Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

К. Ташиев: Көчкү алдынан 16 адамдын сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Аксы районундагы жер көчкү кырсыгы боюнча жана өлкө аймагындагы уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайлардын абалы тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде айтып берди.

- Камчыбек мырза, Аксы районундагы Райкомол айылынын Карой жергесиндеги жер көчкүдө калган адамдардын сөөгү толугу менен табылдыбы?

-Мен азыр Райкомол айылында турамын. Кечээ кечинде саат тогузда жер көчкүнүн алдында калган акыркы адамдын сөөгүн таап алып чыктык. Ошондо бардыгы болуп 16 адамдын сөөгүн таптык. Алардын тогузу жаш балдар, жетиси чоң адамдар болуп чыкты. Алардын жетөө аял, тогузу эркек экен.

- Көчкү алдында калган үч үй кооптуу жерде тураары мурда аныкталыптырбы?

- Бул Райкомол айылы тоонун арасында жайгашкан. Тоонун ортосунда аккан суунун жээгинде жайгашкан айыл болуп эсептелет. Бул жер мурдатан эле кооптуу айыл болуп эсептелинип келген. Бирок азыркы үч үйдү жер көчкү басып калган жерде жер көчүп үйлөрдү алып кетет деген божомолдор болгон эмес. Себеби дегенде көчкү аябагандай чоң болгондуктан суунун аркы бетинен, болжол менен эки жүз, үч жүз метр жерден жүргөн көчкү суунун берки бетиндеги үйлөрдү басып калган.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргызстандын аймагында опурталдуу аймактарга салынган тамдар боюнча (мониторинг) изилдөө жүргүзүлгөнбү?

- Бизде бул иш толук бойдон ар дайым жүргүзүлүп турат. Бизде иликтөө (мониторинг) жүргүзүүчү департамент бар. Алар кооптуу жерлерде жайгашкан үйлөр боюнча көрсөтмөлөрдү берип турат. Ушул Райкомол айылында эле 66 үйгө эскертүү берилген. Ошол 66 үй көчпөй турат. Азыр аларды жергиликтүү бийлик органдары менен тез арада башка аймакка көчүрүп кетүү керек.

- Маалыматтарга караганда Ак түз, Миң-куш, Майлусуудагы уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайлардын абалы начар экендиги айтылууда? Алардын коопсуздугу боюнча кандай иш чаралар көрүлүүдө.

-Акыбалы начар деп айтыш кыйын, бирок кооптуу деп айтууга болот. Себеби дегенде кайсы бир жердеги уу калдыктар жайгашкан жер ар дайым кооптуу болуп келген. Ал эми акыбалы жөнүндө айтсак, Майлуу-Суу шаарынын жанындагы уу калдыктар көмүлгөн жайлар боюнча үч жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк банктын каражатынын негизинде жумуш жүргүзүп жатат. Үч кооптуу деген участокторду оңдоп бүтүштү. Ал эми быйыл болсо өтө кооптуу деген алтынчы участокту жылдын аягына чейин оңдоп бүтүшөт. Ошондо Майлуу-Суу шаары боюнча 10 млн. 500 миң долларлык иш аткарылып бүтөт.

Миң-Куш боюнча дагы азыр чоң иштер жүргүзүлүп жатат. Азыр ал жерде эки долбоор иштеп, азыркы күндө Миң-Куш кандай акыбалда турат, ага кете турган каражатты тактап, долбоорлор иштелип чыкты. 21-24-апрелде Бишкекте уулу калдыктар көмүлгөн жайлар жөнүндө форум болот. Ошондо Кыргызстандагы уулу зат калдыктары көмүлгөн жайларга инвесторлорду тартуу дагы каралат. Июндун аягында бул маселеге инвесторлорду тартуу боюнча чоң форум болгону жатат.

-Чоң-Кемин өрөөнүндө Тар-суу айылынын тушундагы тоо арасында жер көчкүдөн көлмө пайда болуп, айылга коркунучу бар деп жергиликтүү тургундар айтышууда. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

-Азыр ал жердеги коркунуч жок. Кайсы жерде жер көчкү болгондон кийин тоолордун арасында суулар топтолуп кооптуу жагдай түзүлгөн учурлар болот. Эгерде эл отурукташкан жайларга зыян келтирүүчү коркунучтуу жагдай туулса, биз токтоосуз чара көрөбүз. Бирок көп эле көчкү түшкөн жерлерде бөгөлгөн суулар өздөрү агып кетет.

- Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG