Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

2007-жылы болгон апрель митингилеринин учурунда Нарында милиция кызматкерлери тарабынан токмоктолуп, каза тапкан Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов атасы саясий репрессиянын курмандыгы болуп калганын белгилеп, 1 миллион доллар төлөп берүүнү өкмөттөн талап кылган эле. 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту арызды карап, аны жарым-жартылай канааттандырды. Сот сөөк коюуга кеткен чыгым үчүн деп 490 миң сом, ал эми моралдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берилсин деп чечти. «Азаттыктын» студиясында кабарчыбыз бул иш боюнча Урмат Акунов жана адвокат Канат Жайлообаев менен маектешти.

“Азаттык”: Урмат, мына 2-декабрда Бишкектин 1-Май райондук соту өзүнүн чечимин чыгарып, сиздердин берген арызыңыздарды канаттандырган экен. Ал жерде мамлекет моралдык жана материалдык айрым бир чыгымдарды төлөп берсин деп Ички иштер министрлигин бергениңиздер түшүнүктүү, ал эми Каржы министрлигин эмне себептен сотко бердиңиздер эле. Ушуну түшүндүрүп берсеңиз?

Урмат Акунов: – Биздин мамлекеттеги болгон структурасын түздөн-түз каржы министри каржылап турат экен. МВД, өкмөт дотацияда

Урмат Акунов

отурган мекемелер болуп эсептелинет экен, ушунун баарына акча бөлүштүргөн каржы министри экен. Ошондон улам биз каржы министрин бердик.

“Азаттык”: Иштин өзүнүн негизги өзөгүнө келели, Бектемир Акунов - сиздин атаңыз чындап эле милиция колдуу болгону биротоло аныкталды деген кеппи бул соттун чечими?

Урмат Акунов: – Соттун чечими Жогорку Сотко чейин келип аныкталды, такталды. Бул жерде түздөн-түз милиция кызматкерлеринин кетирген күнөөсү, айыптары аныкталды.

“Азаттык”: Демек, аларды кылмыш жасаган десек болобу?

Урмат Акунов: – Кылмыш жасаган.

“Азаттык”: Кылмыш жасады деген милиция кызматкерлери кандай жаза алышты, алар алган жаза сиздерди канаттандырдыбы?

Урмат Акунов: – Прокуратура бизге жылмалап, жумшак эле алып келди. Бул жагына дагы биз шүгүр дедик. Анткени милиция кызматкерлеринин бир канча деңгээлде күнөөсүн койду, Кожомбердиев Болот, Жунушбаев Бакыттын бирөөсү акталды, бирөөсү бир жыл сыноо срогу менен кетти.

“Азаттык”: Ушул иш боюнча адвокат, жактоочу Канат Жайлообаевге суроо берейин. Канат мырза, айтсаңыз, ушул ишти сиз дагы жакшы түшүнүп, билип калсаңыз керек. Сиздин түздөн-түз кийлигишүүңүз менен соттор ушундай чечим чыгарып атат. Сиз ушул иш боюнча кандай пикир айта аласыз. Жанагы күнөөлүү деп табылган эки милиция кызматкери жазасын татыктуу алдыбы, же жумшак болуп калдыбы?

Канат Жайлообаев: – Нарын шаарынын өкүмү боюнча эки милиция кызматкери каракчылык деген статья боюнча жазасын алышты.

Негизи терең жана объективдүү келсек, оор статьялар турмак. Мисалы кыйноо деген болду. Ошол боюнча, судмедэкспертизанын корутундусу боюнча сот тилекке каршы өзүнүн юридикалык баасын берген жок. Эгерде бергенде бул жерде “кыйноо” деген статья кошулмак. Өзүңүздөр билесиңер, бул саясий статья. Соттор принципалдуу келгенде ушундай оор статья менен чечим чыкмак.

“Азаттык”: Демек сиздердин оюңуздарча Бектемир Акунов саясий себептен каза болгондугу бул иштерде каралбаптыр да, бул катардагы эле өлүм катары бааланыптыр да сот жагынан алганда, туурабы?

Канат Жайлообаев: – Туп-туура. Бектемир Акунов өзү саясий иштерге катышып, Нарын шаарына ал-акыбалдарды айтып, элге жеткирели деген максат менен келген. Анан бул жактан саясий заказ деп коет экен, ошону менен ал киши кармалып, ошол убакта ал кишини убактылуу нейтрализовать этиш керек болчу.

“Азаттык”: Сиздердин берген арызыңыздардын негизинде 1-Май райондук соту материалдык чыгым катары 490 миң сом дейт, ал эми моралдык зыян келтирген үчүн 100 миң сом деп атат. Сиздер кандай деп ойлойсуздар, 100 миң жөнүндө, айрым учурда кайсы бир чиновниктер кээ бир гезиттерге арыз бергенде өзүлөрүнүн кадыр-баркын миллион сомго баалашат го. Бул жагынан алганда бул соттун чечими кандай, сиздерди канаттандырдыбы?

Канат Жайлообаев: – Сотторду түнүшсө болот, биздин көз карандысыз сот деген тилекке каршы кагаз бетинде гана калып атат.

“Азаттык”: Эми мындан ары Бишкек шаардык соту жана Жогорку Cот сиздер тараптан алганда сиздердин жеңишиңиздерди кайра жокко чыгарып коюшу ыктымалбы, эгер тиги тарап буга макул болбосо?

Канат Жайлообаев: – Эки жак тарап тең апелляция жана надзор жагынан өзүлөрү арыз менен кайрылышы мүмкүн. Себеби биз жактан өзүбүздүн аргументтерибиз бар моралдык зыян боюнча. Ал эми тиги жактын да өзүлөрүнүн пикирлери, сунуштары бар. Бирок биз моралдык зыяндын суммасын кайра караганга толук негиз турат. Ошондуктан бул жерде эч коркпойбуз.

“Азаттык”: Урмат сизге суроо. Өзүңүздүн атаңыздын каза болушун кандай деп баалайсыз, бул окуя жеке сиз үчүн эмнени көрсөттү, ушул биздин азыркы саясий режимдин алкагында алганда?

Урмат Акунов: – Атам каза болгондон бери биз көп жерде жүрдүк, көп жерди бастык. Бул жерде биздин мыйзам бир гана кишиге, же үй-бүлөгө иштээрин көрсөттү. Ал эми карапайым элге, биздин атабызга окшоп милиция кызматкеринин, бийликтин колунан каза болгондорго мыйзамдын азыраак, үстүнөн гана жеңилдеп иштерин мен көрдүм. Чукулда эле “Алиби”, “Де-факто” гезиттерине доо койгондо миллиондоп өндүрүп берип атат сот. Ал эми биз миллион доллар койдук эле, бирок 100 миң эле сом дешти. Бул жерде жалгыз гана мени эмес карапайым элди шылдыңдаганы. Бакиев деле айтып атпайбы, дүйнөлүк практикада рынок мынчага көтөрүлдү деп. Май, доллар көтөрүлсө анда рынок менен эсептешет экен. Ал эми бул жерде атамды жоготуп отурсак дагы, аркасынан 8 бала калып атсак дагы бизге 100 миң сом араң ыраа көрүштү.

“Азаттык”: Урмат айтсаңыз, азыркы Кыргызстандагы жагдайды кандай деп ойлойсуз саясий жагынан алганда?

Урмат Акунов: – Бул жерде кырдаал оор эле деп ойлойм. Анткени бийлик менен элдин ортосунда ишеним жок. Бийликке нааразы болгон адамдар абдан көп.

XS
SM
MD
LG