Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

“Талант тагдыры”: Залкар шайыр Алымкул


Сүрөттө (солдон оңго карай): Акындар Алымкул жана Калык.

Сүрөттө (солдон оңго карай): Акындар Алымкул жана Калык.

“Талант тагыдыры” түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышы төрт тараптуу шыктагы залкар төкмө акын, айтылуу дастанчы, атактуу комузчу, обончу, эл артисти Алымкул Үсөнбаевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналат.

«Ар күлүктүн изи башка, ар гүлдүн жыты ар башка» дегендей ой менен ойду ширетип, ырдан ырды кынаган атактуу ак таңдай төкмө ырчы, айтылуу комузчу-аткаруучу, обончу, залкар дастанчы, уккандардын кумарларын кандырып, жүрөк отторун жандырган кара сөздүн устаты Үсөнбай уулу Алымкулдун да оозеки адабиятта, элдик салттуу музыкада өзгөчө изи, артыкча салымы зор бар.

Болочоктогу шайыр Алымкул ата-энеден эрте айрылат. Жону катуу жокчулуктун айынан тартпаган азапты, көрбөгөн кордуктарды көрөт. Ал 20 жашка чыкканга чейин бакканы кой, алганы отун болуп өлбөстүн күнүн, өчпөстүн отун жага күн көрөт. Бирок ал кандай гана кабыргасын кайыштырган оор турмушта жашабасын оозунан ырын, колунан комузун түшүрбөйт.

Алымкул 12-13 жашынан төкмөлөп ырдап, элдик секетбай, күйгөндөрдү аткара баштайт. Ал айылдаш шайырлар Сулаймандан, Аттокурдан, Айдараалы Жөргөлөктөн төкмөлөп ырдоонун, комузда кол ойнотуп чертүүнү үйрөнүп өнөрүн өркүндөтөт.

Солдон оңго карай: Жамбыл, Калык жана Алымкул
Ал эми Алымкулдун ар тараптуу, көп жактуу, башкача айтканда, төкмөчүлүк, комузчулук, обончулук, айтуучулук шыгы тоо булбулу атыккан Токтогулга жолуккан күндөн жалбыртай жанат. Алыкем устаты Токтогулга алгачкы жолу кандайча жолугушуп, кандайча таанышканы жөнүндө ал:

- Мен бала кезимде жаңыдан айылда ырдап жүргөндө Токтогул деген акын бар. Аны көрбөсөң акын болбойсуң, - деди айылдагы Мыса карыя. Мыса аксакалдан Токтогулдун кабарын уккандан кийин Токтогулду бир көрсөм деп уктап атсам чоочуп ойгонуп жүргөн кезимде, Таласта Жанкороз дегендин ашы болду. Ашка Токтогул келиптир деген кабарды угуп, Токтогул түшкөн үйгө Мыса аксакал мени ээрчитип барды. Мыса мага атын карматып коюп үйгө кирип барып: - Токо, ассалом алейкум, аман-эсен жүрөсүңбү урушчак бөдөнөдөй чукчуйган жарыктык. Таласка кээде келет экенсиң, кээде келбейт экенсиң. Сөзүңдү, өзүңдү сагынат экенбиз. Биздин айылдан Алымкул деген жаш бала ырчы болом деп жүрөт. Ошол баланы ээрчитип келдим. Ага ырыңдан, күүңдөн үйрөтүп кет Токо! Сизди сагынганда ошол балага ырдатып жүрөлү, деп учурашты Мыса. Ошондо Токтогул ырдап отурган экен, ырын токтото коюп, мени көздөп Токомдун үндөп ырдаганы:

Аргымак күлүк ат жарайт,
Алыска болжоп мингенге
Ак жолборстой эр жарайт
Айгышкан жоого тийгенге
Ак күрөккө тон жарайт
Атайы көрөм деп келген
Алымкул балам кайдасың?
Каргадай балам Алымкул
Качып менден сүрдөбө!
Кармап кал балам нускамды
Калкыңа келип жүргөндө
, - деп Токтогул үндөп ырдап, мени чакырып алды. Ошондо Токомдун маңдайына барып отура калып тебетейимди өйдө кылып, кийерге чамам келбей мурдумдун терин сүрүп, комузумду күүлөп алып, Токтогул кандайсың деп эки көзүмдү чылк жуумп алып, Токтогул ушул жакта эмей кайдасың деп ылдый карап отуруп, салам берип турган жерим:

Айылда жүрүп ар убак,
Арзыдым эле өзүңдү
Айттырып уксам дечү элем,
Аселден ширин сөзүңдү
Атакемден кем көрбөйм
Азыр көрдүм көзүңдү.
Кенедей жап жаш болсом да
Келди деп уктум кабарды
Бир көрсөм деп жүрчү элем
Токтогул сиздей адамды.
Азыр бала, башым жаш,
Көңүлүм туюк караңгы
Ээрчитип жүрүп жөнгө сал
Эселек мендей балаңды,
- дегендей сапттарды сабалата төгө ырдап Токтогулдун колун кармайт. Ошондо Токтогул Алымкулдун кое бербей:

Айылың Талас болсо да,
Бир балам деп турармын
Кармап кал балам нускамды
Алымкул, сен да баламсың
Атаңдан үлгү аларсың
Эскерип атаңды ойлойсоң
Элге сөзүм жаярсың
Алдыңды эч ким буубасын
Эсен болсун бир жашың,
- деп ак батасын берет.

Алымкул ошол алгачкы жолугушуудан тартып Токтогул менен ата-баладай ээрчишип бирге жүрүп, бирге жашап төкмөчүлүктүн түркүн сырларын билип, ырларын, күүлөрүн, дастандарын үйрөнөт. Айрыкча Алымкул устаты Токтогулдун “Акбары”, “Кызыл көйнөк гүлдөй жан”, “Күлүйпа Гүлжар эки ашык” деген ондогон махабат ырларын өткөрө кумарлана, өзгөчө аваздык эргүү менен ырдайт.

Алымкул улуу устатынан ар кандай темалардагы ырларын ырдоо менен бирге “Кербез”, “Чоң кербез” өңдүү күүлөрүн да өткөрө жогорку чеберчиликте черткен. Бул жөнүндө Алыкемдин шакирти, маркум айтылуу шайыр Эстебес Турсуналиев:

- Бул Токомдун “Чоң кербезин” ар ким ар кандай чертип жүрөт. Бирок мен кичинекейимде Алыкемдин черткенинен уккам. Алыкемдин черткениндей, Алыкемдин кайруусундай эч бир комузчудан уга элекмин. Алыкем абдан берилип күүнү жакшы кайрып, ырдап чертүүчү. Токомдун кандай өнөрү болсо Алыкем кээ бир ырларымды Токомдуку деп коем дечү. Анткени Алыкем Токтогулдун баласы болуп калган да. Алыкемдин, Шекербектин комуз черткени менен Молдокемдин (Карамолдонун), Ыбыкемдин (Ыбырайдын) жанында жүрдүм. Бирок Алыкем менен Шекем жанагы фарщлаг деп коебу, кулкулдатып кооз чертип, кооз кайырган, кытыгылап черткен ыкмалар, штрихтер өтө көп эле.

Ооба, маркум Эстебем эскергендей Токтогул негиздеген араларына кара сөз, ыр кошуп колду түрлөнтө ойнотуп черткен айтыш күүлөрдү Алымкул катыра аткаруучу. Ал ар бир черткен күүсүнүн чыгыш тарыхын мындайча баяндай отуруп чертээр эле.

Маркум Алымкул өзүнүн кесиптештеринен шаңкылдаган тунук үнү, сабалата төккөн төкмөлүгү, оң колун комузда түркүн түрдүү ыкмаларды, штрихтерди ала кубулта чертүү менен бирге өзүнчө бир аваздык көркөм боектор менен шөкөтөлгөн ондогон обондорду чыгарган обончу да эле.

Алсак Алымкулдун “Комузум”, “Москва”, “Кыргыз элим”, “Тосуп алды Ысык-Көл”, “Селкинчек” аттуу ж.б. обондорду да чыгарган.

Мына ушундай ар тараптуу, көп жактуу залкар шайыр Алымкул Үсөнбаевдин үстүбүздөгү жылы туулган күнүнүн 115 жылдыгы өтөбү, эмне үчүн ордо калаада эстелиги тургузулбай, музыкалык окуу жайларына ысымы берилбей келет деген собол менен улуу шайырдын уулу, эл артисти Замирбеке кайрылганыбызда ал:

- Өзүңүз менен сүйлөшүп турганда айттым, атамдын 115 жылдыгы. Өзүңүз айткандай, 1938-жылдан баштап Кыргыз ССРинин советинин биринчи чакырылышынан, 1963-жылы алтынчы чакырылышына депутат болуп, күзүндө каза болду. Мына ушулардын баарын жазып Жогорку Кеңешке кайрылсам, алар Бишкектеги музыкалык колледжине аты коюлсун, филармониядагы биздин “Эл шайырлар” тобуна мамлекеттик деген статус берилсин деген бир топ маселелерди айтып кат жазган элем. Жогорку Кеңеш сунушумду карап чечимин өкмөткө жиберген эле. Бирок алардан жооп жок, тыптынч калды. Маданият министрлигине барсам андай иштер жок, кайдан кат келгенин бири-биринен сурашат. Президенттик администрациянын жетекчиси Үсөновго кайрылгам. Ордо калаага атамдын эстелигин тургузуу 100 жылдыгында эле айтылган. Андан бери 15 жыл өттү. Дагы эле дайыны жок. Токтогул, Тоголок Молдонун эстеликтери турат. Ал эми алардын шакирттери болушкан бир топ залкар шайырлардын, төкмө акындардын эстеликтери жок. Комузчулардыкы жок. Айта берсе арман көп дегендей эстеликтерди коюу мага эмес, жалпы кыргыз элине керек. Мен филармониядагы Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” тобун жетектейм. Атамдын туулган күнүнүн 115 жылдыгын өткөрүү боюнча атайын программа даярдап, концерт өткөрөбүз деп жатабыз.

Ооба, Замирбек айткандай ордо калаада бүгүнкү күнгө чейин улуу шайырлар Токтогул менен Тоголок Молдонун айкелдеринен башка төкмө акындардын, комузчулардын, обончулардын, ырчылардын айкелдери тургузулбай келет.
XS
SM
MD
LG