Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

А.Акунов: "Зайнидин Курманов - татыктуу төрага"


"Ак Жол" фракциясы 24-декабрда Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат З.Курмановдун талапкерлигин талкуулап, 66 добуш менен колдоду. Зайнидин Курмановдун талапкерлигин фракцияга президент негиздеген “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши сунуш кылган. Саясат талдоочу Аалыбек Акунов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш төрагалыкка Зайнидин Курмановду шайлады. Жаңы спикер парламентке кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн?

Аалыбек Акунов: Параламентке кескин түрдө өзгөрүүлөрдү алып келүү - оор иш. Бирок Зайнидин Курманов спикерликке татыктуу киши. Депутат катары да тажрыйбасы көп. Бул жөн эле катарадгы депутат эмес, комитеттерди башкарып келген. Активдүү депутаттардан болгон. Анын билими да күчтүү. Ал тарых илимдеринин доктору.

Совет бийлиги мезгилинде эле 1920-30-жылдардагы Кыргызстандын саясий тарыхынын, репрессия болгондорду актоо боюнча чыныгы тарыхын жазган кыргыздын мыкты жигиттеринен. Адамгерчилиги да абдан күчтүү. Курманов адамдар менен сүйлөшө билген, азыркы мезгилдеги кыргыздардын ички маселелерин да, Борбор Азияда жүрүп жаткан саясий процесстерди да, ааламдашуу жараяндарын да жакшы билет.
Эгер төрага ишти жакшы уюштурса, чындыгында бир топ нерселер өзгөрөт.


“Азаттык”: Соңку мезгилдерде парламенттин аброю түшүп калды деген сөздөр айтылып келет. Жаңы спикер ушул багытта кандай иштейт деп ойлойсуз?

Аалыбек Акунов: Тарыхта өзүнчө инсандын ролу жөнүндө кийинчирек көп айтпай калбадыкпы. Албетте парламенттин жетекчисинен көп нерселер көз каранды. Эгер төрага ишти жакшы уюштурса, чындыгында бир топ нерселер өзгөрөт. Кабыл алынып жаткан мыйзамдардын сапаты, парламенттин ичиндеги жалпы маанай, дегеле Жогорку Кеңештин, бийликтин үч бутагынын ортосундагы өзүнүн ролу деле жогорулашы мүмкүн.

“Азаттык”: Мурдагы төраганын дарегине бир топ сындар айтылып, “тил алчаак” төрага атка да конгон эле. З.Курманов да бир гана партиянын айтканынан чыкпаган төрага болобу, же көз карашын айта билип, өзүнүн эрктүүлүгүн көрсөтө алабы?

Аалыбек Акунов: З.Курмановдун өзүнүн ою, көз карашы бар. Ар бир каралып жаткан маселе боюнча өзүнүн оюн айтканга мүнөзү да туура келет, принципиалдуу жигит. Ал эми маселелер парламент коллегиалдуу орган болгондуктан кол көтөрүү, добуш берүү менен чечилет да, ал спикер болгону менен анын добушу бирөө эле. Бирок ошону керектүү, активдүү нукка буруп, кабыл алынып жаткан чечимдерди кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштеп бере тургандай нукка бурууга бардык мүмкүнчүлүгү да, шарты да бар. Биз ушул жагынан үмүттөнөбүз.

Азаттык”: Сиз буга чейин да мамлекеттик реформа жаатында иликтеп, китеп да чыгаргансыз. Азыркы жүрүп жаткан реформага кандай көз караштасыз?
З.Курмановдун өзүнүн ою, көз карашы бар. Ар бир каралып жаткан маселе боюнча өзүнүн оюн айтканга мүнөзү да туура келет, принципиалдуу жигит.


Аалыбек Акунов: Мен реформаларга оң көз караштамын. Бирок алар азыр жыйынтыктарын бере элек. Процесс жүрүп жатат, бирок ошол процесстин жүрүшү чоң мааниге ээ. Саясий реформада, мамлекеттик башкарууну реформалоодо сөзсүз эле бир жыйынтыкка жетип, "мына жеттик" деген эмес, процесстин илимий жактан далилденген, буга чейинки тажрыйбаларды пайдалангандай процессте жүрүшү маанилүү. Менин оюнча азыр башталып атат, буга оң мамиледемин. Эгерде башка өлкөнүн, өзүбүздүн башкаруу тажрыйбасындагы кемчиликтер кайра кайталанбаса, бул жакшы иш болот го деп ойлойм.

Тасмада: З. Курманов: Президенттик кеңешме керек

Зайнидин Курманов ЖК төрагалыгына шайланардан бир күн мурда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ойлорун айткан.

З. Курманов: Президенттик кеңешме керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

XS
SM
MD
LG