Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

БҮГҮН АЛЫКУЛ ЖАНА АБДЫСАЛАМ ЭСКЕРИЛЕТ


Бүгүн Алыкул акындын туулган күнүнө карата Аларча көрүстөнүндөгү акындын кабырынын алдында жаш акындар ыр окушат. Ошондой эле Кыргыз Улуттук университетинде маркум акын жана илимпоз Абдысалам Обозкановду эскерүүгө арналган илимий жыйын өтөт.

Мындан 93 жыл мурда 1915-жылы 21-мартта кыргыз элинин атактуу акыны Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген. Алыкул Осмонов өзү мыкты ырларды жазуу менен бир канча дүйнөлүк классикалык чыгармаларды кыргызчалаткан. Бүгүн саат 10 до “Калемгер” республикалык адабий клубунун жаш таланттары Алыкул Осмоновдун Аларча көрүстөнүндөгү жайына барып гүл коюшуп, акындын ырларынан жана өздөрүнүн ырларынан окушмакчы. “Калемгердин” жетекчиси Мирлан Самыйкожо акындын элесине таазим этип, “Коңшу айыл бар” аттуу ырын окуйт:

Коңшу айыл бар, жан аралап жүрбөгөн,
Короосунан ит да чыгып үрбөгөн,
Көркөмү суз, боз топурак, төрт дубал,
Көчөсүндө дарагы жок бүрдөгөн...

Очок жанып, түтүн булап чыкпады,
Чатыры жок желге учкандай шыптары,
Жан талашмай, көртирилик токтогон,
Ошол кыштак маркумдардын кыштагы...


Андан кийин “Калемгердин” жаш таланттары Алыкул Осмоновдун 21-март туулган күнүно арналган иш-чараны акындын Бишкектеги үй музейинде улантышмакчы.





Ошондой эле бүгүн Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультетинде маркум акын жана адабиятчы Абдысалам Обозкановдун 50 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт. Кеченин өтүү тартибине аталган факультеттин деканынын орунбасары Бакыт Баймурзаев токтолду:

-Кечеде акындын адабий изилдөөчүлүк ишмердиги, акындык жан дүйнөсү жана адамдык табияты тууралу кеңири сөз болмокчу. Факультеттин деканы профессор Калыбек Байжигитов, сынчы-адабиятчы Кадыркул Даутов, доцент Аскар Медетовдор атайын доклад менен чыгып сүйлөшөт.

Акындын 50 жылдыгына карата жубайы Сабыркүл Самсалиева Абдысалам Обозкановдун “Классикалык доордогу кыргыз ырчылары”, “Манасчылар”, “Замана поэзиясынын генезиси жана төкмөчүлүктүн башаты, калыптануу этаптары жана синкреттүү табияты” илимий монографияларын, “Көздөр сүйлөйт”, “Жолдо келе жатамын” поэтикалык жыйнактарын китеп кылып басып чыгарды. Сабыркүл Самсалиева алдыда дагы Абдысалам Обозкановдун кол жазмаларын басмадан чыгарып, элге жеткирүүнү улантмакчы:

-Абдысалам 90-жылдан тарта кыргыздын 15 белгилүү талантынын портретин жазды. Алдыда мына ошол эмгектерин да китеп кылып чыгармакмын. Анан көзү тирүүсүндө эле 3 таланттын чыгармачылыгын изилдеп жазганы 10-класстын адабиятына кошумча окуу китеби катары кирмек болгон. Бирок саясат болдубу, көзү өткөндөн кийин кирбей калды. Мен бул боюнча Билим берүү Академиясы менен сүйлөштүм. Алар өзүбүз чыгарабыз деп жатышат.
XS
SM
MD
LG