Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

С. Жайчибеков: Аксы окуясына күнөөлүү адамдар бийлик башында турат


Аксы окуясында алты адамдын өмүрү кыйылып, ондогон адам жарадар болгон.

Аксы окуясында алты адамдын өмүрү кыйылып, ондогон адам жарадар болгон.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аксы окуясында окко учкан Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө кыргыз өкмөтүн күнөөлүү деген чечим чыгарганын мурда кабарлаганбыз. Бул чечим Аксы окуясы боюнча сот өкүмдөрүн бузуп кайра адилет тергөө жасоого жол ача алабы? Аксы окуясында жабыркагандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” ой-пикир бөлүштү.

-Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети Элдияр Үмөталиевдин Аксыдагы өлүмүнө кыргыз өкмөтүн күнөөлү деп тапты. Бул чечим моралдык жактан башка кандай пайда берет жабыркаган тараптарга?

-Азырынча кандайдыр бир пайда берери жөнүндө так айталбайм. Себеби дегенде бул мамлекеттин өзүнүн иш аракетинен чыгат да. Анан БУУнун комитетинде сурап турушат кандай чара көрдүңөр деп. Мындай, тигиндей чара көргүлө деген так көрсөтмөлөр жок, бирок бул негизинен бул окуяга мамлекет күнөөлүү экендигин тактаган ачык, мындай айтканда юридикалык тастыктаган чечим.

Азыр көп учурда “биз акталып кеттик, биздин күнөөбүз жок, жогорку эшелондогулар айткан, биз аткарганбыз” деп атышпайбы. Ал сөздүн баары жокко чыкты деген түшүнүктү берет. Демек мамлекет күнөөлүү. Бул жерде кимдир бирөө акталып же такыр күнөөсү жок болуп калышы мүмкүн, бирок ошол окуянын журүшүнө түздөн-түз мамлекеттин катышы бар.

- Ушул юридикалык чечим өзүңүз айткандай эл аралык трибуналга кайрылууга негиз болуп бере алабы?

-Бир чечим Эл аралык трибуналга негиз болуп бере алат деп айта албайм. Бирок кийинки адамдардын арыздары негиз болот деп ойлойм, себеби дегенде мамлекеттин күнөөсүнөн бир эле адам өлгөн жок, бир эле адам жабыркаган жок. Баардыгы 33 адамдын арызы берилет мен топтогон материалдар боюнча.

- Ал канчалык деңгээлде аткарылып калды, качан тапшырылат ал арыздар?

-16 адамдыкы жөнөтүлгөн, кабыл алынган. Анан качан чечим чыгат, кандай болот аны айта албайм. Аксы окуясында майып болуп калган Асылбек Суусар деген жигиттики азыр даярдалып бүттү.

Ошол 18 - март күнү аны милиция кармап алып сабаган, ошол жигит майып болуп калды. Ал жигиттин арызын даярдап бүттүм, англис тилине которулуп жатат. Бир эки күндүн ичинде жөнөтүлөт.

-Аксы окуясы боюнча Кыргызстан соттору чечим кабыл алган эмеспи?БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими сот материалдарын кайра кароого жол ачалабы?

-Жол ачышы мүмкүн. Бул мамлекеттин өзүнүн каалосунан, аракетинен. Бирок азырынча мамлекеттин башында күнөлүү кишилер турат, ошондуктан алардын “менин күнөөм бар экен, мени соттогула” деп айтышына менин көзүм жетпейт.

- Сартпай мырза өзүңүз да айттыңыз, бир топ адамдар ал жерде каза болуп, каза болгондордон сырткары сабалгандар, жарадар болгондор өтө көп. Алардын азыркы кездеги абалы кандай, саны канча, алар менен кандай иш жүрүп жатат?

-Алар менен эч кандай иш жүргөн жок. Абалы боюнча: кээ бирөөлөр ден соолугу жакшы болуп кеткен учурлары бар. Кээлери начар, майып болуп калгандары бар. Психологиялык стресстен чыкпагандары бар. Ар кандай - жакшысы да, начарлары да бар. Мен негизинен 33 адамдыкын алгам, алар негизинен майып болгондор, жаракат алгандар, анан ден соолугу кайра калыбына келбегендер. Мындай калыбына келип жакшы болуп калгандардан алган эмесмин да.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG