Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Былтыр Кумтөрдө 17 тонна алтын өндүрүлдү


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Былтыр Кумтөр кенинде 550 960 унция же 17 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу “Кумтор Голд Компаниден» кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч болжолдонгон 540 миң унция алтын өндүрүүдөн ашкан.

Быйыл компания 505 миң унция алтын өндүрүүнү пландоодо. Анын 30 пайыздан ашыгы жылдын акыркы кварталында казылып алынат.

Компаниянын маалыматына ылайык, өнүгүүгө 2017-жылы 28 миллион доллар сарпталат. Ал кенди иштетүү, айрым жабдыктарды жаңылоо, калдыктарды сактоочу жайга жаңы дамба куруу жана жаңы техникаларды сатып алууга жумшалат.

Ысык-Көлдөгү Кумтөр алтын кенин кыргыз өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен бирге иштетет. Бул кендин айланасындагы акыркы талаш 2011-жылдан бери уланып, кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай келет. Быйыл жайында келишимдердин мыйзамдуулугун жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тапшырмасы берилген. Былтыр жыл аягында "Центерра" 2017-жылы кенди иштетүүгө бардык уруксат кагаздарды алганын жарыялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG