Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

А. Калмаматов: Элмира Ибраимова "Ак жолдон" май айында эле четтеген


Президент Курманбек Бакиев баштаган “Ак жол” партиясынын төрага орун басары болуп келген мурдагы вице-премьер министр Элмира Ибраимова кечээ президентке, партия мүчөлөрүнө кайрылып, бир катар талаптарды койду. Кайрылууга байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна “Ак жол” партиясынын мүчөсү, депутат Ажыбай Калмаматов жооп берди.

- Ажибай мырза, сиз Ибраимованын кайрылуусу менен таанышып чыксаңыз керек, партиячы анда төрага орун басары катары “Ак жол” элдик партия деген ишенимди актабай, башка жолго түшүп кетти, үй-бүлөгө кызмат кылган саясий топко айланды деп атат. Ага өзүнүн негиздерин келтирген экен. Сиздин пикир?

- Элмира айымдын бул кайрылуусун кечээ кечирээк окудум сиздердин сайттан. Эми Ибраимова биздин партияны парламентте беш ай жетектеп турду. Сегиз айдын тегерегинде вице-премьер болуп турду. Ал киши өткөн жылы майдан тартып эле партиянын ишинен четтеди деп айтсам болот. Ал эми январдан бери таптакыр эле байланышын үзүп койду. Устав боюнча кандай гана партия болбосун андан үч ай байланышын үзүп, мүчөлүк акысын төлөп турбаса ал киши автоматтуу түрдө партиядан чыгарылышы керек. Анан үч-төрт айдан бери эч үнү билинбеген Элмира айымдын чыга калып кайрылуу жасашы, анын үстүнө “Ак жол” партиясынын атынан чыгып сүйлөп жатышы моралдык укук береби-бербейби – ушуга мен таң калып турам.

- Ибраимова төрага орун басарлыгынан расмий бошогонбу? Саясий кеңеште каралды беле же карала элекпи?

- Саясий кеңештин өткөн жылкы чогулуштарында эле ал киши кайрылуусунда айткан мен бул жумушка өткөндүгүмө байланыштуу эки иште иштей албай калдым деп, өзүнүн кызматын Жогорку Кеңештеги депутатыбыз Автандил Арабаевге өткөрүп берген, үлгүрө албай жатам деп.

- Ошентсе да партиянын төрага орун басары, вице-премьер болуп иштеп, саясий айдыңда жүргөн киши кайрылып жатпайбы. Ошондуктан, кайрылуу боюнча дагы бир суроом бар. Ибраимова президент Бакиев эл күтүп аткан суроолорго жооп бериши керек деп атат. Маселен, эмне үчүн жарандардын коопсуздугу сакталбай калды, мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар табышмактуу өлүп, жоголуп, журналисттер опурталдуу жагдайда жашап атат, экономика, мамлекет туугандык башкарууга өттү, билим берүү, маданият төмөндөдү, улуттук таламдар үй-бүлөлүк таламдарга алмашты деп сурап атат. Сиз кандай дейсиз?

- Ал киши өзү алты пункттан турган суроо-талаптарын коюптур. Эми өзүнө түз суроо бере турган болсок, мына экономикадагы секирик жөнүндө же журналисттер коркунучта калды дептир. Экономикалык секирик боюнча: мына 2005-жылы бюджетибизде 18 млрд. чыгаша бөлүм болсо бюджетте, бүгүнкү күндө өткөн жылды 48 млрд. сом менен аяктап отурабыз. Муну эми көзүн таңып койгон киши эле көрбөй калбаса, каржылык жактанбы, экономикалык жактанбы өсүш болуп атканын адамдар көрүп эле атышат. Жылына бир 60-70тен мектеп курулуп атат. Мурда он беш жылда 15ке жетпеген мектеп курулган. Быйылкы жылдын бюджетинен эле 3млрд. 800 миллиондун тегерегинде капиталдык курулушка салынып атат.

Анан ал киши билим, илим, маданият деңгээли төмөндөдү дейт. Ал кишиге сегиз ай ошол тармакты тейлеп турганда ким тоскоолдук кылды билимди, маданиятты, элдин алеп-ахлагын, моралдык жагын көтөрүүгө?

- Ибраимованын ушул кайрылуусу “Ак жол” партиясынын ичинде ажырым кетти деген имиштерге далил болгон жери жокпу? Партиянын азыркы ынтымагы кандай?

- Эми ал киши фракциянын жетекчилигин өткөн жылы май айында тапшырып берди. Ага чейин ал кишинин кыймыл-аракеттеринде, парламенттин ичинде аткарган жумуштарыбызда бизде анча-мынча жасаган кээ бир саясаттарын көрүп жүрдүк. Бүгүнкү күндө, мисалы, мен фракциянын ичинде ажырым болуп жатат же жик болду деген сөзгө кошула албайм. Муну өзүңөр деле биздин күндөлүк аткарган жумушубуздан, жыйындардан көрүп жүрөсүңөр. Бизде жик кетти же ажырым пайда болду дегенге кошулбайм.

- Рахмат сизге.

XS
SM
MD
LG