Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Алайда акция, атчандар...


Алайда Исмаил Исаковдун жактоочуларынын каршылык акциясы 13-январда эле башталган.

Алайда Исмаил Исаковдун жактоочуларынын каршылык акциясы 13-январда эле башталган.

Алай районунун Сопу-Коргон айылында бүгүн Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган митинг башталды. Ага 150 чамалаш жөө адамдар жана 20дай атчандар катышууда. Алар бийликке бир талапты – Исмаил Исаковду актоону коюп атышат. Акцияга жергиликтүү милициянын чакан тобу көзөмөл жүргүзүүдө.

Экс-коргоо министринин бир тууганы Рапия Исакованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, митинг Сопу-Коргондогу Исаковдун атасынын үйүнүн короосунда өтүп жатат. Каршылык акциясын Исаковду коргоо комитети уюштурган.

Сопу-Коргон айлында генерал И. Исаковго боштондук талап кылган каршылык акциялары 13-январдан бери жүрүп жатат. Ачкачылык акциясында 10 киши отурат. Алардын ичинде И. Исаковдун 85 жаштагы апасы Анипа Маматисаева да бар.

И. Исаковду коргоо комитети мындан бир жума мурда эле 3-февралдан тарта мөөнөтсүз митинг-пикет, жөө жүрүш сыяктуу нааразылык акцияларына чыгуу чечимин кабыл алып, бул тууралуу жергиликтүү бийликке маалымдама жиберген.

Жергиликтүү бийлик Исаковдун жактоочуларына нааразылык иш-чарасын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Анын себебин Алай районунун акими Алмазбек Осмонов “Азаттыкка” мындайча түшүндүргөн:

- Комитет бизге кайрылган, “3-февралдан тартып акцияга чыгабыз” деп. Бирок ага кол койгондордун айрымдары бизге кайрылышты “биз кол койгон эмеспиз, сыртыбыздан макулдатып коюптур” деп. Ушуга байланыштуу жана аба ырайынын сууктугуна байланыштуу уруксат берген жокпуз. Анын үстүнө булар мөөнөтсүз акция деп атышат, мыйзамда андай деген жок, ар кандай акциянын башталышы, бүтүү мөөнөтү так жазылышы керек. Ошондуктан, уруксат берилген жок.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтбай Жээналиев бийликтин каршылыгына карабай нааразылык чаралары уюштуруларын билдирген.

Буга чейин Алай районунда И. Исаковдун жактоочулары саясий нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат бербегендиги үчүн жергиликтүү бийликти сотко беришкен. 19 күндөн бери уланып келе жаткан ачкачылык акциясына карата расмий бийлик “ак” да, “көк” да дей элек.

Мурдагы коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков 11-январда 8 жылга эркинен ажыратылып, камакка алынган. Муну саясий чечим деп эсептеген Исаковдун тарапкерлери Бишкекте жана Алайда Коргоо комитеттерин түзүп, 13-январда ачкачылык акциясын башташкан. Исаков өзү болсо Бишкек шаардык гарнизондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап өткөн жумада Аскер Сотуна кайрылган.

Бул аралыкта АКШда чет мамлекеттерде жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген кыймыл түзүлдү. Буга чейин “Азаттыктан” кабарлагандай, кыймылдын алгачкы жыйыны ишемби күнү Вашингтон шаарында өттү. 11-январда камакка алынган генерал И. Исаковдун уулу, кыймылды уюштуруунун демилгечилеринин бири Руслан Исаков кийинки жыйын Европа мамлекеттеринин кыргызстандыктар көп жашаган аймагында болоорун “Азаттыкка” маалымдаган.


"Азаттык" тасмасында: Алайдагы каршылык акциясы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG