Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Т.Акун: Эл аралык стандартка ылайык долбоор жаздык


Жарандардын жыйындарды эркин өткөрүү укуктары жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору жөнүндө “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат берди.

-Көчө жыйындарын эркин өткөрүү укуктары жөнүндө жаңы мыйзам долбоор иштелип чыккан экен. Ошонун өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз?

- Биринчиден, бул долбоор былтыр түзүлгөн. Президенттин демилгеси менен, премьер-министрдин көрсөтмөсү менен беш кишиден турган жумушчу топ түзүлгөн. Өзүңөр билесиңер, мен акыйкатчы катары Исхак Масалиев тарабынан иштелип чыккан тынч чогулуу боюнча мыйзамга кол койбосун деп президенттен өтүнгөм.

Бирок, тилекке каршы, президент кол коюп ал мыйзамга, бирок менин өтүнүчүмдөн, коомчулуктан да четтеп кеталбай, демилге кылып премьер-министрге тапшырып, ал өзүнүн буйругу, көрсөтмөсү менен атайын жумушчу топ түзгөн. Анын эң негизги максаты Масалиев тарабынан иштелип чыккан мыйзамдын жетишпеген жактарын кайра карап чыгып, кайрадан иштеп чыгуу керек болчу.

Ошол боюнча иштеп, көп жолу чогулдук, талаштык-тартыштык, анан биз аны кайра карап чыкпай эле, жаңы мыйзам иштеп чыгалы деп жумушчу топтун атынан Дима Кабак жана Алмаз Эсенгелдиев деген күчтүү жигиттерди киргизип, анан жаңы мыйзамды иштеп чыкканбыз. Бирок бир жакшы жери ошол мыйзамды 16-октябрда катуу талуу кылып коомчулук тарабынан, депутаттардын арасында талкуулап, анан депутаттарга сунуш кылалы деп турабыз.

- Бул мыйзам долбоорунда жарандардын тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүүсүндө чектөөлөр жокпу?

- Бул жерде андай чектөөлөр жок. Биздин 2004-жылы кабыл алынган Конституцияда жазылгандай, пикет, митинг, демонстрация өткөрүү алдын ала билдирип коюу менен гана чектелет, уруксат алуунун эч кандай кажети жок деген принциптерде чектелген.

Андан тышкары бул мыйзам биздин 90-жылкы, 2005-жылкы Конституциянын долбоору сыяктуу эле Венецияга жиберилип, Венеция комиссиясынан оң корутунду алып келди. Ошонун чечими менен келди. Анын анча-мынча эскертүүсүн биздин балдар иштеп чыкты, азыр эл аралык стандартка жооп бере турган мыйзам болуп турат. Мен ойлойм, депутаттар колдоп берсе, биз дүйнөлүк коомчулукта өзүбүздүн жүзүбүздү сактап калат элек.

- Турсунбек мырза, муну жакын арада талкууга койгон атпайсыздарбы. Эгерде талкууга коюлуп калса, бул мыйзам долбооруна мурдагыд Масалиев баш болгон депутаттар кайрадан каршы чыкпас бекен?

- Каршы чыгары күтүлүүдө, Бишкек шаарынын мэриясы каршы чыгышы мүмкүн, Исхак Масалиев жанталашып каршы чыгышы мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү процесс да. Бирок акыйкаттык жеңип кетеби деп ойлойм, президент да колдоп берет деген ишеним бар. Бул 13-октябрда болот экен.

- Аны сентябрдын жарымынан кийин өтүүчү Борбор Азия боюнча адам укуктарына байланыштуу эл аралык конференцияга да талкууга коесуздарбы?

- Ал 21-22-октябрда болот. анда да башында, же аягында карайлы деп атабыз толук болбосо дагы. Күн тартибине кирген эмес, бирок сунуш кийин түштү, ошондо дагы эксперттерди ОБСЕден чакырып, ушул маселени да талкууласак деген оюбуз бар.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG