Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

АЙТМАТОВ КЛУБУНУН АЛДЫДАГЫ ИШТЕРИ ТУУРАЛУУ


Кыргызстандагы “Айтматов клубу” Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата жазуучунун кыргызча 8 томдугун, Айтматов тууралу жаңы жыйнактарды, Түркияда жолугушууларды жана Айтматовдун 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий жыйынды өткөрмөкчү. Мааракелик иш-чаралар боюнча “Айтматов клубунун” президенти Абдылдажан Акматалиев менен кабарчыбыз Фатима Абдалова аңгемелешкен.

- Абдылдажан мырза, Айтматовдун мааракелик жылында “Айтматов клубу” кандай иш-чараларды өткөрмөкчү?

- Биринчиден Айтматовдун кыргызча 8 томдугун чыгарып жатабыз. Учурда 6 тому басылып бүтүп калды. Айтматовдун өзгөчө Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жазылган макалаларына басым жасалды.

- Экинчи иш-чараңыздар кайсы болмокчу?

- Октябрга чейин Айтматовдун чыгармачылыгына арналган Эл аралык илимий жыйын өткөрмөкчүбүз. Чыңгыз агабыз менен бирге чакырыла турган коноктордун тизмегин түзүп да койгон элек, аттиң... Бирок эми да ошол тизмекти сактоого аракет кылабыз. Бул жерде дүйнөдөн бир эле адабият, маданият ишмерлери эмес, башка тармактардын ири өкүлдөрү да чакырылмакчы.

- Сизди Түркияга Айтматовго байланыштуу баратат деп уктук...

- Ооба, өткөн жылы Түркиянын Элазыг шаарында маданият күндөрү өтүп, Элазыг шаарынын сейилбагы Чыңгыз Айтматовдун атынан аталган болчу. Чыңгыз Айтматов өзү сөз сүйлөп, Кудай буйруса келип турарын айткан эле... Эми минтип Элазыгда Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө чогулуп атабыз... Ошондой эле түркчө менин Айтматов тууралу макалалардан турган “Чагылган үндүү Манасчы Айтматов” аттуу китебим чыгып жатат.

- Сиздин “Бийиктик” басмасынан “Ааламдын Айтматову” деген китебиңиз чыгып жатат, токтоло кетсеңиз?

- Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө мурда-кийин жазылган макалаларымды “Ааламдын Айтматову” деген аталыш менен чыгарып жатам. “Кыямат”, “Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда” жөнүндөгү жаңы макалалар айрыкча студенттерге пайдалуу. Китепте ошондой эле “Айтматов тууралу этюд” деген бөлүм бар. Мында Айтматовдун жандүйнөсү, эл менен, табият менен мамилеси, дагы башка адамдык сапаттары менин жеке баамыман алынып жазылды.
XS
SM
MD
LG