Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Курчуган кырдаалды басууга аскерге жарамдуу жарандар чакырылат


Убактылуу өкмөт курчуган кырдаалды басуу үчүн аскерге жарамдуулардын баарын тартууну чечти.

Убактылуу өкмөт курчуган кырдаалды басуу үчүн аскерге жарамдуулардын баарын тартууну чечти.

Убактылуу өкмөттүн өлкөдө мобилизация жарыялоо жөнүндө декрети бүгүн күчүнө кирди. Ага ылайык, бүгүндөн баштап Кыргызстандын аскерге жарамдуу атуулдарына чакыруу кагаздары жөнөтүлө баштады.

Кечээ убактылуу өкмөт өлкөдө жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө декрет кабыл алган. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров аталган декреттен “жарым-жартылай” деген түшүнүк алынып салынып, бүгүн мобилизация жарыялоо жөнүндөгү декрет күчүнө киргендигин билдирди.

- Жарым-жартылай деген түшүнүксүз болуп калды. Антип кимдин жарымын кесип жатабыз. Керек болсо, Коргоо министрлиги кимди чакырам десе чакыра берет. Ошондуктан биз оңдоо киргизип, мобилизациялоо жөнүндө декрет деп кабыл алдык.

Аталган декретке ылайык Кыргызстандын Коргоо министрлигине аскер бөлүктөрүн аскердик мезгилдин талабына ылайык даярдыкка келтирүү тапшырмасы берилди. Бүгүнкү күндө уюштуруу иштери башталды. Алгач 2000 аскер күчүн топтоо пландаштырылды.

- Запастагы аскердик офицерлер бар. Мына ушундай кыйын учурда аларды мобилизациялап жатабыз. Коргоо министрлигинин штаб башчысы бул иш менен алектенип жатат. Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунда аскер комиссариаттарында балдарды чогултуу иштери жүрүп жатат. Бул иш бүгүн кечке чейин жүргүзүлүп , эртең-бүрсүгүнкүгө чейин мобилизация бүтүш керек. Аскер кызматын өтөгөн, каттоодо турган балдардын баардыгы чакырылат. Аскер күчтөрүнүн уставы туурасында мыйзам бар. Анда так көрсөтүлгөн. Армияга жарактуу ар бир адам катоодо турат. Ушундай кыйынчылык болуп, мамлекет чакырганда алар келип кызмат өтөөгө укуктуу.

Декрет Кыргызстандын түштүк аймагандагы коменданттык саат киргизилген шаар, райондордун коменданттарына коомдук-саясий абалды турукташтыруу үчүн колдо бар бардык күч-каражаттарды пайдаланып, катуу чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бекназаровдун айтымында, мындай оор кырдаалда өлкөнүн коопсуздугун сактоодо мамлекет чет өлкөлөргө ишенбестен, өзү гана тартип орнотууга милдеттүү:

- Бүгүн Кыргызстандын келечеги, тагдыры кыргыздардын, улуттун колунда болуп турат. Ошондуктан биз дүйнө жүзүнө уят болбой, өз үйүбүздө, өзүбүздүн Кыргызстанда коопсуздукту сактоого милдеттүүбүз. Чет өлкөдөн биз гуманитардык гана жардам алышыбыз мүмкүн.

Буга чейин Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Орусиядан аскердик жардам сураган. Оштогу кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып жаткандыгын белгилеген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева орус президенти Дмитрий Медведевге кайрылып, Кыргызстан «үчүнчү өлкөлөргө» да кайрыла тургандыгын билдирген. Бирок орус өкмөтү бул абалга кийлигишүүсүно ылайыктуу шарт жок экенин, бул өлкөнүн өз иши экенин билдирип, Кыргызстанга гумжардам гана бере алары кабарланган.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG