Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Өткөн жумада бир катар интернет-агенттиктер Максим Бакиевдин Орусиядагы бизнестери менен эсеп-чотторуна кишен салынганын, бир катар үлкөн ишканалар менен “Алтын” зергер холдинги да ага таандык экендигин саясат таануучу Александр Князев маалымдап, коомчулуктун эсин-эки кылган. Максим Бакиев эртеси эле “бул ойдон чыгарылган жомоктордун бири да чындыкка коошпой тургандыгын” билдирген.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезитинин кабарчысы Улугбек Бабакулов саясат таануучу А. Князев менен маек курду.

Кабарчы: - Максим Бакиев эгер адамдык аброюма жана ар-намысыма шек келтирди деп сотко берсе, сизге кыйын болуп каларын ойлогон жоксузбу?

А. Князев: - Эгер ал чындап эле ошентип ойлосо сотко бере берсин, мен да далилдеримди ошол сотто айтам. Сот менин билдирүүлөрүмдү жалган деп таап, мага каршы чечим чыгарышы да мүмкүн. Бирок иш сотко чейин жете турган болсо мен ал фактыларды кайсы булактардан алганымды ачыкка чыгарам.

Кабарчы: - “Алтын” “жаңжалына” байланышкан окуя Бишкектеги Акаевдин үйүн мамлекетке алуу иши менен дал келгендиктен, Акаев бул эки кабат үйүн Максим Бакиевге кеңсе кылып бергени жатышат деп билдирген эле. Бул эки иштин өз ара байланыштары жокпу?

А. Князев: -Мен мындан эч кандай байланышты көрө алган жокмун. Акаев саясый качкын катары өз арбайын согуп жүргөн киши. Ага эми саясатчы катары эч ким үмүт артпайт дагы. Акаев төңкөрүштөн кийин Кыргызстандагы окуяларга кызыгып, сурамжылай калып жүрсө, азыр ал илимий иштен башканын баарына кол шилтеп салган. Болгону ага жолукканда бир ирет: “Сиз кандай деп ойлойсуз, балким биздин элге дал ушул Бакиев өңдүү башчы керектир?” деп сураган.

Кабарчы: - Бүгүнкү биз бараткан жолду Акаев куруп кетпеди беле? Журналисттер менен оппозиционерлерди сотко сүйрөө демилгесин да Акаев өзү баштап бербеди беле? Ошонусун ал бүгүн ойлойт болду бекен?

А. Князев: - Ойлоор-ойлобосун анын өзүнөн сурагыла. Бирок Акаев элге эксперимент жасаганы чын. Ошол эксперименттин акыры эмне менен аяктары азыр да белгисиз. Кокус 91-жылы өлкөнү түркмөнбашыга окшогон бирөө башкарганда кыргыздар бүгүн түркмөндөргө окшоп унчукпай жашай бермек...

Кабарчы:
- Эми Орусияга келсек. Сиз кандай деп ойлойсуз, орустар убада кылган кредитин береби?

А. Князев: - Мен бербейт го деп ойлойм. Анткени кыргыздын электр энергиясына орустар муктаж эмес, кыргыздын электр энергиясынын эми өзбектерге да кереги жок. Жаз келери менен алар Ферганадагы ТЭЦти ишке киргизет. Анысы энергия менен камсыз кылып эле тим болбостон ашыкча энергия өндүрүп чыгарып, өзбектер сыртка сатып пайда көрө баштайт.

Кабарчы: - Кокус Маскөө кредитин бербей калса Бишкек менен мамилеси биротоло бузулабы?

А. Князев: -Мамиле “бузулгандан” Маскөөнүн кылы да кыйшайбайт. Эгер чындап эле ошого жете турган болсо орус тарап Камбар Ата долбоорун жабат да, ага дейре текке кеткен байланыштарына түкүрүп салып баса берет. Эң жаман жери анын эсесин ал жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарынан чыгарат. Ошондо миңдеген адамдардын өлкөгө агылып келип атканын элестете берсеңиз болот...

Кабарчы: - Өкмөттүк делегациянын Кытай сапарынан кийин Кыргызстандын бийлиги тышкы саясатын башка багытка бурду деп ойлоого болобу?

А. Князев: - Мен кыргыз бийлиги саясый да, экономикалык жактан да жоопкерсиздик жолго түшүп алды деп ойлор элем. Тышкы өнөктөштөрдүн да ишенимин кетирүүдө. Одоно салыштырганда мен сага телефон сатам деп убада берип коюп, ошол эле учурда сенин артыңда турган кишиге көз кысып аткандай кеп. Кыргызстанда ал тургай пара берүүнүн эрежесин да билишпейт, берген убадаларында турушпайт.

Кабарчы: -Божомолуңузда Кыргызстан менен Орусиянын мындан аркы мамилеси кандай болушу мүмкүн?

А. Князев: - Кыргызстан адегенде Орусия берген гранттардын кайда жумшалгандыгынын эсеп-чотун бериши керек. Акча бекер берилген менен анын конкреттүү кайда жумшалары так аныкталган. Мындан сырткары Кыргызстандын түштүгүнө аскер базасын жайгаштыруу демилгеси орустардан эмес, Бакиевден чыккан, бирок бул демилге ойлонулбай жасалгандыктан бүгүн Каримовдун карышылыгына учурап олтурат. Бакиев база жөнүндө сөз кылардан мурда Каримовдун бир ооз пикирин сурап койсо болмок.

Кабарчы: -Кыргызстандын түштүгүнө жайгаша турган орус аскер базасына Каримов эмне себептен каршы болууда?

А. Князев: -Кептин баары амбицияда жатат. Анын үстүнө кыргыз тарап түзгөн келишимде кокус чек арада кандайдыр бир күтүүсүз от тутанып кетсе Кыргыз Республикасынын чек арасын орус аскерлери коргойт деп жазылган. Мындан улам: “чек араны кайсы душмандардан коргойт?” деген суроо келип чыгат. Өзбектер ушуга кыжыры келип атпайбы.

Кабарчы: -Базаны жайгаштыруу маселеси азыр кандай абалда?

А. Князев: - Өткөн жылы Бишкекке Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн штаб башчысынын орунбасары, генерал-полковник Анатолий Наговицын келип кеткенде база Кызыл Кыяда жайгашмай болуптур деген сөз чыккан. Ошону менен ал кайра дымып калды.

“Дело №...” гезити 1-марттан баштап пенсиянын өлчөмү жогорулай тургандыгын, маселен пенсиясы миң сомдон ашпагандарга айына 500 сом, 10 миң сомдон ашык пенсия алгандарга айына 100 сомдон кошуларын кабарлады. Гезит ошону менен бирге эле ушул жылдын апрелинен баштап кымбатчылыктын экинчи этабы каптаарын, электр энергиясы менен жылуулукка төлөмдөр кайрадан кымбаттай турганын да маалымдады.

Маселен ушул жылдын 1-январынан тартып жылуулук энергиясы менен ысык суу үчүн алынуучу салык 1050 сом болсо, 1-июлдан тартып ал 2050 сом болот. 1-январдан баштап ар бир киловатт электр энергиясын жаккандыгыңыз үчүн 1 сом 50 тыйындан төлөй баштасаңыз, 1-июлдан тартып 1 сом 90 тыйындан төлөгөнгө өтөсүз.

Бардыгын уруулар чечеби? Гезит Кыргызстандагы уруучулук маселесине атайын кайрылып, атын атабай эле коюусун өтүнгөн жарандын көлөмдүү маегине окурмандарлдын көңүлүн бурган.

Оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттары президент К. Бакиевди хандыкты, болгондо да жөнөкөй эмес Кокон хандыгын курганы жатат деп айыпташууда. Генерал И. Исаковду Орусияда иштеп жүргөн алайлык жердештери колдоп чыгууда. Жер-жерлерде уруулардын айрымдары өз курултайларын өткөргөнгө үлгүрдү. Карап турсаң саясый күрөштүн жебеси теңирден тескери жакты көздөй бурулуп браткансыйт.

Маек берген адам уруучулукка кенен-чонон талдоо жүргүзүп келип, бул бөлүнүүнүн түбү өтө опурталдуу экенин, бир элди канжыгадай тилип, тарам-тарам кылып бөлүп аткандар Кыргызстанды африкалаштырып баратканын, ушул өңдүү уруучулуктун айынан бүгүн бир бүтүн Африка эки мамлекет болуп бөлүнүп кеткенин, мындай бөлүнүүнүн пайдасын сырткы күчтөр гана көрөрүн, кокус эки ортодон от чыгып кетсе өлкөгө тынчтыкты сактоочу аскер күчтөрү киргизилип, Кыргызстандын андан аркы жашоосу эзели бүтпөгөн ооган вариантина айланарын баса белгилеген.

Гезит коюлган маселе боюнча саясат таануучулар Марс Сариев менен Токтогул Какчекеевдин ой-пикирин ортого салган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG