Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

7-апрелдеги окуяны тергеп-иликтөө иштеринде айрым көмүскө жагдайларга көңүл бурулбай калган. Бул боюнча айыпталуучулардын жактоочулары жана укук коргоочулар көз каранды эмес эл аралык иликтөөнүн жүргүзүлбөй калгандыгын белгилешүүдө.


Сот жараянынын башында айыпталуучулардын жактоочулары 7-апрелдеги окуяда митингчилерге ок чыгарган жалданма көзгө атарлардын болгондугу боюнча маалыматтар тергөөдө текшерилбегендигин айтышып, бул жагдайды кайрадан иликтеп чыгууну талап кылышты. Бирок сот өтүнүчтү кароону ачык калтырып, териштирүүнү уланта берүүнү туура көрдү.

Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Курманбек Бакиев башында турган 28 адамга айыбын угузушту. Аларга кызмат абалынан ашыра пайдалануу менен тынчтык митингин басып, жапырт адам өлтүрүүнү уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруу беренелеринин негизинде айып коюлган.
Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев, 17-ноябрь, 2010-жыл

Бирок айыпталуучу Данияр Дунгановдун жактоочусу Рысбек Нагаев окуяны иликтөөдө тергөө органдары бир тараптуулукка жол берген деп айыптады:

- Кандайча тынчтык митинги болот, эгерде алардын айрымдары колдорунда автомат, пулемет менен Ак үйгө келишсе? Атып жатышса. Ошол аракет канткенде анан тынчтык митинги болсун. Эгерде ал жөн эле тынчтык митинг болсо тигилер да жөн эле аттырбайт эле. Бул чыныгы куралдуу төңкөрүш десек болот. Тергөө биздин айыпталып жаткан адамдарга эле айыбын коюп отуруп алышпадыбы. Ал эми аянтта куралдуу жүргөндөр кимдер эле? Жоокерлерди ким аткан? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп жок. Аларды карап да коюшкан жок.

“Альфа” менен “Арстанды” айдактаган “Бүркүт”

Бирок мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныбек Бакиев, уулу Марат Бакиев, улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов менен бирге кылмыштуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде өкмөт үйүнүн алдындагы кандуу буулоонго себепчи болушкандыгын белгилешти. Буга мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныбек Бакиевдин “Бүркүт” жана “Асман” деген шарттуу аталыштагы радио байланыштары аркылуу “Альфа” менен “Арстан” атайын отряддарынын аткычтар топторуна буйрук берип тургандыгы тергөөдө аныкталгандыгы кошумчаланды.

Жабырлануучу Дуулат Бейшеналиев 7-апрель күнү аларга башка жактан эмес, дал Ак үй тараптан ок атуулар болгондугун белгиледи:

- Жанагы Ак үйдүн жанына кирип барган кызыл унаанын ичиндеги желек көтөрүп жүргөн балдарды мен алып чыккам. Тез жардам машинесине алып бара жаткан учурда менин бутума ок жаңылган. Ак үй тараптан атылды. Ага чейин деле ошол Ак үй жактан токтоосуз эле атып жатышты. Анын төбөсүндө жөргөлөп жүргөн куралдуу адамдар улам аткылап, кайра токтоп, балдарды башка, көзгө, жүрөкө мээлеп атып жатышты. Азыр да түшүмө кирип, ошол окуя тынчтык бербей келет.

Эл аралык иликтөөгө эмне үчүн жол берилген жок?

Буга чейин Роза Отунбаева башында турган Убактылуу бийлик жана өткөөл мезгилдин өкмөтү 7-апрелдеги окуяны эл аралык иликтөөгө берүүнү убада кылышкан. Бирок ал убада белгисиз себептер менен жүзөгө ашкан эмес. Сот жараянына байкоо жүргүзүп жатышкан айрым укук коргоочулар
7-апрелдеги окуяда түшүнүксүз жагдайлардын көп экендигин түкшүмөлдөшөт.

Төлөйкан Исмаилова
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова окуяны эл аралык көз карандысыз комиссия иликтегенде ар кандай жоромолдорго чекит коюлмак деп эсептейт:

- 6-7-апрель күндөрү кандай окуя болгондугун биз азырга чейин түшүнө элекпиз. Бул окуя көз карандысыз комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча элге жарыя болуш керек эле. Бул окуянын катышуучуларынын иш аракеттерин жана тартип коргоо органдарынын ошол мезгилдеги абалын биздин жергиликтүү тергөө органдары эч качан акыйкат иликтеп чыга албайт. Ошондуктан эл аралык деңгээлдеги иликтөө комиссиясы иштеш керек болчу. Бул трагедия кантип башталды, көпчүлүк элге жек көрүндү болгон кландык бийлик кантип кулады? Бул боюнча ар түрдүү маалыматтар айтылып жүрөт. Апрель окуясынын айрым жагдайлары көмүскө бойдон калган.

Төгөрөк четин "ачып", “төбөлдөрүн” качырып...

Айыпталып жаткандардын алтоо 7-апрелден кийин өлкөдөн качып кеткендигине байланыштуу эл аралык издөөгө берилген. Мурда үй камагына чыгарылган мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункуловдун, президенттик катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваннаянын жана президенттик аппараттын мурунку башчысы Каныбек Жороевдин кайда кеткендигинен кабар жок.

Байкоочулардын баамында, алардын сот жараянында жок болуп жатышы көп жагдайлардын жабык бойдон калышына шарт түзөт. Мамлекеттик айыптоочулар аталган үч бийлик төбөлү нааразылык акцияларын басуу боюнча атайын штабдын башында турушкандыгын жана жапырт адам өлтүрүүгө кыйыр түрүндө катышы болгондугун белгилешти.

Жабырлануучулардын жактоочусу Автандил Сакыбаев укук коргоо органдарын аталган айыпталуучуларды сотко катыштырууну камсыз кыла алган жок деп айыптады.

- Биз сотко өтүнүч киргизгенбиз. Мына минтип дагы үчөө качып кетишти. Соттук жараянды үзгүлтүккө учуратпаш үчүн калгандары да качып кетиши мүмкүн. Ошондуктан камакка алуу зарылдыгы бар десек. сот ага көңүл бурган жок. Карап туруп эле аларды жоготуп койдук дегени баланын оюнун эске салат. Эгерде минтип отурса бул сот жараяны жакынкы жылдары бүтпөй турган окшоп калды.

Мамлекеттик айыптоочулар сот жараянынын башынан аягына чейин айыпталуучулардын иш-аракеттерине баа берген айып койуу протоктолдору менен тааныштырышты. Мындан кийин окуянын күбөлөрүнүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү угула турган болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG