Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Б.Асанов: Жалал-Абаддагы кырдаал көзөмөлдө


Жалал-Абад облусунда кырдаал областтык бийликтин көзөмөлүндө. 7- апрелдеги Ак үй алдындагы кан төгүүгө К. Бакиевдин бийлиги көбүрөөк жооптуу. Базар-Коргон районундагы элдик курултайда облустун губернаторлугуна шайланган Бектур Асанов “Азаттыкка” жогоркудай ой-пикирлерин бөлүштү.

- Бектур мырза, кечээ опурталдуу болгон облустагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?

- Кечээ бир топ саясий акыбалдарга байланыштуу Элдик курултай Базар-Коргон районуна жылдырылды. Ал жерде мен күткөн эмес элем, жаңы бийликтин талабы менен мурдагы губернатор Асан Шакировдун суранычы менен мен ушул кызматка макулдукту бердим. Кечинде саат ондор чамасында күч органдарын чогулттум, жумушту баштадык. Буюрса биринчи аракеттерибиз облустагы кырдаалды стабилдештирүү болуп жатат. Бүгүн кечээкиге караганда кырдаал дурус. Негизинен баары облустук бийликтин көзөмөлүндө турат десек болот.

- Элдин тынчтыгын бузууга жана облбийликке буга дейре өз ара бийлик талашкан топтор менен мурдагы бийликтин жактоочулары тарабынан коркунуч жокпу?

- Кечээ силер күбө болдуңуздар, көрдүңүздөр аны. Бирок мен ойлойм, ал кишинин акыл-эси бар, ал киши менен дагы биз сүйлөшөбүз. Менин оюмча, бүгүнкү бийликке каршы алар тарабынан провокация болот деп күтпөйм. Бүгүнкү күндө бийликтин кечээгидей акыбалынан кийин бийлик өзү моралдык жактан алсырап калды. Бийликтин акыбалы жакшы эмес азырынча. Менин оюмча, жакынкы бир-бир жарым айдын ичинде бийлик өз калыбына толук кирет деген ишеничтемин.

- Губернаторлук кызматка киришкен сааттан бери президент К. Бакиев менен сүйлөшө алдыңызбы? Президенттин кызматы мындан ары кандай чечилүүсү абзел?

- Мен кечээ түнкү саат ондо гана бул жерге келип отурдум. Бүгүн эртең менен саат 10до жумушка келдим. Азырынча ал киши менен же жактоочулары менен сүйлөшкөн жокмун.

- Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү президент К. Бакиевди кармоо тууралуу атайын иш- чаралар даярдалып жатканын кабарлашкан. Ал боюнча сизде кандай маалымат бар?

- Мен бул маалыматты тактай албайм, менде андай маалыматтар жок. Экинчиден, кандайдыр бир атайын операцияларды даярдоодо алар өтө кылдат болот, бизге кабар бербей коюшу да мүмкүн. Кабар берсе дагы биз ал маалыматтарды сыртка чыгара албайбыз.

- Областтык бийликти кайрадан куроо иши кандай жүрүүдө?

- Бүгүн башталды, мен аппаратты чогултуп койдум.

- Ак үй алдында болгон адам курмандыктары үчүн ким жооптуу, убактылуу өкмөтпү же, мурдагы бийликпи?

- Акыбал ушул деңгээлге келгенине сөзсүз түрдө мурунку бийлик жооптуу. Чет өлкөлүк, эл аралык көз каранды эмес эксперттер келсе, менин оюмча ошолор баа берет буга.

-Орус тилдүү журналисттерге азыр сиз 6-январда жолугушканда, 2-3 күндө абалды оңдоо боюнча чара көрүлбөсө, 15- 20 күндөн кеч болот деп президентке айтканыңызды уктук. Балтика боюндагы серепчилердин изилдөөсү боюнча соңку 3- 4 айда Бакиевдин рейтинги Акаевдикинен да азайганын билдирдиңиз. Бирок К. Бакиевдин шайлоочулардын 77 пайызы президентти колдогон деген пикирине көз карашыңыз кандай?

- Мен 9-апрель күнү президент менен сүйлөшкөм, ал кишиде элдин 80 пайызы мени колдойт деген ой болгон. Тилекке каршы, бир жумада ал көрдү, элдин бир пайызы да аны колдобогонун түшүндү. Менин оюмча ал кишинин ою бүгүн башкача болсо керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG