Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Күрөөсүз микрокредиттерди берүү башталат


Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду Азияуниверсалбанк менен бирге түзгөн "АУБ-Агро" микрокредиттөөчү компаниясы бүгүнтөн баштап күрөөсүз микрокредиттерди берүүнү баштамакчы. Күрөөсүз кредит таратуу иштери адегенде Кыргызстандын түштүк областтарында башталган жатат.

Микрокредиттерди таратуу түштүк областтарында биринчи башталып жаткан себеби, айдап-себүү иштери бул жакта кыйла эрте башталат. Бул жуманын башында микрокредиттөөчү компаниянын башчылары Баткен жана Ош областтарына бара турганын, бара-бара бул процесс бүт өлкөнү кучагына аларын билдиришкен.

"АУБ-Агро компаниясы күрөөсүз кредит берген Кыргызстандагы бирден-бир компания",- деп баса белгилеген өткөн жумадагы маалымат жыйынында Өнүктүрүү фондунун финансы директору Рифат Утюшев.

Күрөөсүз берилген микрокредиттердин үстөк пайызы жылына 23 пайыздан ашык болбойт. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, бул башка банктарга караганда беш-он пайызга аз. Экинчи, үчүнчү жолу кредит алганда берилген акча көбөйтүлүп, үстөк пайызы азайтылып турмакчы.

"АУБ-Агро” микрокредиттик компаниясы кредиттин үч түрүн берүүнү жолго койгон жатат. Биринчиси- 120 миң сомго чейин максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүлгөн шарт менен. Акчаны алуу үчүн көп деле документ талап кылынбайт, кредит күрөөсү жок эле берилет. Фермерлер үчүн туугандардын же үчүнчү бир кишинин кепилдиги эле жетиштүү. Арыздарды 5-7 күндүн ичинде кароо пландаштырылууда.

”Универсал” деп аталган экинчи кредит 121 миң сомдон 700 миң сомго чейин кредит алууга мүмкүндүк берет. Кредит дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн берилет. Компания өкүлдөрү күрөөгө карата өтө ийкемдүү мамиле иштелип чыгат деп билдиришкен. ”Максималдуу өнүгүү” деп аталган үчүнчү түрү боюнча 700 миң сомдон жогорку кредиттер берилет

Банктын азыр иштеп аткан филиалдарынан жана офистеринен сырткары бул жылы дагы 30 га жакын жаңыларын ачуу пландаштырылууда. Ошондой эле алыскы райондордо 25-30 көчмө кассалар ачылат.

Аталган микрокредиттөөчү компанияны 1-февралда Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду менен Азияуниверсалбанк биргелешип түзүшкөн. Уставдык капиталы 100 млн сом. Быйылкы жылы микрокредиттерге бир миллиард сом жумшоо каралган.

Кредит алуу дыйкандар үчүн кыйла эле машакаттуу жана тообкели көп иш. Тоо шартында жерге жумшалган мээнет өзүн актабай калган учурлар көп. Мисалы былтыр Кочкор районунда кургакчылык болуп, анысы аз келгенсип күзүндө кар жаап түшүмдү басып калып, мээнет талаага кеткен. Ошондуктан дыйкандардын айтымында, кредит берилгенге жараша жок дегенде үч жылга жеңилдетилген шартта берилсе жакшы болмок.

-Кредит алып төлөй албай күйүп аткан дыйкандар толтура. Кымбат алып алышкан көбү. Баары эле бересе. Бергенге жараша үч жылга берсе, биринчи жылы жер айдап алабыз, экинчи-үчүнчү жылы кайтарып бергенге мүмкүнчүлүк болот эле,- дейт кочкорлук фермер Тазабек Касымбеков.

Айыл жеринде кредит алып, жер айдап түшүм алуу иштин жарымысы гана. Өндүрүлгөн продукцияны сактоо жана аны сатып өткөрүү андан беш-бетер маанилүү иш. Кыргызстанда дан эгиндерин, кант кызылчасын, пахта өстүргөн фермерлер түшүмдү сата алышпай жыл сайын кыйналышат. Ошондуктан дыйкандар мамлекет маселенин мына ушул жагына да орчундуу көңүл бурса деп айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG