суроо болуп турат, мунун өтүш-өтпөшү биринчи иретте Карзайдын өзүнүн дагы саясий эрки. Ал дагы сөзүн айтат деп ойлоп турабыз. Анан албетте өзгөчө АКШнын таасири дагы болушу мүмкүн. Анткени биз билгендей Ооганстан көбүн эсе АКШны карап турат. Жакын арада билинип калышы мүмкүн экинчи айлампа болоор-болбосу. Хамид Карзайдын Ооганстандын президенти болгонуна 7-8 жыл болуп калды, бирок аралыкта өлкөдө саясий-экономикалык, социалдык абал оңолду деп айтыш кыйын.

- Рахмат маегиңизге.

Тасмада: Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты

Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады. Карзай өкмөтү болсо шайлоо жараяны баары бир белгиленген нукта улантылаарын айтууда.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG