Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Чүйлүктөр БЭКтин талаптарын колдоп митингге чыгышат


БЭКтин талаптарын колдогон митингдер 27-мартта Бишкек шаары менен катар Чүй облусунда ар бир райондо өтөт. Нааразылык акциясын уюштуруу боюнча атайын облустук штаб түзүлүп, иш алып барып жатат. Бул жөнүндө “Ата Мекен” партиясынын Чүй областтык уюмунун төрагасы Туратбек Мадылбеков “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди.

-Туратбек мырза, “Ата Мекен” партиясынын Ош, Жалал-Абат, Талас облусундагы мүчөлөлөрүн жергиликтүү бийлик куугунтуктап жатат деген маалыматтар бар. Чүй облусундагы мүчөлөрүнө дагы саясий куугунтуктар, коркутуп-үркүтүүлөр болгон жокбу?

- Коркутуп-үркүтүүлөр бизде болуп жатат. Негизинен коркутуулар аким, айыл өкмөттөрү тараптан, улуттук коопсуздук кызматы, милиция, прокуратура тарабынан болууда. Айрымдарынын чакан бизнеси бар, алар өз пикирлерин ачык айтып койсо бизнесин же чарбалык иштерин текшерип, камап коебуз дешүүдө. Керек болсо “Ата Мекен” партиясынан чыккыла, чыкпасаңар эртең силерге жаман болуп калат дешип коркутушууда.

- Чүй облусунда “Ата Мекен” партиясынын канча мүчөсү бар?


-Чүй облустук “Ата Мекен” социалисттик партиясынын уюштулгандыгына эки жылдын жүзү болуп калды. Мурда Бишкек шаары менен биз чогуу элек. Бүгүнкү күндө Чүй облусунда “Ата Мекендин” 600 мүчөсү бар.

-Айрым бир маалыматтарга караганда “Ата Мекенчилерди” кылмыш тобунун мүчөлөрү коркутуп, митингге чыкпагыла деген талаптарын коюп жатышканы айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Чынын айтсам, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнөн кылмыш топтору коркутту деген маалымат ала элекмин. Бирок айрым айылдарга барып коркутушуптур деген сөздөр бар. Мисалы, беш ай мурда дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевдин айылына барышып, нааразылык акциясына чыкпагыла, чыксаңар соо болбойсуңар деген коркутуулар болгону тууралуу айтылып жатат. Бирок мунун канчасы чын, канчасы жалган экенин так айтуу кыйын.

-Жакында өтүүчү саясий нааразылык акциясында оппозицияны эл колдобойт деп “Ак жол” партиясынын айрым мүчөлөрү айтышууда. Чүй облусунда деле оппозицияга элден колдоо болбойт деген пикирлер бар. Буга сиздин жообуңуз кандай?

-Эгерде “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүбү, депуттарыбы ушинтип айта турган болсо, аны 27-мартта саат 11де көрөбүз. Бүт Чүй облусунун ар бир райондорунда, Бишкек шаарында митинг болот. Бул боюнча иштер жүрүп жатат.

- 27-марттагы митингге “Ата Мекенден” башка 11 саясий партия дагы катышканы жатпайбы, ал эми атамекенчилерге кандай тапшырмалар берилип, кандай милдеттер тагылды?

-БЭКке кошулган кыймылга мүчө партиялар ар бир районду бөлүштүрүп алышкан. “Ата Мекен” партиясына Чүй районунда жана Бишкекте уюштуруу иштери тапшырылган. Бирок негизинен бул иш чараны өткөрүү боюнча чогуу чаран эле бирдикте иштейбиз.

- Бул иш чарага байланыштуу Чүй облусу боюнча штаб каякта түзүлдү?


-Азыр Чүй облусу боюнча штабды ар-бир партиянын өздөрүнүн кеңселеринде түзүп жатабыз. Анан дагы бир жерде штабды түзөлүк деп жатабыз. Бирок ал штабды дагы которуп турабыз. Эгерде бир жерге штабды түзүп койсок куугунтукка алып, ар кандай кысымдарды көрсөтүшү мүмкүн. Ошол себептен биз штабдын ордун улам-улам которуп турабыз. Баягы “полу партизанский” дегендей. Азыр турмуш шарт ушундай болуп калды.

- Ал эми алдыдагы саясий акциянын коопсуздук маселесине кандай көңүл буруп жатасыздар?

- Эми коопсуздук маселеси боюнча мен мурда укук коргоо органдарында иштегендиктен бул ишти мага жүктөгөн. Бирок өзүңүздөр билесиздер мурдагы ноябрь-апрель митингдеринде дагы Ички иштер министрлигинин ардагерлери чогулуп коопсуздук чарасын сактап, көзөмөлдөп жүргөнбүз. Азыр дагы ошондой өңүттө уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Мурда митингдер жалаң эле Бишкек шаарында болгондуктан бул жакка бардык аймактардан элдер келишкен. Бирок азыркы кезде митинг райондордо региондордо өткөрүлө тургандыктан тартип коргоо кызматында мурда иштеген биздин ардагерлер жер-жерлерде коопсуздук менен камсыз кылуу, ар кандай чагымдарга алдырбоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG