Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

27-март күнү Алай районунун борбору Гүлчө айылына чогулган 500 ашуун эл мурдагы коргоо министри, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаковго жасалып жаткан саясий куугунтукту чукул арада токтотуу талабы менен чыгышты. Митинг катышуучулары аталган талапты аткарууга бийлике беш күн убакыт беришти. Эгерде Акүй Алай элинин койгон талаптарын аткаруудан баш тартса, анда 2-апрелден тарта борборго карай жөө жүрүш башталаарын, эл Ош-Эркештам авто жолун тосуп чыгышаарын эскертишти.

Эрте мененки саат он бирлер чамасында уламдан-улам катары калындап бараткан элди милиция кызматкерлери айылдык маданият үйүнө киргизүүгө аракеттенип жатышты.

«Исаковдон колунду тарт!» «Ак ийилет сынбайт!», «Исаковдун актыгына ишенебиз!», сыяктуу көп сандагы чакырыктарды көтөрүшкөн митингчилер нааразычылык акциясын акимиат алдында, көчөлөрдө өткөрүү аракетине жергиликтуу милиция уруксат берген жок.

Уюштуруучулар болсо, митинге келаткан элди айыл өкмөт башчылары, милициялар жолдон артка кайтарып жатышат деген дооматтарды коюшту.

-Бурч-бурчта туруп алышып, акимат кызматкерлери Исаковду колдойбуз деп келаткан элди коркутуп кетирип жатышат. Мен алардан өтүнсөм да болбоду.

Митинг ачылган соң, жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн дээрлик басымдуусу генерал Исаковго козголгон кылмыш ишин саясий буйрук деп сыпаттап жатышты.

Мындан бир ай мурун Исаков БЭКтин өкүлдөрү менен бирге кичи мекенине келип, куран окутуу аракетине жергиликтүү эл каршылык көрстүп, аларды Алайдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан эле. Ошол окуяга бүгүнкү чогулган эл бийликтин атайын уюштурган чагымчылыгы деп баа беришти. Оппозиция өкүлдөрүнө түрдүүчө шылтоолор менен бут тосуулар улана берсе, эл жөө-жалаңдап акүйгө жөнөшөөрүн эскертишти.

-Бийлик ушул аракетинен жазбаса, атчан, жөө болсо да, балдарыбызды көтөрүп болсун Бишкеке барууга даярбыз!

14 айыл өкмөттөн чогулган элдин мындай талаптары мыйзам чегинде чечилет,-деди Азаттыкка район акими Алмаз Осмонов. Ал бүгүнкү митинг катышуучуларынын баары эле Исаков үчүн чыккан жок, алар жөн эле көргөнү келишти деп кошумчалады:

-Жалпысы 85тей эле адам чогулду дешти. Таңыркап эле келгендер да бар. Койгон талаптары мыйзам чегинде каралыш керек.

Ошентип баш-аягы 3 саатка созулган митингдин башкы талабы- оппозициянын башкы сабында жүргөн Исмаил Исаковду негизсиз каралоону токтотуу болду. Эгер бийлик бул талапты беш күндүн ичинде аткарбаса, Ош-Эркештам авто жолу тосулаарын, Бакиев бийлигине каршы борборго карай аттанаарын катуу эскертишти.

- Алай мынтип турбайт. Жолду тособуз. Каттоо токтойт. Эсиң барда этегиңди жый дегендей, Исаковдон колдорун тартышсын! Аны актасын!,-деп силкинди Будалык айылынан келген 77 жаштагы Орозбек Мусаев

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG