Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Кыргызстандын айыл чарба тармагы ички керектөөнүн 40 пайызын камсыз кылып келет. Бул көрсөткүчтө дыйкандарынын салымы чоң. Учурда өлкөнүн көпчүлүк аймагында оруп-жыйноо иши жүрүүдө. Бирок дыйкандардын эмгеги акталабы?

Элет жергесинде дыйканчылык иши күчөп турган маал. Талаа ээлери буудай арпаларын чаптыруу иштери менен алек. Себеби алар өндүргөн дан өсүмдүктүн наркы жана түшүмдүүлүгү алар үчүн негизги маселе.

Эрназар Иргебаев Биринчи май айылына Ысык-Көлдөн комбайн айдап келип дыйкандарга көмөк көрсөтүүдө. Ал жыл сайын оруп-жыйноо маалында Чүй аймагына келип эмгектенсе, күзүндө Түп районунда оруп-жыйноо иши менен алек.

- Былтыркы жылга салыштырмалуу түшүм быйыл начар. Гектарынан орточо 25-50 центнерден дан алып жатабыз. Кызмат көрсөтүү жана күйүүчү майдын наркы жогору болуп, дыйкандардын кирешеси төмөн болууда. Буудайдын наркы канча болору азырынча белгисиз.

Эрназар Эргебаев дыйкандардын талаадагы дан өсүмдүктөрүн жаңы үлгүдөгү комбайн менен чабат. Бир гектар аянттын акысы 1800 сомго барабар. Комбайн ээси бул кирешесин насыя төлөөгө жумшап келет.

Ошол эле маалда дыйкандар чыгашанын көптүгүн айтып, эмгектери бааланбаганына өкүнүшүүдө. Нурила аттуу айым буларды айтты:

- Бизди ойлой турган мамлекет жетекчилиги саясат менен эле алектенип жатат. Дыйкандар буудайдын баасы төмөн болуп жатат деп нааразы болушууда. Күздөн бери сугарып карап, жер семирткичтерди бердик. Ошол чыгашаларыбызды жапкан жок. Баары эле өз чөнтөгүн ойлоп калышты окшойт.

Бардык эле талаа иштериндей эле буудайды өстүрүү көп эмгекти талап кылат. Жерди айдап-себүү, сугаруу, техникалык иштерди жүргүзүү, жер семирткичтерди чачуу, эгинди чаап алуу сыяктуу ар бир кадам дыйкандар үчүн чыгаша. Алардын үмүтүн жерден алынган түшүм жана данга болгон баа гана акташы ыктымал.

35 гектар аянтты иштетип келген фермер Кылыч Сейиталиев быйыл түшүм аз экенине токтолду:

- Өкмөттөн дыйкандарга колдоо болбосо талаа ээлерине оор эле болот. Азыркы маалда эгиндерин чаптырган дыйкандар бир килосун 5-6, арпаны 3,5 сомдон сатышууда. Себеби алар комбайн, унаа акысын жана күйүүчү майды төлөшү керек. Түшүмдүүлүк жылдагыдан төмөн.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 376 миң гектар аянтка буудай эгилген. Бул өткөн жылдагыдан 25 миң гектарга аз. Ал эми маалда түшүмдүүлүк 2009-жылга салыштырмалуу 5-6 центнерге төмөн болуп, орточо 25 центерди түзүүдө.

Өткөн жылы өлкөдө буудай өсүмдүгүн жыйноо эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 1 миллион 50 миң тоннага барабар болгон. Бирок дыйкандардын эмгеги акталбай, суроо талаптын жоктугунан дандын наркы төмөндөп, 4-5 сомду түзүп калган. Учурда оруп жыйноо ишинде жыйылган буудайдын наркы 5-6 сомду түзүүдө. Өкмөт атайын токтомдун негизинде дандын сапатына жараша 11-15 сомго чейин сатып алуу болорун билдиришүүдө. Бирок азырынча сатып алуу иши жүрө элек.

Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Маратбек Султанов эгинге болгон баа быйыл жогору болот деген ишеничте:

- Өткөн жылы буудайга болгон нарк беш сомдун тегерегинде болгон. Быйылкы жылы эгиндин баасы алты сомдон башталды. Дыйкандар үчүн дан өсүмдүгүн сатыкка алып чыгуу оңой болот деген ойдобуз. Бирок буудайдын сапатты жогору болушу негизи шарт бойдон калууда. Эгин өстүрүүдө агротехникалык ыкмаларды колдонгон талаа ээлери жакшы түшүм алат деген ойдомун. Тилекке каршы дыйкандар мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам бул талаптарды аткара албай жатат. Ошондуктан алар буудай сээп анан түшүм алам деген ойдон арылышы керек.

Кыргызстан калкынын 65 пайызы элет жергесинин тургундары. Алардын көпчүлүк бөлүгү дыйканчылык менен жан багат. Талаа ээлеринин максаты бирдей: эмгеги акталып, үй-бүлөсүн татыктуу багуу. Бирок алар "эмгегибиз акталды" деп качан айтары азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG