Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Асема: “Капа болгондо баламды кучактайм”


Асема "Азаттыктын" студиясында
Асема "Азаттыктын" студиясында

Актриса, ырчы Асема “Азаттыктын” жана угармандардын суроолоруна жооп берип, жеке турмушу, чыгармачыл жолу, алдыдагы максаттары тууралуу кеп салып берди.

- Биз алгач сен тартылган “Уурунун махабаты” тасмасы туурасында суроо берели. Сен ал жерде балдар үйүндө өскөн, кылмыштуу чөйрөдө жүргөн кыздын образын жараттың. “Боз салкын” тасмасынан кийин сага бул ролду аткаруу оор болгон жокпу?

Асема: Негизи терс каармандардын ролун ойноо мага татаал. Бирок мен ошентип кыйналып аткаргандан ырахат алам. Мен чыныгы роль ойногондой болом. Мага эрке, жакшы кыздын образын жаратуу жеңил. Мен өзүм Эрнст агайга ушул ролду алайын деп суранган элем. Мага абдан жакты. Анда мен мотоцикл айдайм, атам, мушташам.

- Ал эми жашоодо сенин мүнөзүң кандай?
Бирок менин жолдошум мени түшүнөт. Мен эч нерсеге капа эмесмин.


Асема: Мага татаал образды жаратуу күч берет. “Чолпон жылдыз” мюзиклинде да Айдай деген терс каарманды жаратпадымбы. Мен үчүн бул чоң ийгилик болду. Албетте эми менин мүнөзүм ал кинодогудай эмес. Бирок мен керек учурда күчтүү да боло алам.

- Асема сен тасмадан тышкары ырчылык өнөргө аралаша баштадың. Сөздөрүн өзүң жазасыңбы?

Асема: Мен өзүм бир эле ырымдын сөзүн жазып бүттүм. Өзүм таң калдым. Ал эмес жолдошум да “мындай сөздөрдү жаза албайт элем” деп таң калды. Баягы эле сүйүү жөнүндө жазгам. Буйруса, жакында угасыздар. Ырларга обонду өзүм жаратам. Негизи ырларымды Жыпар Эсенбаева, Зулайка Мырзатаева, Алтынбек Алымов жазып берет.

1-угарман: Качантан бери обон жазып жүрөсүң?

Асема: Мен “Боз салкын” тасмасынан кийин, кафеде иштебей калгандан кийин обон жарата баштадым.

2-угарман: Асема, сен мага актриса катары жагасың. Сенин ойногон ролдоруң жагат. Бирок сени мен ырчы катары кабыл ала албайм. Азыр актрисалардын баары эле ырдай баштады же ушундай модага айланып жатабы?

Асема: Албетте бул угармандын ою. Бирок менин үнүм бар үчүн ырдап жатам. Үнүм жок болсо мен чыкпайт элем. Азыр сегиз ырым бар.

- Ырларыңдын тематикасы кандай?

Асема: Мага жашоонун маңызы, ата-эне, эл журт, бала темасындагы ырлар жагат. Сүйүү темасы деле жагат. Бирок мындай ырлар жетиштүү эле го.

3-угарман: Асема, биз сени актриса, ырчы катары да сыйлайбыз. Анан сен үй-бүлөлүү болгондон кийин сага чыгармачылыкты аркалаган оор эмеспи? Кантип жетишип жатасың?
Үнүм жок болсо мен чыкпайт элем. Азыр сегиз ырым бар.


Асема: Албетте кыйын. Аял киши бул үйдө эне, үйдүн куту эмеспи. Бирок менин жолдошум мени түшүнөт. Мен эч нерсеге капа эмесмин. Эгер кайын журтум каршы болсо жолдошум мага үйлөнбөйт эле да. Үйдө мага эч кандай тоскоолдук жок. Мен жолдошума рахмат айткым келет.

- Үй-бүлө жөнүндө сөз болуп калды. Асема сен да эне эмессиңби. Эне болуу сезими кандай экен?

Асема: Балалуу болуу кандай экенин эне гана билет. Бала деген көңүлдү көтөрө турган бир кичинекей жан дүйнө. Мен кээде капа боло калганда баламды кучактасам баары ошол замат унутулат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG