Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Экс-вице-премьер министр, "акжолчу" Элмира Ибраимованын партия лидери, президент К. Бакиевге, партиялаштарына кайрылуусу коомдук-саясий чөйрөнүн көңүлүн бурган апта ичиндеги орчундуу окуялардын бири болду.

"Ак жол" элдик партиясынын төрага орун басары катары жолдогон кайрылуусунда Элмира Ибраимова партияны коррупциялык, үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруу, калктын коопсуздугун сактоо, демократиялык коом түзүү өңдүү түпкү максаттарын аткарбай, чакан чөйрөнүн кызыкчылыгын коргоп кетти деп күнөөлөдү. Ибраимова президент Курманбек Бакиевден саясатчылардын, журналисттердин коопсуздугу сакталбай, экономикалык секирик жасалбай, менчик корголбой, билим, маданият жогорулатылбай калгандыгынын, улуттук таламдардын ордун үй-бүлөлүк кызыкчылыктар ээлегендигинин себебин түшүндүрүп беришин сурады. Бийлик партиясынын алгачкы лидерлеринин бири Элмира Ибраимова мындай кайрылуу менен чыгышынын себебин “Азаттыкка”:

- Биз партияны эң жакшы максаттар менен түзгөнбүз, “Ак жол” эл үчүн кызмат кыла турган партия болот, деп аны элдик партия деп атаганбыз. Бирок партиянын мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалга эч кандай таасир эте албаган соң, мен партиянын төрагасынын орун басары катары партиянын карапайым мүчөлөрүнүн атынан төрагабыз, мамлекет башчы, Башмыйзамдын кепили болгон Курманбек Бакиевден эмне үчүн “Ак жол” партиясынын максаттары ишке ашкан жок? деп суроого милдеттүүмүн, - деп негиздеди.

Алгачкылардан болуп “Азаттыкка” пикирин билдирген партиянын фракциядагы мүчөсү Ажибай Калмаматов бул кайрылуунун моралдык-этикалык жагына күмөнсүндү:

- Устав боюнча кандай гана партия болбосун андан үч ай байланышын үзүп, мүчөлүк акысын төлөп турбаса ал киши автоматтуу түрдө партиядан чыгарылышы керек. Анан үч-төрт айдан бери эч үнү билинбеген Элмира айымдын чыга калып кайрылуу жасашы, анын үстүнө “Ак жол” партиясынын атынан чыгып сүйлөп жатышы моралдык укук береби-бербейби – ушуга мен таң калып турам.

Элмира Ибраимова болсо тескерисинче өзүн “Ак жол” партиясынын төрага орун басары деп эсептейт. Ал акыркы мезгилдери партиянын ишмердүүлүгүнөн четтетүү аракеттери болуп жаткандыгын, эми мындай аракеттер андан да күчөөрүн болжоодо. Бул аралыкта саясатчынын партиянын жетекчилигинен, мүчөлүктөн чыккандыгы жөнүндө маалымат таратыла элек.

Ибраимова 2007-жылкы кезексиз парламенттик шайлоодо жеңген “Ак жолдун” фракциясына биринчи жетекчиси болгон. Былтыр майда ошол кездеги парламент төрагасы Адахан Мадумаровго байланышкан жаңгак чатагы фракция башчысынын парламентти таштап, вице-премьер министрлик кызматка кетишин шарттаган. Бирок быйыл январь айында адегенде президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов, анын соңунан вице-премьер министр Элмира Ибраимова өз арыздары менен кызматтарынан кетишти. Кезинде саясий чөйрөдө муну президенттин айланасындагы саясий күчтөрдүн тирешүүсүнүн тыянагы, “Ак жолдун” ыдырашы катары бааланган. Мындай түкшүмөлдөрдү кийинчерээк Элмира Ибраимова маалымат каражаттарына “менин абийир - ар-намысым кызматтан жогору турат” деген билдирүүсү аркылуу кыйыр тастыктаган.

Көшөгө артындагы чыгаан саясий оюнчу атыккан Медет Садыркуловдун 13-мартта кабылган кайгылуу өлүмдүн артында саясат барын алгачкылардан болуп айтып чыгып, Ибраимова экинчи ирет бийликке каяша жасаган. Коомчулукта Садыркулов “Ак жол” партиясына күчтүү саясатчыларды, жоон топ партияларды киргизип, парламенттик шайлоодо атаандаш “Ата мекен” партиясынын жолуна бөгөт коюп, Жогорку Кеңешти көздөй президенттик партияга жол чапкан негизги фигуралардын бири катары айтылып жүрөт. Парламенттик шайлоо алдында чукул түзүлгөн “Ак жол” партиясын жарандык коом ушу күнгө чейин парламентти күч менен басып алды деп сындап жүрөт. Алар БШКнын төрайымы Клара Кабилованын Кыргызстандан качып кетишин мыйзам бузуунун, бийликтин ыплас аракетинин башкы далили деп санашат.

Садыркуловго жакын санаалаш, пикирдеш болуп келген Элмира Ибраимова табышмактуу өлүмдүн себебин табуу үчүн аракет жасап, бирок, партиялаштардан колдоо таппай калды. Парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия деле илең-салаң иш кылып, аты бар, заты жок комиссия болду. Бул тууралуу “Менин өлкөм” партиясын Садыркулов менен чогуу жетектеп келген азыркы “акжолчу” депутат, комиссия мүчөсү Галина Куликова мурдараак билдирген болчу.

Мына ушундай жагдайларды эске алган байкоочулардын кыйласы кайрылууну Садыркуловго жасалган мамиледен кийин партияны ыдыратууга жасалган аракет десе, башкалары Ибраимованы бийликтин саясатын тайманбай сындады деп, эрдик катары карашууда.

Оппозиция болсо идеяга эмес, кызматка байланган адамдардан куралган бийлик партиясында биримдик болгон эмес, болбойт дагы деп келет. “Ак жол” партиясынын ынтымагына байланышкан маселе былтыр жаңгак чатагынан улам пайда болгон. Ошол кездеги төрага Адахан Мадумаров сессияда ал кездеги президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловду, фракция башчысы Элмира Ибраимованы партияны былгытып атат деп айыптаган. Чатактын соңу анда Мадумаровдун парламент төрагалыгынан, Ибраимованын фракция башчылыгынан бошотулушу менен аяктаган. Садыркулов өлгөндөн кийин партия ынтымагына байланышкан маселе кайрадан ачык талкууга түшө баштады. Анткен менен саясат таануучу Марат Казакбаев партияда Садыркуловдун таламын талашкандар көп экенине ишеними жок:

- Кээ бир саясат таануучулар Садыркулов өлгөндөн кийин бөлүнүп-жарылуу болду деп айтып атышпайбы. Менин оюмча андай болгон жок. Ооба, Садыркулов бул партияны түздү. Бирок анын көп деле кадрлары жок да. Бул партияда Бакиев лидер экени анык.

“Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев Ибраимованын кайрылуусу партиядагы көп адамдардын ой-пикирин чагылдырып турат, бирок, кайрылууну ачык колдогонго чамасы жок дейт:

- Тилекке каршы бүгүнкү күнү ошолордун бардыгы кызматынан, бизнесинен же Садыркуловдой өрттөп ийет, өлтүрүп ийет деп, өз жанынан коркуп унчугушпайт, “Ак жолдон” ачык айтчу киши чыкпайт. “Ак жолго” күн карама, кара курсактын камын ойлогондор чогулган. Ошондуктан, ал жерде саясий жүрүш же саясий көз карашты коомчулук күтпөй эле койсо болот.

Чындыгында эле “ак жолчулар” да, бул партияга ыктаган башка саясий күчтөр да Ибраимованын кайрылуусун саясатчынын жеке көз карашы катары карап, ага анча маани бергиси келген жери жок. Партия лидерлери “Ак жол” ар кандай саясий оюндарды эрмектебей, экономикалык өнүгүүгө салым кошуу менен алектенерин байма-бай айтып келатышат.

Парламенттеги коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев акыркы окуяларды жаш партиянын өнүгүү жараянындагы кадырэсе көрүнүштөр катары карайт:

- Бул партияга эми араң бир жылдан ашты. Ордуна туруп атат. Кокустан кошулгандар алыстап кетет, алыстагылар жакындашат. Өз ордун издеп атат. Бул өсүү жолундагы эле проблемалар.

Президенттин партиясын кимдир-бирөө бөлүп-жарат дегенге коммунист-депутат дегеле ишенбейт.

Оппозиция жана анын тарапкерлери өз кезегинде президент Курманбек Бакиев жетектеген “Ак жол” партиясын мурдагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет түзгөн “Алга, Кыргызстан” партиясынан айырмалашпайт:

- “Ак жол” бул саясий партия эмес да. Бийликтеги бир үй-бүлөнүн башкаруусун мыйзамдаштыруучу гана саясий бир топ да. Ошон үчүн аны жарып деле кереги жок. Ал өзүнөн өзү жарылган. Бакиев бийликтен түшөрү менен эле өзүнөн өзү жок болуп, жоюлуп кетчү партия, - дейт Эмил Каптагаев.

“Ак жол” саясий партиясынын лидери, президент Курманбек Бакиев тескерисинче бул партияны бир кишинин кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин демилгеси менен, өлкөнүн келечеги үчүн түзүлгөн партия деп эсептейт. Муну президент партиянын бир жылдыгына карата берген интервьюсунда айткан. Талдоочу Марат Казакбаев “Ак жол” Кыргызстандагы калыптануу жолуна түшкөн карылуу саясий партиялардын сабында санап, бирок, башкы өксүгү элге чыкпай атканында дейт:

- “Ак жол” мыйзам чыгаруу боюнча парламентте жакшы эле иштеп атат. Бирок парламенттин тышында иш жүрбөй атат. Буга ким күнөөлүү? Менимче, биринчиден, партия өзү. Депутаттар элге чыгып, президенттин саясаты тууралуу айтышы керек эле. Менимче “Ак жолдун” мүчөлөрү элден же оппозициядан коркуп атышат. Азыр кризис болуп, сын көп болуп атпайбы. Менимче ушул өңүттө баркы түшүп кетти партиянын.

Партиянын 100 миңден ашык мүчөсү бар экендиги маалымдалды. Бул аралыкта катарын дагы көбөйтүү үчүн партия жергиликтүү бийликтер, окуу жайлар аркылуу жарандарды милдеттүү түрдө мүчөлүккө алуу аракеттери көрүлө баштады деген маалымат тарады. Муну оппозиция бийлик партиясынын президенттик шайлоо алдындагы адаттагы мыйзамсыз аракети катары баалашууда.

Президенттик шайлоого талапкерди көрсөтө турган курултайды партия 1-майда өткөрүүнү болжоп турат. Бул курултайдын алдында бийликтин партиясына, анын лидери, президент Курманбек Бакиевге каяша жасаган Элмира Ибраимованы саясий кеңештин, партиянын катарынан чыгаруу аракети көрүлүп жаткандыгы да кабарланды. Бул аралыкта Ибраимова оппозицияга өтүшү толук ыктымал деген божомол пайда болду. Бирок бул өңүттө саясатчынын өзүнөн да, оппозициядан да шек-шоорат чыга элек.

PS: Макала сайтка даярдалып жатканда "Ак жол" партиясынын саясий кеңеши Элмира Ибраимованы партия катарынан чыгаргандыгы маалымдалды.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG