Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

“Асабада” лидер кризиси


“Асаба” партиясынын жакында болгон курултайында Салмоорбек Дыйканов төрага шайланганы тууралуу кабарланды. Бирок Советбек Жамалдинов курултайды легитимсиз деп жарыялап, өзү партиянын төрагасы бойдон калып жатканын билдирүүдө. "Асабадагы" соңку кырдаалды Салмоорбек Дыйкановдун өзүнөн сурадык.

-Салмоорбек мырза, чатак чечиле турган болдубу?

- Партиянын Уставы боюнча Ордо Кеңештин жарымынын көбү талап кылса, съезд өткөрсө болот. Ошонун негизинде 16-июнда курултай өткөрүлгөн, баардыгы легитимдүү болуп атат. Бирок балдар бир аз кагаздарын даярдай коюптур, ошондуктан эле Советбек Жамалдинов легитимсиз деп атат. Бирок 90 пайыз партияны негиздеген активдүү мүчөлөр бүт региондон келип катышкан курултайга.

- Советбек Жамалдинов менен эмне боюнча келише алган жоксуздар? Чатактын себеби эмнеде?


- С.Жамалдинов төрага болгонуна бир жылдай эле болду. Мурун ал өзү айткан, Жогорку Кеңешке шайлоодо ага акыркы 40 орунду “Ак жол” партиясы берген экен. Бирок 40 кишиге толбойт го деп “Асабага келген, көп каражат короткон, айтпай эле коеюн, 200 миңден ашык долларды короткон. Бирок үмүтү акталбай, депутаттыкка өтпой калды. Биз аны акчасы бар экен, өзү айткан "мен улутчулмун" деп, анан төрагалыкка койгонбуз. Бирок бир жылдын ичинде эч кандай акция, эч кандай иштерди уюштурган жок. Кайра өзүнүн каршы ойлорун айтты. Кыскача айтканда ал ишкер, ишкер оппозициялык партиянын төрагасы болалбайт. Анткени мындай сөз бар, бизнесмендин мекени өзүнүн чөнтөгү деп коет.

-Сиздердин колго партиянын мөөрү уставы, документтери тийдиби?

- Жок, азырынча тие элек.

-Курултайдын мыйзамдуулугун Юстиция министрлиги такташ керек. Тийиштүү документтер ал жака тапшырылдыбы?

- Тапшырыла элек, даярдап атышат.

-Сиз тарап менен кеткен партиянын мүчөлөрү БЭКтин талапкерин колдоорун жарыялады. Экинчи тарап Темир Сариевге ооп жатат...

- Жок, бул жактан кеткен жок. Башынан баштап эле “Асаба” оппозициялык партия болчу. Азыр деле бийликке оппозициялык партия болуп атат. Анткени Кыргызстанда кыргыздар экинчи сортто болгончо биз дайыма бийликке каршы болобуз.

-Сиз партиянын ишин кандай өзгөртүп, кайсы багытта жүрүүнү көздөп жатасыз?

- Мен азыркы партияларга окшоп иштебейм деп атам, жаңы система, жаңы жол издейм, ойлор бар, баарын тактайм. Көп башка улуттук уюмдар айтып атышат колдойбуз деп.

- Конкреттүү айтканда, кандай иштерди жүргүзөйүн деп жатасыз?

- Мен өзүм окумуштуумун, көп ойлондум кыргыз элинин жашоосун. Илим закондору бар экен, бүт таптым. Эң биринчиден кыргыз элин биримдикке, бирдикке, ынтымакка чакырыш керек. Ынтымак деген бул система, илгерки кыргыз системасы.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG