Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

А.Сейтказиев: "Мыкты адистер азайышы мүмкүн"


Жогорку Кеңеш менен Президенттин администрациясын каржылоого 2010-жылы мамлекеттик казынадан 1 млрд. сом бөлүү пландалып жатат. Бул тууралуу Коммунисттер фракциясынан депутат Анаш Сейтказиев “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Анаш мырза, Жогорку Кеңеш менен Президенттик администрацияга 1 млрд. сом каражат бөлүнөт экен. Анын теңинен көбү администрацияга кетет дейт. Кыйын учурда бул көп эмеспи?

Анаш Сейтказиев: Бул бюджетке каралган акча. Негизи бул Жогорку Кеңеш менен президенттик администрация эле эмес, бүт мамлекеттик бийликке тиешелүү маселе болуп жатат. Президент койгон талаптан кийин бардык ведомстволордо иш жүрүп жатат.

Ушул айдын аягына чейин канча пайызга кыскартары тууралуу сунуштар Жогорку Кеңешке келет. Ошол кыскарган каражатты ГЭСтин курулушуна же пенсиянын көбөйтүүгө жумшаса болот. Кадрлык кыскартууларды да таразалап караш керек. 30 пайыз деп эле кызматкерлерин кыскарта бергенден иш жүрөбү, жокпу ал жагын да эске алуу зарыл.

Жогорку Кеңеште болсо 30 пайыз кыскартса 300 адам жумушсуз калат экен. Бул деген 300 үй-бүлө дегендик, алардын тагдырын да ойлош керек. Негизи бул маселеде жакшылап талкуулап, изилдеп, анан жыйынтык чыгарган жакшы. Президент кыскартыш керек деди деп эле кыскарта берген туура эмес. Бир четинен аппаратта, парламентте, бийлик тармагында деле ишинин жыйынтыгы жок эле айлык алып жүргөндөр жок эмес.

"Азаттык": Бир гана кадрларды кыскартуу менен маселе чечилеби? Мындан башка жол жокпу?

Анаш Сейтказиев: Кеп бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартыш керек дегенде болуп жатат. Мында кызматкерлерди, бири-бирин кайталаган кызматтарды кыскартуу менен гана чечилет. Бишкекте эле бир эле ишти экөө жасаган канчалаган агенттик, дирекция, комитет дегендер бар. Ошолор кыскартып, биригиш керек.

"Азаттык": Мындай учурда дарамети жогору, жаш болсо да мыкты адистер кыскарып кетиши мүмкүнбү?

Анаш Сейтказиев: Эмгек кодекси боюнча стажы жогорулардын артыкча укугу бар. Ар бир кыскартууда акыркы келгендер жабыркайт. Өкүнүчтүүсү, бул жерде мыкты жаш адистер кыскарып кетиши мүмкүн. Ошондуктан комиссиялар кыскартуу маселесинде жакшы талкуулап, тактап туруп иш жүргүзүш керек. Жыйырма жыл иштеп пайдасы жок адам калган жакшыбы, же мыкты жаш адистин пайдасы көппү? Бул жерде ар бир адамдын мүмкүнчүлүгүн иликтеп, анан гана тыянак чыгарган жакшы.

"Азаттык": Коомчулукта дупутаттарга эле көп акча сарпталат деген пикирдер айтылып келет? Чын эле Жогорку Кеңеш көп сарптап жатабы?

Анаш Сейтказиев: Жогорку Кеңеште былтыркы жылы 15 млн. сом үнөмдөө болду. Чыгаша жагын карап командировкалар чектелүү болуп калган. Мисалы бир жумага 40 литр бензин берилет. Аны менен ашыкча жүрө албайсың. Командировкага чыкканда акча төлөнбөйт. Командировкалап ар жакта жүрбөйбүз деле.

XS
SM
MD
LG