Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Тарыхый сот: даярдыктар жана коопсуздук


Спорт ордосу тарыхта калчу ири соттук жараянга даяр.
Спорт ордосу тарыхта калчу ири соттук жараянга даяр.

Жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган 7-апрелдеги окуя боюнча сот иши бүгүн (17-ноябрь) Спорт ордосунда башталып, ага миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көп адам катышкан соттук жараянда коопсуздук чаралары болуп көрбөгөндөй күчөтүлдү.

Сотко бир күн калганда уюштуруучу топ ар бир отургучка ким кайсы тарапка отурары тууралуу жазылган кагаз чаптап, майда-барат техникалык маселелерди чечүүдө. Жабырлануучу тарап менен соттолуп жаткандардын тарапкерлерин жайгаштырууга бул ирет өзгөчө көңүл бурулуп жаткан экен. Себеби Ош окуясы боюнча сотто эки тараптын ортосунда ур-токмокко алуу өңдүү фактылары катталган болчу. Андыктан жабырлануучу жана соттолуучулардын жакындарын чоң залдын эки жагына бөлүп отургузуп, ортосуна бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттардын жана ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрүн жайгаштыруу чечилген.

7-апрелдеги окуяга байланышкан сот жараянына беш жүз алтымыш алты адам жабырлануучу жана күбө катары чакыртылып, каалаган адам соттун ишине байкоо салууга мүмкүнчүлүк берилди. Ошондуктан эл көп топтолгон жагдайда ар кандай чагым чыкпайбы деген кооптонуулар да жок эмес. ИИМдин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Усуп Ташкараев буларды айтат:

- Эгер залдын ичинде күтүлбөгөн кырдаал болуп кетсе, ага карата өзүбүздүн иш-аракеттерибиз каралган. “Резерв” деп коебуз, аныбыз даяр. Чыр-чатак же жаңжал болуп кетсе өзүбүздүн ишибизди так аткарабыз.

Президенттик администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев сот жараяны маалында кандайдыр бир чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн деген божомолдорго кошулат:

- Кыргызстан демократиялык нукта өнүгүп баратканын көрө албаган күчтөр көп. Мына ошол эле Ош окуясы жөн жерден чыккан жок. Ошол карасантай күчтөр кан төгүүнү уюштурду. Алар Кыргызстанды ыдыратып, начар абалда кармап турууну көздөйт. Мына азыр деле ошондой күчтөр бар, ошолор жүрөт арабызда, ошолор турат сырт жакта, алардын акчалары бар. Ошондой чагымчыл аракеттер боло турган болсо, биз андайларды чукул чара көрүп токтотушубуз керек.

2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолорду басуу үчүн курал колдонууга буйрук берген жана аны аткарган деген шек менен айыпталган жыйырма сегиз адамдын иши сотко өткөн. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев, президенттин күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган алтоо чет мамлекеттерде качып жүрүшкөндүктөн аларды соттоо сыртынан жүрөт.

Бишкек, 2010-жыл, 7-апрель
Аскер сотунун төрагасы Нурланбек Ашымбеков аталган соттук жараян эми канча убакытка созулары белгисиз болгонун белгилеп, бирок катышуучулар үзгүлтүксүз келип берсе эки ай аралыгында соңуна чыгышы мүмкүн деген жоромолун билдирип, сотко даярдыктар тууралуу буларды айтты:

- Зал толугу менен иш процессин жүргүзгөнгө даяр. Коопсуздук боюнча тиешелүү органдар иш аракеттерин көрүштү. Мындан тышкары бул жерде эки тез жардам кызматы жана өрт өчүрүүчү топ күзөттө болот.

Деген менен айыпталып жаткан аскер кызматкерлеринин укугун жана эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Алымбек Ниязов апрелдеги кан төгүүлөр боюнча сот ишти спорт ордосуна кароого каршы чыгып келет. Анын айтымында, көп элди топтоп алып, шоу уюштуруунун кереги жок:

- Аскер адамдарынын сотуна каалаган кишилер катышса болот деп жатышпайбы. Бул сот оюнчук эмес, алар күткөндөй шоу да эмес. Бул жерде балдардын тагдыры тууралуу маселе турат. Спорт сарайында көп элди топтоп алып, шоу кылгандын кереги жок. Сот соттун имараттында өтүшү керек деп талап коюп жатабыз.

Бийлик өкүлдөрү мындай чечим сот процесине тартыла турчу адамдардын көптүгү жана коомчулукта ачык сот өткөрүү талабы күч болгонун жүйөө келтиришүүдө.

XS
SM
MD
LG