Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Дыйкандар үчүн “жаз жарыш - күз күрөш болсо”, жай тынымсыз эмгектенүү мезгили. Азыр талаа ээлеринин асты жер-жемиштердин түшүмүн алып аз болсо дагы пайда таап жаткан кези. А дыйкандарга өкмөт тараптан колдоо болуп жатабы?

Үстүбүздөгү жылдын алты айында айыл-чарбадагы өсүш 102,1 пайызды түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдагыдан 0.8 пайызга төмөн. 2008-жылдын алты айына салыштырмалуу быйыл картошка, жер-жемиш, эт жана сүт продукциялары көп өндүрүлгөн. Ал эми мөмө жана бакча жемиштери, жумуртка азыгынын көлөмү өткөн жылдагыдан аздык кылат.

Айыл-чарба мнистрлигинин бөлүм башчысы Аскарбек Сагынбаев быйыл 2008-жылга салыштырмалуу тогуз миң гектар жерге көп өсүмдүктөр эгилгенин айтат:

-Быйыл, 1миллион 279 миң гектар аянтка айыл-чарба өсүмдүктөрү себилди. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 9 миң гектарга көп. Күзүндө буудай пландалгандан 37миң гектарга көп эгилген. Ошондуктан жаздык буудай 40 миң гектарга аз себилди. Быйылкы айдап-себүү маалындагы жаанга карабай өсүмдүктөрдүн баардык түрүн себүүгө жетиштик.

Быйыл айыл-чарбасына 1млрд. 300 млн. сом инвестицияланганы турат. Бул каражатка өкмөт дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн буудай, ун, төө бурчак, эт продукцияларын жарымын түз, жогорулатылган баада сатып алууну көздөөдө.

Буга чейин деле дыйкандарга ар тараптуу колдоо болуп келген, биз аларга дагы деле жардам көрсөтүп жатабыз дейт айыл-чарба мнистри Искендербек Айдаралиев.

-2009-жылы дыйкандарга 150 миллион сом кредит берилди. Жүз тракторду талаа ээлерине бөлүштүрүп, дагы 74 миллион сомго кытай тракторлорун алып келдик. 40 миң тонна солярка даярдадык. Булардын баары дыйкандарга мамлекет тарабынан берилип жатат.

Министрдин айтымында, дыйкандарга колдоо көрсөтүлүүдө. Бирок талаа ээлери бизге эч кандай жардам болгон жок деп кол куушурушууда:

Мелис: - Дыйканчылык эң начар жүрүп жатат. Бизди ойлогон эч ким жок. Быйыл көп таалаа аянттары айдалбай калды. Себеби күйүүчү май кымбат, техника жетишсиз.

Нарис: - Дыйканчылыкта өзүңдүн техникаң болбосо пайда түшпөйт. Бир гектар аянтты айдатыш үчүн 25 литр солярка, 700 сом төлөйсүң. Мала тартып, септиргениңе 30 литр күйүүчү май, анан 600 сом бересиң. Пайда түшпөгөндөн кийин бул акчаларды кантип төлөйсүң?

Сулайман: - Талаачылык өзүн-өзү актабай калды. Быйыл буудай кымбат болуп тиге албай калдык. Жер айдайлы десек техника акысы кымбат. Күзүндө баардыгын төлөп бүткөн соң, өзүңө бир үзүм нан калат. Карандай чай менен гана жашайсын. Бизге эч кандай колдоо болгон жок. Дыйкандарга үрөөн бергенин көргөн эмесмин. Теледен бирип жатабыз деп айта беришет. Берсе кана?

Министр Искендербек Айдаралиев болсо айрым дыйкандардын жардам албай калышын маалымат жетпей жатышы менен байланыштырат:

- Кээ бир дыйкандар күрөөгө мүлк койо албай, жеңилдетилген насыяларга жетпей жатат. Биздин токтом, буйруктарыбыз гезит-телеберүү аркылуу маалымдалат. Талаа ээлерине маалымат жетпей же алууга шарты жок болуп куру кол калып жатышат.

Айыл-чарба мнистрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, бул тармак мындан ары беш багыт менен өнүгөт. Алар: айыл-чарба техникаларын жаңыртуу, микрокредиттерди берүү, ар бир облусту айыл-чарбанын ар башка багытында калыптандыруу, дыйкандар өндүргөн продукцияны мамлекетин эсебинен сатып алуу жана дыйкан чарбаларды кооперативдештирүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG