Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Атайын кызмат менен “Ата-Журттун” чатагы: “өрдөк” кайдан учту


К.Ташиевдин үйүндө тирешүү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

Ташиевдин үйүнүн жанындагы кармаштан калган куралдар

К. Ташиевдин үйүнүн жанында болгон чекисттер менен күзөтчүлөр кармашкан окуя боюнча УКМК менен "Ата-Журт" партиясы бири-бирин күнөөлөп жатат.

Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча Чоң-Арык айылында “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин үйүнөн эки жүз метрдей алыстыктагы аймакта үч кызматкер маңзаттарын кармоо боюнча оперативдүү иш-чараларды өткөрүп жүрүшкөн. Бул учурда Камчыбек Ташиевдин күзөтчүлөрү келишип, автоунаада олтурган изкубарлардын бирин кармап, үйдүн короосуна алып кирип кетишкен.

Чекисттер каршылык көрсөтүшкөн эмеспи?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев кармалган кызматкерди бошотуу талабы менен келген оперативдүү топ менен Камчыбек Ташиевдин күзөтчүлөрү үйдүн алдында мушташып кетишкендигин белгиледи:

-Биздин балдар ал үйгө чабуул жасаган эмес. Андай ниет дагы болгон эмес. Эгерде биз ошол үйдөгү бирөөнү кармайлы десек же чабуул коелу десек, анда тактикасы такыр башкача болмок. Биздин балдар түз эле кармап алгандарды кое бергиле деп талап койбостон үйдүн артынан же туурасынан кирип барышмак. Ошондой жасаганга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Биздин барган он бала ошол кармап кирип кеткен жигитти кайра бошоткула деген талап менен барып, ал жерден мушташ чыгып кеткен. Ал кимдин үйү экендигин да билишкен эмес. Кийин Камчыбек Ташиев үйүнөн чыкканда балдар аны таанып, артка чыга беришкенде аларга жапырт кол салышып, арасынан үч офицерди ур-токмокко алышкан.

Бирок окуянын мындай баяндалышы менен “Ата-Журт” партиясы макул эмес. Алардын айтымында, 23-октябрь күнү кечки саат беш жарымдарда партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүнө кирүүгө аракеттенген чекисттердин аракети күзөтчүлөрдүн соккусуна кабылган.

Жеке күзөтчүлөр күчтүү чыгышканбы?

Кармашуунун жыйынтыгында үч тапанча жана бирөөсүнүн кызматтык күбөлүгү тартылып алынган. “Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын окуяны тизмектеп айткандары чындыкка коошпойт деп эсептейт:

- Биринчи жолу наркобарон менен К. Ташиевдин үйүн алмаштырып алып кирип кетишиптир деп айтты. Ал өтпөй калгандан кийин. Эл ага ишенбей койсо эми минтип офицерди кармап алып үйүнө киргизип кетишиптир деген экинчи жомогун ойлоп таап жатышат. Анын үйүнө куралчан эмнеге барышат. Үйгө маңзатын же курал таштап койолу, анан маалымат бар экен деп кирип келишип кармайлы деген ойлору бар экендиги көрүнүп эле калбадыбы. Булар, таңкалыштуусу, мурдагы эки бийликтин каталарын тартынбай эле кайталап жатышат.

Ич ара чыр иликтене баштады

Чоң-Арык айылындагы Камчыбек Ташиевдин үйүнүн айланасындагы окуя боюнча аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Мушташтын натыйжасында атайын кызматтын үч офицери оор жаракат алса, Камчыбек Ташиевдин күзөтчүлөрүнүн ичинен жабыркагандар болгон эмес. Аскер прокуратурасы бул окуянын алкагында “кызматтык укуктарынан ашыра пайдалануу” жана “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” деген эки берененин негизинде кылмыш иштерин козгоду.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев окуяга акыйкат укуктук жана саясий баа бериле тургандыгына ишенимин билдирди:

- Толук текшерилип бүтмөйүнчө окуяга укуктук же саясий баа берүүгө али эрте. Укуктук баа бериш үчүн прокуратура органдары териштирип жатышат. Ошол чогултулган материалдын негизинде эгерде атайын кызматтын офицерлери күнөөлүү болсо жооп беришет. Эгерде алардын автоуунада олтурган оперативдүү кызматкерлерге биринчи кол салгандыгы аныкталса, анда Камчыбек Ташиевдин күзөтчүлөрү жоопкерчилик тартышат. Саясий бааны болсо, эгерде окуяда саясат бар экендиги анык болсо мамлекет башчысы Роза Отунбаева берет.

“Ата-Журт” партиясынын эки күндөн бери митингке чогулушкан жактоочулары аталган окуяны Камчыбек Ташиевдин коопсуздугуна коркунуч келтирген саясий буюртма катары мүнөздөштү. Андыктан алар буга байланыштуу атайын кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди үч күндүн ичинде токтоосуз жумуштан кетирүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG