Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

“Колдо бар алтындын баркы жок”


Айнура Шаршембиева – көркөм гимнастика боюнча спорт чебери. Ал соңку алты жылдан бери Кыргызстанда өткөн бий сынактарында дайыма баш байгенин ээси болуп келатат. 17 жаштагы Айнура “башкы максатым өз өнөрүм аркылуу Кыргызстанды бүт дүйнөгө даңазаласам” деп тилек кылчу экен. Бирок каражаттын жоктугунан, эшик каккылап, демөөрчү издеген аракетинен майнап чыкпай, көптөгөн эл аралык бий сынактарына катыша албай калып катуу арданган.

Айнурага жакында Израилден чакыруу келип, эми ошол мамлекеттин атынан 2012-жылы өтчү Лондон олимпиадасына катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

- Сиз көркөм гимнастика боюнча Кыргызстанда бир топ ийгиликтерди жараттаңыз. Бирок жакында Кыргызстандан кетүү ниетиңиз бар турбайбы? Эмне үчүн?

- Кыргызстанда көркөм гимнастика өнүккөн эмес. Бирок ошого карабастан бул өнөргө кызыккан жаштардын саны арбын. Эң өкүнүчтүүсү, бийчилерге таптакыр колдоо жок. Чын эле эч ким колдобойт, көңүл бурбайт. Демөөрчү табыш абдан кыйын. Мисалы, мага ар кандай эл аралык сынактарга катышууга көп эле жолу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Барып катышу үчүн жадагалса жол акысына колдоо таппадым. Ошон үчүн ушундай чечимге келдим. Арга жок, Кыргызстандан кетүүгө мажбурмун.

- Кайсы өлкөлөргө чакыруулар бар?

-2008-жылы Израилдин Холон шаарындагы “Гран-При” аттуу таймашына катышып, отуз төрт өлкөнүн арасында он үчүнчү орунду ээлегем. Ошондон кийин мага Израилдин машыктыруучулары келишим менен иштөөнү сунуш кылышты. Алар мага бардык шарттарды түзүп беришет, бирок мен Израилдин атынан 2012-жылы Лондондо боло турган Олимпиадалык оюндарда чыгышым керек.

Мындан тышкары Африка өлкөлөрүнөн да сунуштар болгон. Ал жакта келечек бар десек болот. Маселен дүйнөлүк масштабдагы турнирлерге катышып, тажрыйба топтоп күчтүү гимнасткаларынын арасына кошула алам. Машыктыруучулар да абдан тажрыйбалуу, көптөгөн чемпиондорду тарбиялашкан.

- Сиздин айтканыңыздан улам Кыргызстанда гимнастикага жасалган мамиле кандай болду экен деп абдан кызыгып калдым. Чын эле таптакыр көңүл бурулбайбы?

- Көңүл бурбаганы чын. Биздин спорткомитет эмнегедир спорттун ушул түрүнө эч кандай көңүл бурбайт. Акыркы жолу мага 2008-жылы Киевге барганда гана бир эле жолу колдоо көрсөтүштү. Негизи Кыргызстанда колдоого ээ болгон гана спорт түрлөрү ийгиликке жетишип жатат, бизге колдоо аз, ошондуктан медалдар, ийгиликтер да аз.

- Бир жолу эл аралык таймашка катышып келүү үчүн канча каражат кетет? Демөөрчүүлөргө кайрылган учурларыңыз да көп эле болсо керек?

- Бир өлкөгө барып сынакка катышып келүүгө 2 миң, 3 миң долларга чейин каражат керек. Ар кандай демөөрчүүлөргө кайрылганда “кайра чалабыз”, “кечиресиз, азырынча колубуздан келбейт” дешет. Бирок кээде чын дили менен колдоп жооп кайтаргандар да кездешет.

- Спорттун бул түрүнө алгачкы кадамдарды жасап жатканда сиздин кыялдарыңыздын чеги эмне болчу эле?

-Көркөм гимнастикага мен он бир жашымда баргамын, бул спорт үчүн аябай кеч. Бирок бардык күчүмдү таштап, он эки жашымда эле Кыргызстандын абсолюттук чемпиону болдум.

Спорт дүйнөсүнө киргенден тартып мен Дүйнөлүк чемпионатка катышууну жана Азия оюндарында он күчтүү гимнасткаларынын катарына кирүүнү кыялданам. Бирок бул деңгээлге жетиш үчүн Олимпиадалык даярдоо борборунда көп убакыт машыгыш керек, ал жакка бир күн үчүн жүз доллар төлөйсүң. Мындай көп суммадагы каражат төлөп машыгуу менин колумдан келбейт.

2008-жылы Киевдеги Дүйнөлүк кубок таймашына катышып көргөм, мен үчүн бул биринчи чоң таймаш эле. Таймашта жарым финалга өтүп, 48 өлкөнүн гимнасткаларынын арасында алдыңкы жыйырманчы тизмеге илингем. Ошондо мага Орусиянын башкы машыктыруучусу Ирина Винер келип, мени Москвада орун алган Олимпиадалык даярдоо борборунда чакырган. Ал жакка дүйнөнүн эң күчтүү спортчулары гана чакырылат. Бирок каражат тартыштыгына байланыштуу баралбадым.

-Биз сизге көп ийгиликтерди каалайбыз. Эми Кыргызстанга кайтып келесизби?

- Албетте мен Кыргызстанда эле калгым келет. Маектин башында айтпадымбы, эгерде колдоо болуп, көркөм гимнастикага көңүл бурулса мен таптакыр кетмек эмесмин. Азыр да аргасыз кетип жатам. Бирок алар мага Израилде калууну да сунушташы мүмкүн, себеби алар Израилдин атын чыгарууга катуу аракет кылышат. Кандай болгондо ал жакта мен көп жылга калышыма туура келет.

“Колдо бар алтындын баркы жок”
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
XS
SM
MD
LG