Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Арстанбек Дунганов: Адегенде мыйзам, анан реформа


Кыргызстандын күч структураларындагы абал жана аларды реформалоо маселеси тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна «Күч структураларынын биримдиги» коомдук бирикмесинин жетекчиси Арстанбек Дунганов жооп берди.

- Сиз жетектеген уюм негизинен күч структураларынын укуктарын коргоо маселесине көңүл бурат экен. Сиздин баамыңызда Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы – ушул органдарда абал кандай? Бул мекемелер чындап эле сиздикиндей бейөкмөт уюмдун кызматына муктаждыгы барбы?

Арстанбек Дунганов: Муктаждыгы бар деп ошон үчүн азыр маселе чыгып атат жана биздин алдыбызда турган эң биринчи негиздер бар. Биз жанагы айтып өткөн иштерди жүргүзөбүз. Биз себепкер болгон уюмга жардам берели деген ниетте алганбыз.

- Кайсы айтып өткөн иштерди жүргүзөсүздөр?

Арстанбек Дунганов: Биринчиден, бул күч түзүмдөрүнүн кадыр-баркын көтөрүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу. Ошондой эле отставкага, запаска чыккан күч структураларынын офицерлерин жумушка орноштурууга көмөк берүү жана материалдык, социалдык жактан кам көрүү, юридикалык жана санитардык жактан да көмөк көрсөтүү.

- Соңку кездери күч структураларына көңүл бурулбай калды деген пикирдесизби?

Арстанбек Дунганов: Ооба, ушундай болуп калган. Ага чейин деле көңүл бурулбай калган, көп суроолор чечилбей кала берген.

- Балким күч структураларындагы көйгөйлөр, алардын реформаланбай келатканында деп да айтылып жүрөт. Ошол көйгөйлөрдү чечүү жолу органдарды реформалоодо болуп жүрбөсүн?

Арстанбек Дунганов: Аны биринчи кезекке деле койбош керек. Реформалоонун кажети деле жок. Себеби эң биринчи бул өкмөт башчысы өзү мыйзамды коюп, ошону өткөрүү. Өкмөт башчылар өздөрү мыйзамдарды бузганга шарт берип койсо башкалар эмне кылат деген суроо болот. Ошондуктан мыйзамдуулукту биринчи иретке коюп, андан кийин реформаны айтса болот.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG