Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

Апта: Энергомафия, сынактагы Консот, майрамдаган парламент...


Өмүрбек Текебаев баштаган "атамекенчилер" Конституциялык Cотко арыз берип чыгышты.

Өмүрбек Текебаев баштаган "атамекенчилер" Конституциялык Cотко арыз берип чыгышты.

"Ата мекен" партиясы Президент Баш мыйзамды бузду деп Конституциялык Сотко кайрылды. Социал-демократтар баалардын көтөрүлүшүн талкуулады. Жогорку Кеңеш 70 жылдыгын белгиледи.

"Ата Мекен" Конституциялык Сотко кайрылды

Оппозициянын туусун колуна алууга аракет жасаган “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 19-ноябрда Конституциялык Сотко арыз тапшырды. Анда Текебаев президент Курманбек Бакиев тарабынан Конституциянын бузулуусуна баа берүү өтүнүчүн билдирди. Текебаев президент тарабынан мыйзам бузууларды санап, анын эң башкысы катары президент өз бийлигинен ашып, Конституцияны тебелеп-тепсеп жатат деп атаган. Андан сырткары өкмөттүн бийлигин өзүнө тартып алды, Конституцияда көрсөтүлгөн Президенттик администрациясы, Мамлекеттик катчы, Коопсуздук Кеңеши деген структураларды жокко чыгарды, деп белгилеген.

Берилген арызга Конституциялык Соттон кандай жооп күтүп жатканын Текебаев мындайча билдирген:

- Эгер мыйзам боюнча болсо, биздин арыз канааттандырылыш керек. Анан иш жүзүндө кандай болушун айтуу кыйын. Анткени биз мындан мурун да Конституциялык сотко келип жүргөнбүз, эки жерде беш, он болот дегендин ордуна, беш болот деген учурлары да болгон. Биз ошого карабай кайрылып жатабыз.Анткени күрөштөн эч убакта чарчабаш керек. Утулуудан чүнчүбөш керек. Күрөштүн жолу ушундай. Конституциялык Cот өзүнүн чечими менен өзүнүн ким экендигин көрсөтөт. Бул деген азыркы режимдин бет чүмбөтүн дагын бир жолу алат.

Конституциялык Соттун өкүлү өз кезегинде арыз алты айдын ичинде караларын билдирген. Президент тараптан “Ата мекендин” айыптоосуна жооп боло элек.

“Ак жол” фракциянын мүчөсү депутат Ажыбай Калмаматов мындай жообун берген эле:

- Кабыл алса да мыйзам бузду дейт. Андан башка булардын катыла турган нерсеси жок да. Эптеп бөйрөктөн шыйрак чыгарыш керек да.

Президент Бакиев 20-октябрда башкаруу системасын реформалоону баштаар алдында реформаларга жараша ондогон мыйзам долбоорлору тез арада парламентке жолдоноорун билдирген. Президенттик институттун түзүлүшү, администрациянын жоюлушу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы да келип чыккан. Бирок буга байланыштуу мыйзам долбоорлор парламентке келип түшө элек. Анын эмне себептен кечеңдетилип жатышы түшүнүксүз.

Асмандаган баалар, апкаарыган эл

Электр энергиясына жана жылуулукка баалардын көтөрүлүшү коомчулуктун көңүл борборунан кете элек. Өкмөт өз кезегинде баалардын эмне үчүн жаңы жылдан тарта эки эсе, июль айынан тарта беш эсе көтөрүлүшүн негиздеп бере элек. Премьер-министр Данияр Үсөнов да, энергетика министри Ильяс Давыдов да энергетика тармагындагы жабдуулардын эскиришине байланыштуу ушундай чара көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Социал-демокрациялык фракциянын 19-ноябрда болгон жыйынында да өздүк наркы тууралуу так маалымат берилген жок. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик бул маселени эл аралык аудит уюмдардын жардамы менен текшерип чыгууну колго алаарын билдирүүдө.

Чындыгында 1 гигакалорий үчүн учурда төлөнүп жаткан 500 сом канча чыгашаны жабат? 1050 сом канчасын жабат, андан өтүп 2500 сом болгондо кандай болот деген суроолор жоопсуз турат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеевдин маалыматы боюнча, 2004-жылы депутаттарга отчет берген ал кездеги өкмөт башчы Николай Танаев Бишкек жылуулук борбору иштеп чыгып жаткан 1 гигакалорий жылуулуктун өздүк баасы 450 сом, ал эми элге 22 сомдон сатылып, калганын мамлекет көтөрүп жатканын билдирген. Дүйшеев ал тууралуу буларды билдирди:

-Мен талдап көрдүм. 1996, 1997, 1998-жылдардагы жана 2003-жылдагы маалыматтар бар экен менде. Ошондо, 2003-жылы орто эсеп менен 1 гиакалорийди иштеп чыгууга кеткен чыгым 450 сомдон ашкан эмес, элге 1 гигакалорийди 22 сомдон сатып жаткан экенбиз. Анан азыр эле эмне себептен ушунча көбөйүп кеткени түшүнүксүз. Аны кошумча иликтеш керек. Көмүр албетте кымбаттады. Бирок көмүр 1996-жылга караганда 25 % кымбататтады. Анткени ал кезде бир тонна көмүрдү 30 доллардан алчубуз. Азыр 40 доллар болуп калды. А 40 болгондо көп болсо 30 % көтөрүлүптүр. Демек ушуга караганда булар өтө эле аша чаап кетишкен, - деди Орозбек Дүйшеев.

Энергетика боюнча адис, мурунку депутат Райымбек Мамыров кайсы баада Бишкек ТЭЦи өзүн актаары тууралуу так маалымат жоктугун белгилейт:

- Өкмөттүн алдындагы баа койгон комиссияга энергетиктер өздөрү эсептеп келип айтыш керек да, оңдоого мынча, отунга мынча, айлыка мынча, тетиктерге мынча каражат кетет деп. Ошону кымбаттаардын алдында чыгарып туруп, көрсөтсө болмок. Ошон үчүн бүгүн сырттан эле миң сом болгондо же бир жарым миң сом болгондо өзүн-өзү актайт деш абдан кыйын. Ал эсептерде гана айкындалыш керек.

Кыргызстан жылына 14 млрд килловат саат электр энергиясын өндүрөт. Акыркы мезгилде бул көрсөткүч төмөндөгөнү белгилүү. Анын 30 % ашууну техникалык жана коммерциялык жоготууларга дуушар болот. Кезинде жоготуулар 50 % чейин жеткен. Энергетика министри Давыдов жоготууларды акырындып кыскартуу үстүндө иш жүрүп жатканын белгилейт.

Орозбек Дүйшеев жоготууларды тармактагы коррупция менен байланыштырат:

- Бул электр энергия тармагы эң коррупциялашкан. Ошондуктан бардык сандарды адаштырып, элди алдашат. Элге акыйкат маалымат жеткен эмес. Мына 2001-жылы энергетика 1 млрд 700 млн сом пайда алышкан. Отчетунда көрсөтүлгөн. Анда баа 43 тыйын болчу. Азыр эми 70 тыйындан сатканда чыгашалуу деш бул акылга сыйбаган нерсе.Ошондуктан биздин убакта да Жогорку Кеңеште айтылган, анан кийинкилер да айтып жатат, келгиле атайын комиссия түзөлү, баарын эсептеп чыгалы деп. Ага жол бербей жатпайбы. Ошондуктан бул жер аябай коррупциялашкан. Анын бетин ачтырбайт. Анан чет элдик текшерүүнү алып келебиз дешүүдө. Ага акча беришет, анан жаап коюшат. Бүттү. Электр станциялардын кириш, чыгышын эсептеп чыгыш эң эле жөнөкөй. Буларда суу, айлык, анан шаймандарды кармоого кете турган каражат. Болду башка нерсе жок.

Белгилүү болгондой “Ак жол” фракциясы энергетика тармагын текшерүү үчүн комиссия түзүү тууралуу социал-демократтардын демилгесин токтотуп коюшкан.

Энергетика тармагы коррупция жана “энергобарондордун” менчигине айланганы мурдатан белгиленип келет. Электр энергиясына баалардын көтөрүлүшү менен ал “барондордун” мүмкүнчүлүгү ого бетер артат. Анткени 10 миллиард киловатт саат электр энергиясын эле 1 сом 90 тыйындан сатканда бул 19 млрд сом же 500 миллион доллардын тегерегинде акча болот. Жылуулукка баалардын көтөрүлүшү менен да элдин чөнтөгүнөн ири суммада акчалар алынат.

Өмүрбек Текебаев айткандай, эгерде “энергобарондор” буга чейин тармакты көмүскө башкарып келген болсо, азыр ачыкка чыгышкан. Маселен, ошол эле MGN GROUPтун өкүлдөрү өлкөнүн энергетикалык жана стратегиялык ишканаларынын директорлор кеңешине мүчө болгон. Ал эмес MGN GROUPтун жетекчиси Евгений Гуревичтин “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун директорлор кенешинин төрагасы болуп шайланганы тууралуу маалымат бар.

Энергетика тармагынын мына ушул чыныгы кожоюндары бааларды көтөрүүгө Данияр Үсөновду мажбурлап жатканы чындык дейт саясат таануучу Марс Сариев:

-Туп-туура. Туп-туура ошондой болуп жатат. Анан инвесторлор келет. Баалар көтөрүлгөндө Бишкек жылуулук борбору кызыга турган болуп калат. Элдин эсинде Данияр Үсөнов калат. Ал болсо башка топко кирет. Данияр Үсөнов “камикадзе” болот. Анан Максим Бакиев жана анын командасы... Менин оюмча, азыр Бакиев бааларды акырындап көтөрүү демилгеси менен чыгат. Себеби интернетте маалымат чыкты, бюджеттик мекемелерде жыйындар болуп, аларга ачык эмес шартта айтылыптыр, тарифтердин көтөрүлүшүн колдоого албагыла деп. Анан бюджеттик мекемелердин жетекчилери жөн эле айтпайт да. Ошондуктан Ак үйдө да оюн болуп, бири-бири менен тартышып жатышат.

Ошентип, жыйынтыктап айтканда, чындыгында энергетика тармагы инвестиция, жаңы жабдууларга муктаж. Бирок тармактын “энергобарондордун” колунда кала бериши кендирди кесе берчүдөй.

Жогорку Кеңеш 70 жылдыгын белгиледи

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 70-жылдыгын белгилеп, орден, медаль тагынып, сыйлыктарды алды. Салтанаттын расмий бөлүгү 20-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда, той-ашы “Алтын казына” ресторанында президент Бакиев менен кошо белгиленди. Ошону менен депутаттар 30-ноябрга чейин тарап кетишти. Пленардык отурумун болсо 3-декабрда башташат.

70-жылдыгын узап бараткан жумада белгилеген Жогорку Кеңештин азыркы курамы 2007-жылы декабрда партиялык тизме менен шайланган. 90 орундуу парламенттин 71 депутаттык орду “Ак жол” партиясына, 11 орун Кыргызстан социал-демократиялык партиясына жана 8 депутаттык орун Коммунисттик партияга тийген. Ал парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар кеңири айтылган жана “Ата мекен” партиясы жеңишке жетишкенине карабай четке сүрүлгөнү белгиленген.

Парламенттин 70-жылдык мааракесинде сөз сүйлөгөн Курманбек Бакиев Кыргызстанда кыйынчылыктар менен катачылыктар менен болсо да, парламентариз орноп келатканын билдирип, партиялык тизме менен Жогорку Кеңештин шайланышын белгиледи:

- 2007-жылы октябрда өткөрүлгөн конституциялык реформа көпчүлүктүн үмүтүн актады. Жогорку Кеңештин жаңы принципиалдык партиялык жол менен куралганына жакында эки жыл толот,- деди Курманбек Бакиев.

Бирок “Ак жол” партиясы үстөмдүк кылган азыркы Жогорку Кеңеш бийликтин өзүнчө бир бутагы катары алсыз болуп калганы кеңири сынга алынууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кыргызстанда азыркы кезде бийлик бутактарынын тең салмактуулугу тууралуу сөз кылууга болбой калды дейт:

- Ал жөнүндө сөз кылууга да болбой калды. Анткени бизде көз карандысыз сот системасы жок. Жогорку Кеңештин абалы болсо баарыбызга белгилүү. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин деле өмүрү кыскарып калды окшойт, - деди Орозбек Молдалиев.

Ушундай эле маанидеги пикирин дагы бир саясат таануучу Марс Сариев да ачыктады:

- Мен ойлоймун, азырынча баланс жок. Андай парламентте да жок. Ал жерде да бийликтин “Ак жол” партиясы үстөмдүк кылып турат. Оппозиция иш жүзүндө да жок. Ошондуктан бизде тең салмактуулук системасы иштебейт. Бизде жеке кишинин бийлиги болуп калды.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG