Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Көрүнүктүү кыргыз жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматов 2006-жылы “Тоолор кулаганда” аттуу акыркы чыгармасын жаңы жазып бүткөндө “Азаттыкка” маек курган эле. Анда улуу жазуучу аталган чыгармасы, улуттук идеология, жаштар тууралуу айтып берген.

- Шарты келип, учуру келип турганда “Азаттыктын” угармандарына жаңы чыгармам тууралуу айтып коеюн. Анткени ар бир автор мүмкүн болушунча көбүрөөк окурмандарынын болушуна аракет кылат, тилейт. Москвадагы “Дружба народов” деген тээ эскиден калган негизги адабий журналдын толук бир номуруна "Тоолор кулап жыгылганда” аттуу жаңы чыгармам чыкты. Мына ошол чыгармам баштан-аяк азыркы биздин үстүбүздөгү заманыбызга арналган.

Бүгүнкү күндө, ушул тарыхтын агымында, ушундай шартта, адам инсан катары эмне тапты, эмнеден ажырады? Өзгөчө мынабул глобализация агымы баардык дүйнөнү каптап келатпайбы. Глобализация жандашпаган турмуштун бир да тармагы калган жок. Ошол глобализация менен жеке инсандын кандай мамилеси болууга мүмкүн, глобализация анын тагдырына, турмушуна, аң-сезимине канчалык таасир этерин билдирүүгө аракеттендим. Азыр ал чыгармам чет тилдерине да которулуп атат.

Бир жагынан, азыркы турмуш, тарых глобализациясыз мүмкүн эмес. Экинчи жагынан ар бир эл, улут өзүнүн маданиятын глобализацияга үзөңгүлөш болуп туруп сактап калышы зарыл. Жалаң эле глобализациянын жалпы, универсалдуу табылгаларын гана эмес, өзүбүздүн эскиден калган, азыр жаңыдан өздөштүргөн улуттук баалуулуктарды сакташыбыз керек.

- Азыркы чыгармачыл чөйрөдөгү кыргыз жаш мууну менен таанышсызбы? Эгерде тааныш болсоңуз, аларга кандай деп баа бересиз?

- Бул жагынан айтыш кыйыныраак. Анткени мен көп жылдардан бери дипломатиялык кызматта жүрөм. Келген сайын байкайм: жаштар улам биринин артынан бири жетилип келатат. Азыркы жаңы замандын маданиятын алууга жетилип калган жаш муундар мурункуларга караганда маалыматтын, Интернеттин таасири менен өскөнүн байкадым.

Муну менен катар өтө кейитчү нерселер бар. Темир жолдун боюнда чоң жол бар. Ошол жол менен машина менен ары-бери өткөндө топураган жаштардын отурганын көрөм. Жол боюнда, дарактын түбүндө жапжаш, жетилип турган убакта кызматы жок, иши жок отурушат. “Иш болобу, бирөөлөр келип чакырып кетеби”, деп күнүгө, эртеден кечке чейин отурушат. Ушунун өзү абдан чоң проблема. Мындан артык чоң проблема болууга мүмкүн эмес. Анткени булардын келечегин оңобосо, жардамдашпаса, анда элдин да, өлкөнүн да турмушу татаал, кыйын болот.

- Кийинки суроомду мамлекеттин улуттук идеологиясына байланыштырып берейин дегем. Ушул тапта улуттук идеологияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор түзүлүп, иштелип жатат. Сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстанга кандай идеология керек?

- Улуттук идеологияны абдан терең ойлоп, иштеп чыгып туруп, көпчүлүктүн пикирин билиш үчүн аны элге угузуш керек. Улуттук идеология деген баардык жагынан каралган, текшерилген, анализден өткөн көп ой-санаалар. Ошолорду топтоп, жыйнактап, макулдашып, баарыбыз ошого жан дилибиз менен берилгендей болушубуз керек.

Улуттук идеология бош сөз эмес. Ал турмуштун бардык тармагына тиешелүү жаңы ой-санаалар.

- Коомчулукта улуттук идеологияны максаттуу түрдө иштеп чыгуу мүмкүн эмес деген пикирлер бар. Ал коомдо өзү эле жаралышы керек деп айтылат.

Бул да талаша турган маселе. Бирөөлөр андай дейт, башкалары тигиндей дейт. Бирок менимче эгерде аракет кылсак, баарыбыз жыйнактап, ар кимибиз салымыбызды кошсок улуттук идеологиянын теориясы пайда болушу мүмкүн.

- Айыл чарба институтун бүтүрбөдүңүз беле. Ал жактан алган билимиңиз турмушта кандайдыр бир жардамын бердиби? Сизди биз адабий чөйрөнүн кишиси деп тааныйбыз.

- Ал көп жылдар мурун болгон (күлүп). Кечээ жакында Агрардык университетте чоң жолугушуу болду. Чоң залда аябай маектештик, сүйлөштүк, пикирлештик. Ошол жолугушууда ушундай болуп кетет деп эч убакта түшүмө кирбейт эле, деп айттым. Туура жарым кылым, элүү жыл мурун мен да силерге окшоп студент болуп Айыл чарба институнда окуп жүргөм дедим. Анан, эң негизги пикирим ушундай болду: силердин ушу көздөгөн максатыңар, алган билимиңер бүт адамзатка керектүү нерсе. Көздөгөн максатыңарга канчалык талпынсаңар, ошончолук коомчулукка түздөн-түз жардам берген болосуңар, деп айттым.

Мындайча айтканда, күндөлүк оокатты айыл чарба берет да. Калганынын баары, саясаты болобу, маданияты болобу баардыгы ушуга байланыштуу. Демек силер турмуштун жана илим-билимдин эң негизги орчундуу тармагын өздөштүрүп атасыңар дедим. Көп нерсе өзгөрдү, бирок өзгөрбөй турган нерсе - айыл чарба. Бул турмуштун негизи. Айыл-чарба билими да турмуштун негизин түзө турган билим. Муну биз ушундай деп түшүнүшүбүз керек. Космоско да учуш үчүн айыл чарба өнүгүшү керек.

- Жарым кылым мурун ойлобогон нерселер болуп кетти деп айтпадыңызбы. Ошол кездеги сиздин “бакыт” тууралуу түшүнүгүңүзгө сиңирилген баалуулуктар менен азыркы баалуулуктарды салыштырып болобу? Дегеле сиз үчүн “бакыт” деген эмне?

Өзгөрүштөр албетте болот. Аны айтыш кыйын. Ар ким бакытты өзүнчө түшүнөт. Ал өзүнчө узак тема...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG