Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Айыл чарба тармагындагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору тууралуу Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору, академик Жамин Акималиев “Азаттыкка” маек курду.

- Бүгүн жаздын үчүнчү айынын алтынчы күнү, адис катары сизге жакшы белгилүү, учурда дыйкандар да сезип жаткан көйгөйлөрдөн улам быйыл иштетилбей калган айдоо аянттарынын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу көбөйбөйбү?

Жамин Акималиев: Былтыркыдан көбөйүп кетет го. Былтыр иштетилбей калган жердин аянты 85 миң гектар деп айыл чарба министри айтты эле. Быйыл, менин оюмча, 100 миң гектардан ашык жер иштелбей калышы толук мүмкүн.

- Бул 100 миң гектар Кыргызстандын жалпы айдоо аянттарынын канча пайызы болуп калат?

Жамин Акималиев: Бизде болгону ушул кезде 900 миң гектар эле сугат жерибиз бар, ошонун 100 миң гектары 9 пайыз болуп атпайбы. Бул айдоо жер да, эгер ушул айдалбай калса анда биздин азык-түлүк коопсуздугубузга аябай эле коркунуч келип калат.

- Материалдык чыгым деле бир топ болсо керек?

Жамин Акималиев: Материалдык чыгымдар көп. Анын үстүнө биз быйыл былтыркыга караганда 20 күнгө кечигип калдык. Абдан жаанчыл болду, саясий окуялар болду, 20 күн кечиккенде бул 20 пайыз түшүмдү жоготуп койдук деген кеп. Башкасын айтпаганда да, эрте себилчү дан эгиндер, будай, арпа, көп чөптөр себилбей, абдан кыйналып, былтыр деле дыйкандар буудайын саталбай кыйналса, быйыл түштүктө буудай деле сеппей коюшту. Себеби былтыр 10 сомдон алабыз деп албай койгондон кийин жалкып калышпадыбы. Азыр жаз бийик тоолуу Нарынга чейин келди, эми азыр ишти жүргүзүп жерди айдайлы десе күйүүчү майлар болбой, дыйкандардын шору кайнап аткан кези.

- Эгин жөнүндө айттыңыз, былтыр түшүм жакшы болгон, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирбей турган деңгээлде күздүк жетиштүү өлчөмдө себилген. Эгерде жаздык айдалбай калса эгиндин жалпы түшүмү кандай болот?

Жамин Акималиев: Биздин адистердин айтуусу боюнча, алар азыр күздүк буудай былтыркыдан 276 миң гектарга көп себилген деп аябай эле бакылдап мактанып атышат. Бирок мен жер-жерлерде болуп келдим, биздин берекелүү түштүктө былтыркыдан алда канча аз сээп коюшуптур. Себеби эгинден зыян тартып көңүлдөрү калып калды.

Менин оюмча күздүк буудай жылдагыдан аз себилип калды, тилекке каршы. Чындыгында былтыр себилген күздүк буудайдын акыбалы абдан жакшы, ушул кезде тизеге жетип калып быйыл түшүм жакшы болот. Бирок былтыркыдан аз себилди. Ошондуктан жазгы буудайларга аябай күчтү салыш керек. Бирок жазгы буудайлардын себилиши деле ушул кезде кыйын болсо эң көп болгондо 70 пайызга бүттү. Ал эми Ысык-Көл, Нарын тарапта жаңыдан эле башталып атат. Эгерде ушундай боло турган болсо анда быйыл биз элди нан менен камсыз кылуу боюнча чоң кыйынчылыктарга учурап калышыбыз мүмкүн.

- Кыргызстан айыл чарбасы рыноктун шартында жашап жаткандыгына 20 жылга жакындап калды. Ушул мезгилдин аралыгында жети облустун ар биринде айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрүнүн кайсы бирине адистешип калгандай болду. Бирок дыйкандар үчүн продукцияны сатып өткөрүүнүн стабилдүү механизми түзүлбөй жатат. Муну Акаевдин, Бакиевдин да өкмөтү түзө алган жок. Кандай дейсиз, эми Убактылуу эмес андан кийин келүүчү өкмөттүн айыл чарбасын да негизги милдети деп атасак болобу?

Жамин Акималиев: Туура айтасыңар, биз кыйналсак да айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүгө караганда аны сатуу абдан орчундуу маселеге айланып калды да. Куру сөздөр көп болуп, эч кандай иш болгон жок. Бакиевдин учурунда “Азык-түлүк корпорация” деген уюшулуп, ошого мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1 млрд. сом берилип, мына ушул элдин өндүрүп аткан азык-түлүгүн, буудай сатып алат деп койсо, былтыр дыйкандар 2 млн. тонна эгин өндүрсөк, ошонун болгону 17 миң тоннасын гана алып, бирок коррупция системасы менен Казакстандан 370 миң тоннаны мамлекеттин эсебинен сатып келишкен. Мына ушундай система болуп турат.

Эми жаңы өкмөтүбүз ушунун баарын кайра иштеп чыгып, эмитен быйылкы өндүрүлө турган эгинди, сүт, эт, жүндү, баардык түрлөрүн же кайра иштетиш керек. Эл “бизге кредитинен мурда да эң негизги нерсе өндүргөн азык-түлүгүбүздү өкмөт сатып берип, колубузга акча берсе эле, андан ашык башканын кереги жок, өзүбүз башкарабыз” деп атат. Ошондуктан бул маселе быйыл чечилет деген үмүттөбүз.

- Илим менен өндүрүштүн айыл чарбасында байланышы кайсы деңгээлге чыгып калды, мурда начарлап кеткен эле, азыр оңолуу барбы?

Жамин Акималиев: Бизде болгону айыл чарба боюнча 4 институт бар. Ошол төрт институтту кийинки учурларда айыл чарба министрлигинен алып Агрардык университетке баш ийдирип коюшкан. Ошол боюнча иштеп турабыз. Эми кайра баш ийсек да илим сөзсүз өндүрүшкө кызмат кылыш керек.

Каражат ушунчалык аз болуп атса да илимий өндүрүшкө керек. Дыйкандарга абдан муктаж болуп аткан абдан мыкты сорттор, малдын породалары, абдан мыкты технологиялар, жолдору, ыктары, малдын ылаңдан сактап калуучу дарылар - баары чыгарылып даяр болуп турат. Бирок негизги кеп, ошол илимий мекемелер чыгарып аткан илимий жаңылыктарды өндүрүшкө киргизүү механизми дагы эле иштелип чыкпай отурат.

Муну айтканда, бул түздөн түз биздин Айыл чарба министрлигинин ыйык милдети жана облус, райондордогу жетекчилердин милдети. Менин оюмча быйылкы жылы эгерде илимий мекемелердин чыгарып аткан жаңылыктарын өндүрүшкө киргизип кетсек эле, анда биз айыл чарба азыктуулугун 30-40 пайызга жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ушуну жаңы өкмөт колуна алат деген ойдобуз.

- Кирбей аткан негизги себеби эле каражатка барып такалып атабы?

Жамин Акималиев: Каражаттан мурун ошонун ортосунда механизм жок. Мисалы, илимий мекемелер өздөрү жакшы иштерин чыгарып алып, өздөрү барып, аны өндүрүшкө киргизели десек алыскы райондорго барууга каражат жок.

Экинчиден, мисалы, тийиштүү органдар бар да, биздин Айыл чарба министрлиги облус, райондордо өкүлдөрү болуп миңге жакын кишилер бар. Ошонун негизинде атайын департамент болобу, же бөлүм болобу илимдин жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү боюнча чет мамлекеттей бир система, жол болсо, ошолор муну өндүрүшкө киргизип, ошонун эсебинен дыйкандарга жардам берип, айыл чарбасынын жалпы деңгээлин көтөрүп, элдин турмушун жакшыртканга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул түздөн түз Айыл чарба министрлигинин милдети жана ошонун жетекчилигинин колунда турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG