Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Дүйнөнү каржы кризиси каптап турган кездеги Кыргызстандын бүгүнкүсү жана келечеги президент Курманбек Бакиев апта бою ар кандай жолугушуулар аркылуу козгогон башкы маселе болду.

Президент Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү Эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрүн, өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, дүйнөлүк кризистин алкагындагы Кыргызстандын экономикалык жагдайын талкуулады:

- Кыргызстан дүйнөлүк кризистин залакасын биринчи кезекте ишкердиктин жандуу аракеттеринин ылдыйлашынан, экономиканы инвестициялоо арымынын жайлашынан, төлөм балансынын начарларышан көрүп жатат. Мага айрым белгилер байкалып калганын билдирип атышат. Реалдуулук ушундай. Мындан тышкары нукура ички маселе бар. Ал - энергетика. Бул тармакта тыкыр иштөө керек. Ошол эле мезгилде дүрбөлөңгө негиз жок. Ар бир дүрбөлөң, ойлонулбаган аракет, алапайын таппаган маанай кырдаалды начарлатып ийиши мүмкүн.

Ошол эле мезгилде президент дүйнөлүк кризистен Кыргызстан катуу жабыркайт деген көз карашты бөлүшпөйстүгүн жыйында эскертип, себебин түшүндүрдү:

- Себеби, биз дүйнөлүк экономикага Орусия, Казакстан өңдүү ашкере интеграцияланган эмеспиз. АКШ, Орусия, Европа, Казакстан, Кытай сыяктуу супер державалар экспорттору менен байланып калышкан. Кризисти сезбей атканыбыздын башкы себеби ушул – деп билдирген президент өзү догдурда жаткан кезде коомчулукка өз ойлорун айтып чыккан министрлерди кескин сынга алды:

- Биз эч кайда кулаган жерибиз жок дүрбөлөң түшкүдөй. Биз эч кайсы аңга кулаган жерибиз жок. Биз президент белгилеген туура жол менен баратабыз.

Бакиев ошондой эле Кыргызстан үчүн дүйнөлүк кризисте жабыркабаштын төрт аргасын белгиледи. Президенттин оюнда биринчи кезекте менчикке укукту коргоону жөндөө керек. Андан кийинки негизги чаралар катары ишкердикти жөндөөнү жөнөкөйлөштүрүү, ишкердиктин инфраструктураларын колдоо жана мамлекет тарабынан ишкердикке колдоо көрсөтүү белгиленди. Президент Бакиев ошондой эле өкмөттү ишти ыкчам уюштурууга үндөп, чукул маселелерди чечүүгө жөндөмдүү өкмөт президиумун түзүүнү тапшырды.

Президент өлкөдө экономикалык туруктуулукту сактоо, каржы кризисинен коргонуу маселелерин апта ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев баштаган мамлекеттик жетекчилер, өзү башында турган “Ак жол” партиясынын фракциядагы жетекчилери менен жолугушууда да козгоду.

Президенттин акыркы аракеттери өз кезегинде көз карандысыз коомдук-саясий чөйрөнүн кеңири талкуусуна кабылды. Байкоочулардын айрымдары кризистик чараларга бийлик үстүрт мамиле жасап жатат дешсе, башка бир топ кризисти алдын алуунун чараларын кеч көрүп калганын айтууда. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, маселен, президенттин сунуштарын дүйнөлүк кризистен Кыргызстанды коргой турган чаралардын катарына кошкон жок:

- Бул жөн эле мамлекеттин, министрлердин, премьер-министрдин жана анын аппаратынын күнүмдүк иши. Эч кандай орчундуу эч нерсе жок. Бул ишти алар күн сайын жүргүзүшү керек. Аны өлкөдөгү коррупцияны жоюу аркылуу ишке ашыруусу керек. Коррупцияны жок кылып, коррупцияланган мамлекеттик кызматкерлерди камаса эле бул маселе аткарыла баштайт.

Ал эми саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев президенттин демилгесинде айып жок, бирок демилге ишке ашканда гана өзүн актайт дейт:

- Укуктук жагынан болобу, каржылык жагынан болобу реалдуу чаралар керек. Кыргызстандын шартында бул - актуалдуу маселе. А бирок бийлик бутактары президенттин сөзүн андан ары улантып иштетип кетиши керек. Мисалы өкмөт, парламент карашы керек. Эгер кагаз жүзүндө калтырып койсо жыйынтык болбойт эч кандай.

“Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева азыр өкмөт өлкөнүн экономикасын сактап калуу үчүн каржылык кесипти мыкты билген, көз карандысыз күчтүү адистерди кызматташууга тартышы керек деген көз карашты тутунууда. Алардын өкмөттүн президиумуна киргизүү аркылуу тартылышын каалайт. Анткени, Кыргызстанга сөзсүз дүйнөлүк кризистин залакасы тиерин эскерткен коомдук ишмер өлкө дүйнөлүк интеграциядан окчун, ошон үчүн айла куруткан жагдай болбойт деген пикирди караманча колдобойт:

- Мен ал сөзгө кошулбайм. Сөзсүз залакасы тиет. Себеби, өкмөттүн башка чоң өлкөлөр менен олуттуу карым-катышы жок болгону менен, жөнөкөй ишкерлерде бар да. Экинчиден, АКШ, Орусия, Казакстан өңдүү улуу державалардын доллар, рубль, теңге улуттук валюталары менен иш кылып атпайбызбы. Анан кантип залакасы тийбейт?

Залака тийгизбес үчүн Жолдошева мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биргелешип кызматташуусу керек дейт:

- Бири-бирине жакшы-жаманды айткандын ордуна атка минген жигиттер – бийликтегилер, оппозициядагылар, жетекчилер биригишип, элди, өлкөнү ойлошсо келаткан кризиске каршы өлкө үчүн бирге ураан көтөрүшсө эл да туура түшүнмөк.

Оппозициядагы жана бийликтеги саясий күчтөр Кыргызстандын экономикасын кризиске алдырып жибербештин аргасын биргелешип издөөнү ойлоно элек. Оппозиция бийликке ишенбеген сыяктуу эле бийлик дагы оппозицияны куру кыйкырыктан башкага жарабаган чөйрөнүн катарында санап келатат.

Премьер-министр Игорь Чудинов “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда оппозиция эч кандай экономикалык программа

сунуштабаганын билдирди. Ушуга эле үндөш пикирин мурдараак “Азаттыкка” президенттик администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев да айткан. Оппозиция болсо бийлик үчүн программа даярдап берүүгө милдеттүү эмес экенин эскертип, алар жалпы коомчулукка жарыялаган оппозициянын сунуштарынан бийлик тыянак чыгарыш керек дейт.

Коомдук ишмер Накен Касиев кризис болбогон шартта деле элдин жашоосун жакшыртууга азыркы бийлик кудуретсиз деп сындады:

- Алдын алыш керек эле. Эми Жапаровдун (экономика министри – авт.) айтуусу боюнча кризистин күчөп турган учуру февраль-мартка туура келет экен. Ошого чейин бийлик натыйжалуу системаны иштеп чыгарына көзүм жетпейт. Себеби бул өкмөттүн, бийликтин дараметин түшүнгөм. Бир жакшы системаны иштеп чыкса элдин багы болот эле. Бирок менин көзүм жетпейт.

Бул аралыкта оппозициялык күчтөрдүн ичинен СДП фракциясы президенттин жыйынына удаалаш кризистен чыгуу боюнча өзүнүн концепциясын жарыя кылды:

- Элге жарыялаган чаралары (президенттин – авт.) экономикалык кризистин талаптарына туура келбейт. Ошондуктан, биздин фракция бир топ чаралар менен чыкты, - деп билдирди фракция жетекчиси Бакыт Бешимов президенттин жыйынынан эки күндөн кийин атайын уюштурган маалымат жыйынында.

СДПнын концепциясында белгиленгенге караганда кризисти алдын алуу үчүн мамлекеттин экономикадагы ролун күчөтүү керек, мамлекеттик мекемелерге кеткен чыгымдарды азайтуу, арткандарын социалдык муктаждыктарга жумшоо, коррупцияга каршы саясий эрк менен, элдешкис күрөш жүргүзүү, салык саясатын ачык-айкын жүргүзүү, инвестицияга жакшы шарт түзүү, калктын жарды катмарына өзгөчө кам көрүү керек.

Өкмөт болсо дүйнөлүк каржы кризисинин алдын тосуу максатында антикризистик топ түзүп, атайын программа даярдап жатканына бир топ болду. Экономика жана өнүгүү министри Акылбек Жапаров бул тууралуу ноябрь айынын башында жарыялаган болчу. Андан бери кризисти алдын алуучу чаралар иштелип бүткөн-бүтпөгөнү кабарлана элек. Парламенттеги жана анын сыртындагы оппозициячылар болсо үч жылдан бери бийликти өнүгүү стратегиясы жок иштеп атат деп сындап келатат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG