Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

“Талант тагдыры” түрмөгүнүн жаңы саны залкар обончу, ырчы, эл артисти Атай Огонбаевдин арабыздан о дүйнөгө кеткенинин 60 жылдыгына, жаркын элесине арналат.

Айтылуу Атай Огомбаев элдик обондордун кайталангыс берметтери менен сугарылган ырлардын гана зергери эмес, комузда колун миң түрлөнтө кубулта ойнотуп чертип жаткан күүлөрүнүн араларына кара сөз, ыр коштолуп чертилген айтым күүлөрдүн да алптарынан болгон. “Ал күү менин турмушум, менин жашоом, күч кубатым. Ошон үчүн күү жанга жагымдуу ырлар, жатсам турсам да жүрөгүмдө ойноло, ырдала берет” деп чыгармачылыгында ырчылык менен комузчулукту бирдей өөрчүткөн жана өнүктүргөн.

Атай элдик, айылдык шайырлардын, өзгөчө Токтогулдун күүлөрүн чертиши, өз алдынча күү чыгарууга дем берет. Залкар шайыр өткөн доордогу кыргыздардын душмандар менен салгылашканда ураан чакырып, жаа тарткан жоокерчиликти “Саадак какты” аттуу тарыхый күүсүндө баяндаган. Автордун бул күүсүн укканда жаасынын огу түгөнүп, жанталаша саадакты кагып, чый-пыйы чыккан жоокердин жандуу элеси көз алдыңа тартылат.

Атай 1936-жылы кесиптештери Муратаалы, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз, Калыктар менен эл артисти, композитор, дирижер Петр Шубин уюштурган азыркы К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде комузда ойнойт. Шубин Атайдын туубаса музыкалуулугуна таңдана: “Атай нотаны билбейт, оркестрде музыканы угуу менен ойнойт. Атай менен көнүгү (машыгуу) өткөрүү, иштөө өтө жеңил. Мен Атайга өмүрүндө тааныш эмес жаңы күүнү, же ырдын обонун роялда ойноп берсем, ал ошол замат, аны (музыканы) комузда кадимкидей аткара берүүчү”, - деп жазган Шубин.

Атай Огомбаевди узатуу зыяраты, 20-декабрь, 1949-жыл
Атай байыркы комузчулардын, элдик “Ботой”, “Кербез”, “Камбаркан”, “Кара-Өзгөй” аттуу салт күүлөрүнүн өзөгүндө өзүнүн “Маш ботой”, “Марш Камбаркан”, “Кыз кербез”, “Кара өзгөй” аттуу өзү жашаган доордун ырын ырдаган өзгөчө чеберчиликте чертүүлүгү татаал кайрыктарга бай күүлөрдү чыгарат. Ар тараптуу Атайдын жаркын шыгы, айрыкча комузчулук чеберчилиги 1938-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө айдан ачык көрүнөт. Атай москвалыктардын “ооздорун кандайча ачтыргандыгы” тууралуу декада күндөрүндөгү концерттерди алып барган эл артисти Ашыраалы Боталиев:

- Бир нече номерден кийин кезек Атай Огонбаевге келди. Мен сахнага чыгып кезектеги номерди кулактандырып, бир отургуч, бир табуретка койдум. Атай сахнага чыгып келип, отургучка отурду да комузун толгоп, “Ак тамак, көк тамак” деген күүсүн колун эбелектетип черте баштады. Бир маалда табуреткада турган бычакты ала коюп, чертип кирди дейсиң, электрдин жарыгына бычак чагылышып, ого бетер кереметтүү болуп көрүндү. Ложада отурган Сталин кылчая калган эле. Климент Ворошилов аны акырын ийинге түртүп, сөөмөйү менен Атайды көрсөттү. Сталин көрө салып кол чаап жиберди. Зал дүркүрөтүп коштоп кетти. Сталин Атайдын колун кармап көрүп “сөөк жок экен десем, бар тура” деп таңданды, - деп жазган Боталиев “Ленинчил жаш” гезитинин 10-январь 1974-жылкы номерине.

Атайдын көп кырдуу жаркын шыгы декаданын жыйынтыгында өкмөт тарабынан жогору бааланып, “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланат. Иосиф Виссарионович Сталин өз атынан Атайга белекке үч коробка күмүш кашык, 50 миң сом берет да, өмүр бою ала турган Сталин атындагы стипендия дайындайт. Кыргыз өкмөтү Атайдын улуттук элдик музыкасын өнүктүрүүдөгү эң көрүнүктүү эмгеги жана бир катар музыкалык чыгармаларды жараткандыгы үчүн Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наамды ыйгарат.

Атай 1938-жылдын октябрь айында Москвада өткөн элдик аспаптарды ойногондордун Бүткүл Союздук биринчи кароосунда катышып, лауреатынан да болот.

1942-жыл. Июнь айы. Бишкекте Орто Азия жана Казакстандын биринчи музыкалык он күндүгү өтөт. Ошол кездеги кандуу согуштун күчөп турганына карабастан он күндүк зор салтанат менен өтөт. Боордош өзбек, казак, тажик, түркмөн, кыргыз шайырларынын ар түркүн чыгармалары аткарылат. Атай уюштурган, жетектеген комузчулар ансамбли да он күндүктүн катышуучуларына жагат. Бул жөнүндө Тажикстандын эл артисттери А. Муллокандов, Ф. Салиев, Ш. Бобоканов, А. Камалов, дирижер А. Брочинский “Советская Киргизия” газетасына (1942-жыл, 19-июнь) “Кыргыз музыкасынын концерттеринин ичинен бизге өзгөчө Атай Огонбаев жетекчилик кылган комузчулар ансамбли жакты, алар эң бир таасирдүү келип, көңүлдөн чыккыс элестерди калтырды. Атайдын жана анын шакирттеринин комузда колдорун түркүн кубулта кооз ойношу, анын байыртан берки стиль экенин далилдейт” дешип чын жүрөктөн суктана жана сыймыктана жазышкан.

Саламаттыгынын начардыгына байланыштуу өз үйү, өлөң төшөгү болгон филармонияны таштоого аргасыз болот. Ал туулуп өскөн айылы Көк-Кашатка көчүп барат. Алгач ал туулган туушкандары, айылдаштары эки бөлмөлүү таш үйдү салып беришкенче боз үйдө жашайт.

Атай ооруп жүрсө да колунан комузун, оозунан ырын түшүрбөй обондорду, күүлөрдү чыгарат. Ал адамдык асыл сапаты, өмүрдү камтыган “Шекер”, “Черт комузду”, “Кыял күү”, “Тоо булбулу” аттуу жаңы ойжогу, жаңы кайрыктардагы күүлөрдү чыгарат. Бул күүлөр Атайдын шакирттери Шекербек Шерекуловдун, Асылбек Эшмамбетовдун, Мейилкан Козубекованын чертүүсүндө кыргыз элине тартууланат.

Баса Кыргыз радиосунун алтын казнасына Атайдын өзүнүн аткаруусунда төрт гана ыры тасмага жазылган. Ал эми күүлөрү болсо шакирттеринин чертүүсүндө гана угармандарга келип жетти.

Атай Огомбаевдин көз жарып, көргөн, ооз ачып өпкөн тун кызы Саадат
Атайдын жеке тагдырына кайрылсак, ал үч аял алыптыр. Биринчи зайыбы Жумагүлдөн Саадат, Саадкан, Шайымкандан Саясат аттуу кыздуу, Орунбүбүдөн Гуржеңиш аттуу уулду болот. Бирок уулу 2-3 жашка чыкпай чарчап калат. Атайдын көз жарып, көргөн, ооз ачып өпкөн тун кызы Саадат:

- Атам 1949-жылдын 20-декабрында көз жумду. Мен 19 жашта элем. Атам эшиктен үйгө кирген кишини көргөндө кабагы жарк дей түшчү. Ооруп жатып да күлдүрүп, куудулданып, калемпир-мурчту кошкон тамашаларын айтчу. Көз алдыма ал комузун ийнине, башына, далысына, тизесине коюп ар кыл көрүнүштө черткени, көргөндү “уу” түшүргөн кайталангыс өнөрү менен сакталып калды, - деп эскерген 2001-жылы чыккан «Атай» аттуу китебине жазган макаласында.

Атай өлсө да өнөрү, ырлары, күүлөрү өлбөй, өчпөй өзү негиздеген комузчулар ансамблинде, «Камбаркан» фольклордук тобунда, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде аткарылып, угуучулардын жан дүйнөлөрүн асылдантып келүүдө.

Маркум Атайдын арабыздан кеткенине 20-декабрда 60 жыл толот. Тилекке каршы Кыргыз Улуттук филармониясынын жетекчилери Атайды эскермек түгүл эстеринен чыгарып келүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG