Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

А. Алагушов: "Азаттык" менен "Форумду" чырмаган желе бир эле жактан


15-мартта Бишкекте тартип коргоо органдары “Форум” гезитинин бүт нускасын тартып алды. Ички иштер министрлиги буга эмне негиз болгонун азырынча так маалымдай элек. Кыргызстандагы Медиа өкүл Акмат Алагушов бул көрүнүштү жарандардын конституциялык укуктарын басмырлоо фактысы катары айыптады.

- Чынын айтканда, бул укукка жатпаган мыйзамсыз көрүнүш. Анткени, соттун чечими жок, прокуратуранын же тергөө органдарынан токтом болуш керек, санкция алынган болуш керек, мотивация болуш керек да. Же иш козголдубу. Бул экстремисттик материал болуп атабы?

Сөзсүз соттун чечими болуш керек. ММК убактылуу токтотулсун, чыкпасын, же такыр эле ишмери кыскартылсын деген чечим болуш керек да. Андай эч нерсе жок. Булар болсо бир эле окуя болгон жерди карап чыккандагы протокол менен эле гезиттин нускасынын баарын тартып алышты.

- Мына ушул окуялар курултайлардын алдында, Жоогазын ыңкылабынын күнүн утурлай жасалып жатат. Буларды өлкөдө сөз эркиндигин кысмакка алуунун жаңы толкуну деп атоого болобу?

- Мен ойлойм, бул жерде маселе саясат жагында да жатат, эртеңки курултай боюнча. Мына “Азаттык” силердин окуяңар, интернеттеги чыккан “Фергана”, “Белый парус”, “Центральная Азия” ж.б. сайттарга бөгөт коюлуп атканы бул бир эле жактан болгон окуя деп ойлойм.

- Кыргыз бийлиги ушул окуялар тууралуу маалыматы жоктугун, эгер расмий кайрылса маселени чечүүгө аракет кылабыз деп атат. Бийлик тараптын сөзүнө ишенүүгө болобу?

- Мен ойлойм, бул бийликтенби, кайдан болсо дагы, азыр булар айтып атпайбы, расмий түрүндө изилдеп, карап, анализ кылып, анан жооп берели деп. Булар эртеңкиге чейин эч кандай жооп беришпейт деп ойлойм. Анткени атайын эле созуп салышат.

- Медиа уюмдар бул жаатта эмне кыла алышат?

- Биз чынын айтканда, бүгүн биз прокуратурага дагы, РОВДга да бардык "Форумдун" башкы редактору менен. Азыркы маалымат мындай, бул Улуттук коопсуздук кызматына да тиешелүү маселе болуп калды. Алар дагы алынган материалдарды карайбыз, текшеребиз, анализ кылып анан заключение беребиз деп атышат.

Биз дагы азыр ойлонуп атабыз, кимге кайрылуу жагын. Анткени УВД РОВДга тапшырыптыр. Прокуратура бул жөнүндө билет экен. Бирок расмий түрүндө жооп бербей атышат. Кандай болсо дагы Башкы прокурорго кайрылабыз, сотко беребиз сөзсүз. Граждандык кодекс боюнча, Кылмыш кодекс боюнча анализ кылып, эртең муну чечебиз.

XS
SM
MD
LG