Маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков санарипке өтүү долбоору ийгиликтүү ишке ашканын билдирди. Анын айтымында, калктын 56 пайызы санарипке толук өттү.
“Алдыдагы эки айда 95 пайызын камтууга мүмкүнчүлүк бар”, - деди Казаков.
Өкмөттүн жыйынында санариптик берүүгө байланыштуу жалпысынан 17 укуктук ченемдер кабыл алынганы маалымдалып, мамлекеттик телеканалдардын материалдык-техникалык камсыздоо жагы ишке ашканы белгиленди.
Акыркы чечимге ылайык, аналог сигналдары быйыл 15-майда толугу менен токтотулуп, өлкө санарипке өтөт. Бул үчүн көрүүчүлөрдө атайын кошумча жабдуу же DVB-T2 MPEG4 форматында иштей алган телевизор болушу зарыл. (KJ)