Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:25

8-августта “Алтай – Ала-Тоо Манастын жолу менен” аттуу жүрүшкө катышуу үчүн ат жүрүш тобу Бишкектен Алтайды көздөй жөнөп кетти. Жүрүштүн максаты тууралуу анын уюштуруучуларынын бири, “Манас жаңырыгы” сыналгы компаниясынын жетекчиси Темир Токтагазиев "Азаттыкка" маек курду.

- “Алтай - Ала-Тоо Манастын жолу менен” сапарга чыгып баратасыздар, маанайыңыздар кандай?

Темирбек Токтогазиев: Маанайыбыз эң эле жакшы ушу кыргыз элиндеги бакубатчылыкты кыргыз элиндеги ынтымакты, кыргыз элинде, жергебизде тынчтык болсун деген тилек маанай менен аттанып баратабыз.

- Массалык маалымат каражаттарында бул топ эгемендүүлүк майрамына карата Кыргызстанга кайтып келет деген маалыматтар тарады эле. 31-августка жетишпей каласыздар го?

Темирбек Токтогазиев: Эки-үч жумага кечигип атабыз, мунун жүйөлүү себептери болду. Бул жүрүшүбүз кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн жыйырма жылдыгына карата деп өзүбүз багыттаганбыз. Быйыл 31-августта болсо эгемендүүлүктүн 19 эле жылдыгы болот.

- Ошол жүрүштүн демилгечиси алтайлык Акай Кине жөнүндө кыскача айта кетсеңиз. Себеби көпчүлүк ал тууралуу ар кандай пикирлерди айтып жүрөт?

Темирбек Токтогазиев: Жүрүштүн демилгечиси Акай Кине эмес, жүрүштүн демилгечиси биздин Манас атабыз. Манас атабыз тууралуу элибизде ар кандай пикирлер айтылып келген, анын ичинде Манас эпикалык ойдон чыгарылган каарман катары айтылып келген. Ошол эпостун өзүнөн да билебиз, Манас бабабыз Алтай жеринде жарык дүйнөгө келип, ошол жерде он эки жашка чейин чоңоюп, андан кийин Ала-Тоону көздөй көчүп келгенин билебиз.

Ал эми Акай Кинеев болсо маалыматты берүүчү гана инсан. Алтай жергесинде диний борбордун жетекчиси экен. Жаш эле жигит, бирок ага карабай Кыргызстан мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери үч жолу Кыргызстанга келиптир.

Биринчи жолу келгенде Аскар Акаев менен жолугуп, жылда курултай өткөрүп, элдин алдында отчет берип туруңуз, таза, ак иштеңиз, бул Манас атанын талабы деп айткан экен. 1990-жылдардын башында жыл сайын эле курултайлар өтүп аткан дүйнө жүзүндөгү бардык кыргыздардын биринчи, экинчи, үчүнчү курултайы деп андан кийин унутулуп калды. Кийин Курманбек Бакиев президент болуп келгенде да ушул эле талабы менен Манас атадан келген маалымат деп айткан экен. Анан Алтайдын Чамал тоосунан алып келген Манас ата төрөлгөн жердин ташы, үстөлүңүздө турсун деп, бир ташты берген экен.

Бакиевге деле ошол сөздөрү айткан экен, бирок ал киши курултайларды өткөрүүнү эсинен чыгарып коюп, “үзөнгүдөн буту тайып” атканда Биримдик курултайы деп, курултай чогулта баштагандан кийин ыңкылап болуп, качып кетүүгө аргасыз болду.

Манас бабабыздын Акай аркылуу берген маалыматына караганда ушул “Алтай – Ала-Тоо” жүрүшү “Манас” эпосунун миң жылдыгы учурунда болмок экен. Бирок биздин Манастын миң жылдыгын уюштурган режиссерлор ат чабуу кылабыз деп Ашхабаддан Таласка чейин ат чабуу кылган. Ошентип алар да Алтайга жетпей калган экен. Бирок ушул иш-чараны баары бир аткарышыбыз керек деген маалымат келген.

- Жүрүштүн максаты, мааниси тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Сапарга чыгып аткан кырк жигит кандайча тандалып алынды?

Темирбек Токтогазиев: Бул жүрүштүн негизги максаты - кыргыз жеринде бүгүнкү күндө ар кандай тополоңдор болуп атпайбы. Апрелде революция болду, убактылуу өкмөт келди, азыр техникалык өкмөт болуп жатат. Бирок кечээ эле баарыбыз күбө болдук, Урмат Барктабасовдун жактоочулары чыкты, эртең Нурлан Мотуевдин жактоочулары чыгышы мүмкүн. Башка күнү Кубанычбек Апас чыгышы мүмкүн, ошондой эле биздеги башаламандыктар боло бериши да ыктымал экен. Анан ушул жүрүш ийгиликтүү аяктагандан кийин кыргыз жеринде бейпилчилик болуп, элди туура жолго алып кете турган жетекчилер тандалып, жергебизде бакубат турмуш жүрөт деген ишеним бар.

Кыргыздын кырк уруусунан ар бир уруудан бирден жигит деген критерийди койдук. Алар тартиптүү болуш керек, соттолбогон болуш керек. Андан тышкары “Манас” дастанын билиш керек. Кыргыздын үрп-адат, каада-салтын билиш керек. Ыймандуу, эл үчүн кызмат кылам деген тилеги, жүрөгүндөгү жалыны кыргыз элине арналган жигиттер тандалды.

- Жүрүшкө канча каражат сарпталат экен жана кимдер демөөрчү болуп атат?

Темирбек Токтогазиев: Жүрүшкө сарпталуучу каражатты биз эсептегенбиз, баш аягы 6,5 миллион сом кетмек. Бирок, тилекке каршы, ал сумманы чогулта алган жокпуз. Демөөрчүлөрдөн Ысык-Көл облусунан бир агабыз келип 1 миллион сом өзүнүн каражатын кошту. Кыргыздын бир топ патриот инсандары 10 миң сом, 3 миң сом, 200, 100 сом кошкон да жарандарыбыз болду.

Мындан тышкары Табылды Эгембердиев деген ишкер балдардын жолдон ичкенге суусундуктарын берди. Турусбек Мамашев эки айдан бери штаб катары бизге ижарага акысыз имарат берди. Бир жылкысын союп, батасын берип, жигиттерди узатып жатат.

Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков “Жип” үлгүсүндөгү унааларын берип жатат. Ошондой эле биз менен кошо барам деген “Манас” дастанынын 10 томдугун Жайсаң Үмөт уулунан алып, кыргыз элине тартуулаган Бүбүмайрам эженин барып келишине деп бир машинасын толук каржылап берип жатат.

- Сапарга чыгып бараткан топ канча бөлүктөн турат, алар канча топко бөлүнүштү?


Темирбек Токтогазиев: Эки бөлүктөн турат, биринчи тобубуз тигил жакта үч кишиден турат. Алар ал жерде аттарды даярдап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Акай мырза менен кайсыл жерден аттанабыз, кайсыл жерге түнөйбүз ошол маселелерди чечип жүрөт.

Биздин топту да үчкө бөлсөк болот, биринчи топ - бул кырк жигит кайра ат минип келе турган. Анын ичинде мен да бармын. Экинчи топ бул окумуштуулар тобу, бул жерде профессор Кусеин Исаев баштаган окумуштуулар, тарыхчылар, журналисттер баратат. Ошондой эле белгилүү тарыхчы, Кыргыз илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, тарых илимдеринин доктору Өскөн Осмонов агайыбыз баратат. Мындан тышкары мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, техника илимдеринин доктору Салмоор Алымкулов жана башка окумуштуулар да алардын катарында баратат.

Үчүнчү топ - маданият ишмерлери, өнөр адамдары баратышат, манасчы Рыспай Исаков, Малик Аликеев деген ырчы жигиттерибиз, журналисттер алардын катарында Алтайга сапар алышты.
XS
SM
MD
LG