Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Алексей Навальныйга айып пул салынды


Алексей Навальный сот залында
Алексей Навальный сот залында

Москванын соту оппозициячыл активист Алексей Навальныйга 26-мартта митингдерди өткөргөнү үчүн 20 миң рублдук айып пул салды.

Сот "полицияга баш ийбөө" беренеси боюнча экинчи өкүмүн угузганы жатат. Навальный бул айып боюнча 15 күнгө абакка кесилиши мүмкүн.

Ал жекшемби күнү Москвадагы коррупцияга каршы жүрүш маалында жүздөгөн адамдар менен кошо кармалган. Бийлик бул акцияга уруксат берилбегенин, уюштуруучулар мыйзамды бузганын жүйө келтирүүдө.

Аткаминерлердин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный митингдер мыйзамдуу болгонун айтып жатат. 26-мартта Орусиянын жүзгө чукул шаарында өткөн нааразылык акцияларына он миңдеген адамдар катышты.

XS
SM
MD
LG