Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

А. Кожобаев: Жер сатуу ашынган бизнеске айланды


Демократиянын эпкини менен Бишкектин айланасынан берилген жерлерге тургузулган жаңы конуштарга быйыл 20 жыл толот. Убагында турак-жай куруу үчүн жер талап кылып чыккан жаштардын демилгечилеринин бири болгон “Ашар” козголушунун түптөөчүлөрүнүн бири - Адылбек Кожобаев.

-Адылбек мырза, саламатсызбы? Жаштарды бийликтен турак-жай курууга жер талап кылып чыгууга батирден-батирге көчүп жүрүүдөн тажоо гана алып бардыбы? Же кыргыздарды борбор калаага көбүрөөк жайгаштыруу маселеси да бар беле?

- Бул маселе негизинен союздук деңгээлдеги, айрыкча республикалык дегээлдеги жетекчилердин миграция өнүгүшүндө кетирген чоң кемчиликтеринин бири болгон деп ойлойм. Себеби ал кезде кыргыздарды, жаштарды борборго көчүрүү деген түшүнүктөр такыр эле жок болчу.

Тескерисинче, 60-7-жылдардагы демографиялык бум деп койсок болот, кыргыз үй-бүлөлөрүндө көп балдар төрөлүп чоңойгон. Ошолордун баары 80-жылдардын аягында өспүрүм мезгилден өтүп, асты 40ка чыгып, арты 20да болуп, борбор калаанын тегерегиндеги завод, фабрикаларда, өндүрүштөрдө иштеп, бирок бардыгынын бир көйгөйү - турак жай менен камсыз болбогону бар эле.

Ушунун баардыгы союздук, республикалык деңгээлде өкмөттүн жакшы көңүл бурбаганынын натыйжасынан болгон. 85-жылы башталган жалпы союздук деңгээлдеги кайра куруу ачык саясаттын эпкини менен 89-жылы Кыргызстанда болгон феномен - кыргыз жаштары шаардын четиндеги жерлерди басып алып, ошол жерге үй салуу максатында чыкканы белгилүү. Мен ошентип ойлойм.

-Ошол алгачкы сиздер баштаган жер басып алуулар бүгүнкү күнгө чейин уланып, учурда дыйкандардын менчиги болуп калган жерлерге чейин шаарга аймактардан сүрүлүп келген адамдардын басып алуу адатын пайда кылды, деген пикирлер бар. Сиз кандай деп жооп берер элеңиз?

- Бул 89-90-жылдардагы маселе негизинен ошол кездеги шаардагы үйсүз-жайсыз, шаарда көп жылдардан бери жашап келген кишилердин гана мамилеси болгон болсо, бүгүнкү күндө бул экинчи демографиялык миграциялык агымдын негизинде пайда болгон нерсе деп ойлойм.

Бирок бул нерсе акыркы мезгилдерде өтө ашынган бизнеске айланып кетти. Мунун атайын уюшкан кишилер, мен ойлойм, биздин башкаруучу системада жерди бөлүштүрүү, аларды жайгаштыруу боюнча райондук, шаардык деңгээлдеги кишилердин катышуусу менен уюшулган топтордун жүргүзүп аткан иши болуш керек.

Бирок муну өкмөт тескеп, тартиптүү цивилизациялык жолго салбаса бул нерсе дагы уланып, аягы жаман нерселер менен бүтүшү ыктымал.

-Жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга шаардык бийлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер сизди канааттандырабы?

- Бизди 90-100 % канаттандырат деп айтуудан алыспыз, бирок көрүлүп аткан аракеттер бар. Мына бүгүнкү күндө “Ак өргөөдө” троллейбус линиясы тартылып, жүрүп атат. Бир мектеп бар эле, жаны мектептин курулушу да болуп атат, суу менен толук бойдон камсыз болгон, электр жагын алганда дагы, электр зымдары баары бар.

Бирок биз каалагандай, ойлогондой болгон жок. Аябай көйгөй маселе - бул “Ак өргөнүн”, же башка конуштардын акыркы мезгилдердеги генералдык планы бузулуп, ар кандай социалдык объектилерге алынып койгон жерлердин баары кайрадан элге жер катары бөлүнүп кеткени мени аябай тынчсыздандырат.

Ушул нерсе биздин тургундар үчүн өтө кыйын. Жүргүзүлүп аткан аракеттер бар, бирок алар баардык жактан толук канаттандырат деп айтуудан алыспыз.

-Адылбек мырза, сизге чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG