Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Президент Атамбаевдин жылдык жыйыны


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жылдык маалымат жыйынында 2016-жылы аткарган иштери жана Кыргызстандагы коомдук-саясий абал боюнча суроолорго жооп берди.

Өлкө башчысынын маалымат жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, төрт саатка созулду. Ага 150дөн ашык журналист жана он чакты саясий эксперт катышты. Байкоочулар мамлекет башчысы бул ирет өзүн токтоо кармап, саясий каршылаштарына ачуу сын айтуудан тайсалдап турганы байкалганын белгилешүүдө. ​

Бишкектеги Ала-Арча резиденциясындагы жыйында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев акыркы беш жылдын өзгөчөлүгүнө токтолуп, бул аралыкта кыргыз эли өзүнүн улуу эл экенин сезди деп айтты.

"Азыркы Кыргызстан беш жыл мурдагыга караганда таптакыр башка өлкө", - деди мамлекет башчы маалымат жыйынында. Алмазбек Атамбаев бул аралыкта көп иш бүтүрүүнү каалаганын, бирок эң негизгиси – туруктуулукту орното алганын белгиледи.

Ал өткөн беш жылдагы эң чоң жетишкендиги катары “Көчмөндөр оюндары” сыяктуу иш-чаралар аркылуу элдин руху көтөрүлгөнүн, кыргыз эли улуулугун сезгенин белгиледи.

- Кудай буюрса, 2040-жылы кыргыз каганатынын 2200 жылдыгы болот. Шериктеш мамлекеттер жок кезде бизде Шиберден (Сибирь) Азияга чейин каганат бар болчу. Ошондуктан өткөн беш жылда кудайдын жардамы менен элди ойготуп, духун көтөрүп алдык. Бул биздин эң негизги жетишкендигибиз. 2016-жылды коңшулардан биздей өткөргөн бирөө да болгон жок.

Жыйында өлкөнү өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейин стратегия жазылары да белгилүү болду. Мамлекет башчысы ички-тышкы, коомдук-саясий абал боюнча журналисттердин көптөгөн суроолоруна жооп узатты. Ал өлкөдөгү Кумтөр, сот реформасы сыяктуу көйгөйлөрдүн баары 11-декабрдагы референдумдан кийин чечилерин айтып, Өмүрбек Текебаевдин импичмент демилгесин олуттуу санабай тургандыгын белгиледи.

Кадр саясатына байланыштуу суроолор көп болгонуна карабай өлкө башчысы тегерегиндеги адамдарга сөз тийгизген жок. ИИМ башчысы Улан Исмаиловго бөркүндөй ишенерин, мурдагы бийлик тушунда иштеген Аалы Карашев, Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев өңдүү кадрлар саясатчылардын акаевчил, бакиевчил деген тобуна кирбестигин айтты.

"Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүү болот​

Мамлекет башчы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча эмдиги жылы жылыш болот деп айтты. Анын сөзү боюнча, Референдумдан кийин Кумтөр алтын кени боюнча козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү алынат:

- “Центерранын” жетекчилиги сүйлөшүүгө даяр. Жылыш болот. Азыр кабар күтүп жатабыз. Референдумдан кийин, Кумтөр боюнча келишимге кол койгондор келип, тергөө менен кызматташып, жардам берсе жакшы болмок. Анда бир топ жагдайлар ачыкталып, чечим чыгаруу жеңилдемек.

Мамлекет башчы Кумтөр алтын кени боюнча келишимдер түзүлгөн учурда бийликте Акаев менен Бакиев турганын, ал эми документтерге кол койгон кишилер да качып жүрүшкөнүн белгиледи. Атамбаев тергөө менен кызматташуу тууралуу жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтып, анын негизинде кылмыш иши козголгондор менен кызматташуу болоруна үмүт артты.

"Молдовага маанилүү иштер менен баргам"

Алмазбек Атамбаев Молдовага бейрасмий сапар менен барганын жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында минтип билдирди:

- Бардыгын силерге эч качан айтпайм. Мамлекеттик сыр деген нерсе бар. Сөз Молдова менен Орусиянын жана Евробиримдиктин алакалары тууралуу болду. Мен Владимир Путин менен дагы, Молдованын аткаминерлери, жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм, -деп түшүндүрдү президент.

2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев Молдовага бейрасмий сапар менен барган. Ал учурда президенттик аппарат аталган сапар жана анын жыйынтыктары тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

"Саляновадан көңүл калды"

Президент Атамбаев импичмент маселеси, Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы, мураскер тууралуу да айтып кетти. Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бишкек Жылуулук борборуна көмүр ташууга жолтоо болгонун, пара алып жүргөнүн билгенден кийин, Саляновадан көңүлү калганын айтып өттү:

- Бирок мага анын күйөөсү пара алганы тууралуу маалыматтарды алып келишти. Бул тууралуу капысынан мурдагы Энергетика министри Артыкбаев Бишкек ТЭЦине көмүр алып келе албай, ага кимдир бирөө тоскоол болуп жатканын айткан соң билип калдым. Көрсө, президенттен да көбүрөөк коркушкан адам пайда болуптур. Бул Салянованын күйөөсү экен, - деди Атамбаев.

Президент бул тууралуу Аида Саляновага айтканда, ал жолдошун коргогонго аракет кылганын билдирди.

- Салянова күйөөсүн коргоп, мамлекеттин кызыкчылыгынан аны жогору койду. Ал өзүн аппак жана таптаза көрсөтүүгө тийиш эмес болчу, баары бир чындык ачыкка чыгат.

Президент Салянованын жолдошун "паракор" деп атады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

"Мураскер болбойт"

Атамбаев ошондой эле өзүнө мураскер даярдабаганын дагы бир жолу кайталады. Анын айтуусунда, демократиялык өлкөдө мураскер болбойт, эл башчысын өзү шайлоого тийиш. Азыртан эле президенттик шайлоого катышууну көздөп жаткан кишилерди билерин белгилеген мамлекет башчы, арасында татыктуулары да бар экенин, бирок азырынча алар тууралуу ачык айтпай турганын маалымдады.

«Мегакомду» сатыш керек

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусунда, «Мегаком» компаниясынын баасы күн санап арзандап жатат.

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул компанияны сатуу боюнча өз деңгээлинде иш жүргүзбөй жатат. Бир жетекчини экинчисине алмаштырдык. Эч кандай жыйынтык жок, жаңы жетекчи да уктап жатат. Премьерликке “Мегакомду” сатууга жөндөмдүү болгон адамды алып келиш керек деп ойлойм. Бизге жолдорду салууга каражат керек. Мен Сариевдин өкмөтүнө “Мегакомду” сатуу боюнча тапшырма бергем. Бирок айрымдарга популизм менен алектенүү жеңил болду окшойт, - деди Атамбаев.

Президент “Альфа Телеком” компаниясынын мурдагы жетекчилерине чыгарылган сот чечимин да комментарийлеп, миллиондогон долларлар офшорго чыгарылып кеткенин билерин айтты.

"Соттолуучулар акчаны өлкөдөн тышкары чыгарып кетүү үчүн, сотту созууга аракет кылышты",- деп кошумчалады президент.

"Саясатчылар жазган китептерди окубайм"

Анткени андай китептерде дайыма эле чындык жазыла бербейт.

- Китепке кандай жомокту жазсаң да, баары бир тарых аны жокко чыгарат. Мага тарыхты жазыңыз деп сунушташты. Кантип жазам? Тарых өзү жазылат. Капа болушпасын, бирок мен саясатчылар жазган китептерди окубайм.

Алмазбек Атамбаев китеп жазгандын ордуна эс алууга чыккан соң, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын жазарын айтты.

"Импичментке маани бербейм"

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, билдирди. Ал импичмент демилгесин көтөргөн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди ар кандай чуулгандуу билдирүүлөрү менен белгилүү доктор Апаска менен салыштырды.

- Мен бул суроого кантип жооп бермек элем? Бизде ар түрдүү ойлонгон өзгөчө саясатчылар көп. Нурлан Мотуев түрмөгө отуруп алып, келиндерге кастинг жарыялап жатат. Айрымдарга бул күлкүлүү болушу мүмкүн. Бизде доктор Апастын ордун бирөө алышы керек да. Бул жаш саясатчылар үчүн сабак болушу керек, - деди Атамбаев.

Буга чейин "Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо демилгесин баштаган эле.

"Улуу ага саясатына жол берилбейт"

Президенттин белгилешинче, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен мамилесин ишеним жана сый-урматтын негизинде курууда.

- Ооба, биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз бар – бул Орусия, улуу Кытай. Биринчиси менен тарыхый тамырыбыз бир, аны унута албайбыз. Ал эми Кытай Борбор Азиянын өсүп-өнүгүүсүнө кызыкдар, себеби эгер бизде бир нерсе болуп кетсе дароо Шинжаңга таасир берет. Андайдын Кытайга кереги жок. Албетте, түрк тилдүү мамлекеттер менен тууганбыз. Бирок биз эч кимге “улуу ага” катары кандайдыр бир шарттарды коюшуна жол бербейбиз, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, өлкө өз кызыкчылыгынын негизинде гана өнүгөт.

Ал ошондой эле саясий өңүттөн алып караганда стратегиялык жактан Кыргызстанга Европанын саясаты жакын экенин кошумчалады жана “Биз башкаруунун парламенттик формасын куруп жатабыз, аны дагы бекемдейбиз”, - деди.

Президенттин Бабанов менен Төрөбаевге берген баасы

Атамбаевдин Бабанов менен Төрөбаевге берген баасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Путин менен Назарбаевдин суранычы

"Путин менен Назарбаев президенттикте дагы бир мөөнөт калышымды айтышты",- дейт Алмазбек Атамбаев. Бирок ал өнөктөш өлкөлөрдүн президенттерине Кыргызстанда мындай болбой турганын билдирген.

- Биздин эл башкача экенин түшүндүрдүм. Эл кимди татыктуу деп санаса, ошол кишини шайлап алышат, - деди Атамбаев.

Атамбаев: Путин кетпе деди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

Президенттик шайлоо 2017-жылы октябрда өтөт

Президент шайлоо эки айлампа менен, тынч өтөт деп үмүттөнөт:

- Эл кимди шайлайт, мен билбейм. Бирок айрым адамдар эски адаты менен добуштарын сатууга барышат.

Алмазбек Атамбаев референдум – парламенттик демократияга кадам таштоо деп белгиледи.

- Келерки президенттик шайлоого катышам дегендерди карап туруп, референдум зарыл экенин түшүнөсүңөр. Менимче, өлкөнүн келечеги корголуу болгону жакшы. Алдыдагы референдум эч кимге мамлекетти артка буруусуна жол бербейт.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт. Ага парламенттеги айрым фракциялар каршылыгын билдиришкен.

"Исраиловго ишенем"

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловго ишеним артарын айтып, аны көп сынга албоого чакырды. Бүгүн пресс-конференцияда сүйлөп жатып мамлекет башчы Исраиловду 20 жылдан бери таанырын айтты:

- ИИМ - бул өтө маанилүү мекеме. Министр 20 миңдей кызматкердин ишин көзөмөлдөйт. Мен билем, Улан Исраилов – чынчыл, таза кадр, ал эч убакта уурдабайт, бирөөгө жамандык кылбайт. Анын өткөндөгүсү таза - бул маанилүү. Бир жыл иштеп көрсүн, анан баа берели. Эгер Атамбаев ишеним артып жаткан болсо, бул үчүн Исраиловду күнөөлөбөш керек. Бул дайындоо канчалык туура болгонун убакыт көрсөтөт, - деди Атамбаев.

"Кой-Таштагы жер мыйзамдуу"

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үй салган жерин Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алган. Ал жер президентке бабаларынан калганын айтты.

- Мен бай адаммын. Мародер эмесмин. Өз жериме адам катары үй салууга укуктуумун. Жер тилкесин сатып алып жатканда Албекке ичиң оорубагандай болсун, канча айтсаң да сатып алам деп айткам, - деди Атамбаев.

Президент үйдү Кой-Ташка атайын салып жатканын, анткени бул айылда билим алганын кошумчалады. Президент керек болсо ал жакка дагы бир үй саларын билдирди.

Атамбаев: Кой-Ташта үй салган жер тилкеси мыйзамдуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерге үй курду деп айыптап чыккан.

2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган эле.

"Камбар-Ата ГЭСтери жакшы долбоор"

Анын сөзү боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорго кирүүгө Казакстан даяр:

-Бул долбоор Өзбекстанга да, Казакстанга да жетиштүү өлчөмдө суу берүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Биз жакшысы – ар кандай шектенүүлөр болбошу үчүн ГЭСти Өзбекстан менен чогуу курушубуз керек.

Президент Кара-Кечеге ТЭЦ куруу да бүгүнкү күндүн иши экенин белгиледи. Анын айтуусунда, 50 жылдан кийин көмүр пайдаланууга уруксат берилбейт, тонналаган көмүрдүн пайдасы жок болуп калат.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну Орусия колуна алган. Бирок белгиленген мөөнөттө иш башталбаганына байланыштуу келишимди Кыргызстан тарап бир жактуу бузуп, баш тарткан. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстан каршы чыккан.

"Себат" мектептери “Сапат” болуп өзгөртүлөт"

"Себат" мектептери “Сапат” болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

"Белизгейт" тастыкталбаса Сегизбаев иштен кетет

"Муну өзү да билет", - деди президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында.

Мамлекет башчы бул жерде кылмыш ишин козгоо тууралуу эмес, түшкөн маалыматтарды текшерүү жөнүндө сөз болуп жатканын айтып, бул боюнча иликтөөнү толук жүргүзүүгө күч органдарына убакыт берүү зарылдыгын белгиледи.

Атамбаев 2010-жылы мародерчулук болгонуна да ишенет:

- Беш жыл мурун эч нерсеси жок киши кокустан эле мультимиллионер болуп кала албайт да, - деди президент.

Атамбаев: "Белизгейт" тастыкталбаса Сегизбаев жоопко тартылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

"АКШ менен мамилени бузбайбыз"

Америка Азимжан Аскаровго сыйлык берүүдөн мурда карап чыкса болмок деген пикирин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан-АКШ мамилеси тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчы АКШ менен теңата мамиледе болуу керек деп эсептейт. Алмазбек Атамбаев ошондой эле сырттан келип жаткан насыя акчалар боюнча да айтып, насыя акчадан зыян жоктугун, аны алып, экономиканы өнүктүрүү үчүн колдонуу зарылдыгын белгиледи:

- Эч нерсе курбай, эч нерсе жасабай, оппозициядагылардын оозун тиктеп отура берели. Жолдорду туура эмес куруп жатасыңар деп жатышат. А мен жолдор экономиканы өнүктүрүүнүн кепилдиги деп айтар элем. Биз ансыз деле жол менен электр энергиясына кредит алып жатабыз.

Мамлекет башчы кийинки жылдан тарта Кыргызстанда ири заводдор ишке кире баштайт деп билдирди. Анын айтуусунда, референдумдан кийин ишканаларды Салык кызматынан башка эч ким текшерүүгө акысы жок болуп калат. Ишкерликке кенен мүмкүнчүлүк берилет.

Атамбаев: АКШ менен мамилени бузалы деген оюбуз жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

"Орус аба базасынын мөөнөтү 15 жылга узартылды"

"Мурдагы бийликтер түзгөн келишим боюнча, базанын мөөнөтү 25 жылга узартылышы керек болсо, биз аны 15 жылга чейин кыскартууга жетиштик",- деди президент Алмазбек Атамбаев.

Ал ошондой эле Кыргызстан коопсуздугун өзү коргоого тийиш экенин да белгилеп, “Орусиянын да, Американын да аскер базаларысыз, өз күчүбүзгө таянышыбыз керек. Өз армиябызды түзүп, көз карандысыз мамлекет болгубуз келсе, өзүбүз үчүн төлөөгө үйрөнүүбүз зарыл”, - деди.

Президент мындан тышкары АКШ аба базасы өлкөдөн өз учурунда жана туура чыгарылган деп бекемдеди. ​

Жыйынга кирбей калган журналисттер

Президент Алмазбек Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына катышууга айрым журналисттерге уруксат берилбеди. Алар - "Сентябрь" каналынын кабарчысы Болот Абдыжапаров, оператору Ренат Эламанов, “Республика” гезитинен Махинур Ниязова жана Fergana агенттигинен Улугбек Бабакулов.

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" билдиргендей, аталган журналисттер мурда жыйынга барууга каттоого алынышкан, бирок белгисиз себептен улам 30-ноябрда тизмеден чыгарылган.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы алар убагында аккредитациядан өтпөгөнүн, эми атайын чагым уюштуруп жатканын билдирген. Бирок президент аларды атайын киргизбегенин моюнга алды.

Ал айрым журналисттер кесибинин талабына ылайык иш алып барышпайт деп нааразы болду:

- Силердин ишиңер - көргөнүңөрдү так чагылдырып берүү. Бизде болсо, кимдир-бирөөлөрдүн пайдасына иштеген журналисттер бар, аларды журналист деп атоого да болбойт. “Сентябрь” телеканалын киргизген жокпуз, бул биз Текебаевди өлкөнүн өнүгүү стратегиясын талкуулоого чакырып алып, сунуштардын ордуна ызы-чууларды угуп отурган менен барабар. Бизге мунун кереги жок, биз иштешибиз керек.

Жыйынга кирбей калган журналисттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Текебаев: Атамбаев реалдуу турмуштан алыстаганын көрсөттү

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүлөрүн реалдуу абалдан алыстап кеткендик катары баалады:

- Атамбаев биздин аракетибизди доктор Апастын пикири менен салыштырып жатат. Ал муну менен доктор Апастан айырмасы жок экенин жана реалдуу дүйнөдөн кыйла алыстап кеткенин көрсөттү, - деди Текебаев.

"Ата Мекендин” лидери президент Атамбаевге импичмент жарыялоого толук негиз бар экенин белгилеп, бул маселе убагы келгенде парламентте караларын кошумчалады:

- Импичменттин реалдуулугу саясий кырдаалдан, Атамбаевдин ошол жагдайды түшүнө билишинен көз каранды. Ал бүгүн реалдуулукту түшүнбөй, келекелеп күлүп жатат, кырдаал өзгөргөндө кандай сүйлөрүн биз көрөбүз, - деди Өмүрбек Текебаев.

Текебаев президент Кой-Таштагы жерди мыйзамсыз алганын дагы бир жолу эскертип, экономика начарлап, эл оор абалда жашап жатканда өтө чоң үй салганын “көпкөндүк” катары баалады.

Байкоочулардын баасы

Ал арада өлкө башчысынын жыл жыйынтыгы ар кандай талкуу жаратты. Пресс-конференцияда акыркы беш жыл аралыгында же соңку бир жылда эмнелер жасалганы тууралуу конкреттүү эч нерсе сөз болбогонун сындагандар басымдуу. Алардын бири, коомдук ишмер Эдил Байсалов президент жана анын командасы эч кандай мактанарлык иш кылбагандыктан маалымат жыйында жалпы, кайталанма сөздөр көп болгонун белгилейт.​

- Кыргыз эли байыркы эл деген сыяктуу мурунку сөздөрүн көп айтты. Акыркы бир жылда эмне жасалганы тууралуу маалымат берилген жок. Анткени мактана турган жетишкендиги деле жок. Кыргыз эли улуу эл, дүйнө эли кыргыздардан тараган деген сөзүнөн башка эч нерсеси жок. Бул үчүн сүйүнүп жаткан жерибиз жок, тескерисинче арданып жатабыз.

Бир багыттуу тышкы саясат...

Өлкө башчысы мындан сырткары тышкы саясатта Орусия менен Кытай стратегиялык өнөктөш бойдон каларын айтып, кыргыз-түрк, кыргыз-америка алакаларын теңата гана негизде жүргүзүү керектигине токтолду. Саясат талдоочу Эмил Жураев маалымат жыйында тышкы саясат боюнча туруктуу бир багыт болбогонун белгиледи:

- Беш жылда азыркы бийликтин туруктуу, бир системалуу багыты жок болду. Бир гана Орусия стратегиялык өнөктөш деген позицияны карманып келебиз. Бирок дүйнөдө башка да өлкөлөр бар да. Маселен, Түркия, АКШ жана жакынкы коңшуларбыз менен кызматташтыкта көптөгөн түшүнбөстүктөр болду. Бул бир гана президенттин эмес, анын командасынын кемчилиги.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында президенттик кызматка киришкен. Ал жылына эки жолу маалымат жыйынын курууну салтка айлантып келет. Анын президенттик мөөнөтү келерки жылдын декабрында аяктайт.

Атамбаев 2020-жылкы парламенттик шайлоого КСДП партиясын өзү даярдаарын да кошумчалады.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG